Пример HTML-страницы

КАНДАЙ АЯЛ АЛЛАХТЫН РАХМАТЫНА ТАТЫКТУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=55375&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КАНДАЙ АЯЛ АЛЛАХТЫН РАХМАТЫНА ТАТЫКТУУ *

Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: *,,Кайсы аял түндөсү ойгонуп , намаз окуса жана күйөөсүн ойготсо, ал да намаз окуса, эгер ал турбаса, анын бетине суу чачса, ушундай аялга Аллахтын рахматы жаайт».*

* Пайда:* Ушундай жакшы түндөрдү ибадат кылган аял өзү да тахажжуд намазын, Куран окуйт жана күйөөсүн да ибаадатка үндөйт . Түндөсү өзү биринчи турат жана намазын окуйт. Андан кийин күйөөсү турбаса , аны тургузат, ал да намаз окуйт. Түндүн акыркы убактысы Аллахка жакындап, байланыш түзүүчү убакыт болот. Аллахтын алдында туруп, ибадат кылып, дуба кылып туруу керек. Күйөөсү кайсы бир себептен тура албай калса, тургузуп эле койбостон, жалкоолугун алыстатуу үчүн анын бетине суу чачат. Ушундай аял күйөөсүнүн динине жардамчы. Динге жана ибадатка алып келет. Мындай аял бул заманда өтө аз. Аялдар түнкү ибадатын кылмак тургай, багымдат намазын окуу да кыйын болуп калды.

Көңүл койгула! Кыямат күнү Бейиш жана Тозоктун мамилеси өзгөчө. Күйөөсү жакшы такыба болсо жана аял фаасык күнөөкөр болсо, күйөөсү бейишке, аялы тозокко барат. Ошондой эле аял жакшы болуп такыба болсо жана күйөөсү фаасык күнөөкөр болсо, бул тозокко барат. Аялы Бейишке барат. Куранда айтылган:

*Ар бир инсан өзүнүн амалынын акысын алат.*

Бүгүн эртеңки күн кандай болоорун ойлойлу!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE