Пример HTML-страницы

Келгиле Рамазанда жоомарт бололу 

https://kyrgyzcha.site/?p=55565&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Келгиле Рамазанда жоомарт бололу

 

Кайрымдуулардын Кайрымдуусу, Эң Боорукер, Мээримдүү Улук Алла ар дайым өзүнүн пенделерин бири-бирине боорукер-кайрымдуу болууга үндөйт. Рамазан айы момундардын бири-бири менен марттыктын, боорукер — кайрымдуулуктун жараша турган маалы катарында келет.

Хадисте: «Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам эң жоомарт, берешен киши болгон. Айрыкча Рамазан айында өтө берешен болгон. Жана хадистин аягында: «…Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам жакшылыкка кудум талаадагы ойнок (эркин) желдей март болгон». Ал өзүнүн коомун орозо туткандарга камкордук кылууга үндөгөн. Хадисте: «Ким орозо кармаган киши үчүн кам көрсө, өзүнө эч бир залал келтирбестен орозо кармагандын сообун алат»,- деген экен. Ошон үчүн мусулман өлкөлөрдө Орозо айы бүткөнчө мечиттерде, аянттарда ооз ачканга дасторкондор жайылат.

Исламда Рамазан айы бүтөөрдүн алдында Орозонун зекетинин убактысы жазылат. Мусулмандар ал зекетти бей-бечераларга, кедей-кембагалдарга, майрам күнү токчулук жетишкендикте болушу үчүн айт намазына чейин бериши зарыл … Ошондо алар элдерден бир нерсе сураганга муктаж болушпайт. Андай болсо биз мусулмандар, эмне үчүн ачка жүргөн бей-бечараларды тойгузганга, жетимдер менен алсыздардын көз жашын сүрткөнгө, байкуштарга боорубуз ооруп, өңдөрүнө жылмаюу берген, марттыктын айы (Жоомарт ай) берген мүмкүнчүлүктөргө шашылбайбыз?

 

Келгиле, ыйык айда кадыр түн тосолу

 

Келгиле,туугандар Рамазандын түндөрүн Улук Аллага кайрылып, намазда өткөрөлү (таравих). Анткени пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам: «Ким Рамазандын түнүн уктабай, ишенимде жана үмүттө өткөрсө, анын мурдагы күнөөлөрү жуулат»,-деп айткан. Биз бул түндөрдүн, айрыкча кадыр түндүн берекесин коё бербегенге тырышалы. Чындыгында Рамазан айынын түндөрү жылдын башка айларынын түндөрүнө караганда эң сонун, укмуштуу түндөрдөн болуп саналат. Ушул айда Алла Таала бир түндү белгилеген, ал түн даражасы боюнча миң айдан артык, бул ыйык түн «Кадыр Түн»,- деп аталат.Ошол түнү Курандын алгачкы аяттары түшө баштаган. Алла Таала Куранда: «Акыйкатта биз аны (Куранды) кадыр түндө түшүрдүк. Ал Кадыр Түн эмне экендигин кайдан билээр элең. Кадыр Түн миң айдан жакшыраак. Периштелер жана Рух Роббилеринин уруксаты менен баардык буйрук өкүмдөрүн аткарганга түшүшөт. Ал тээ таң атканча тынчтык-амандык». Кадыр сүрөөсү. Пайгамбарыбыз өзүнүн үммөттөрүн Кадыр түндү намаз окуп, Алланы зикр кылып, Аллага мактоолорду айтып, ага дуа кылып, Куран окуп, тооба кылып, истигфар айтканга чакырган, анткени Кадыр Түндү намаз окуп өткөрүш – бул Кудайдын пендесинин өмүр бою кылган күнөөлөрүнүн жуулушуна себеп болот. Хадисте пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам: «Ким Рамазандын түнүн уктабай, ишенимде жана үмүттө өткөрсө , анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет»,-деп айткан. Кадыр түн Рамазан айынын акыркы он күндөрүнүн биринде. Хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллоллоху Алейхи Вассаллам: «Кадыр Түн Рамазан айынын акыркы он күндүктүн 21чи же 23чү же 25чи же 27чи же 29чу же Рамазандын акыркы түнүндө»,- деп айткан. Келгиле даярданып ушул түндү уктабай намаз окуп, Алланы улуктап, Ага дуа кылып, Андан күнөөлөрүбүздүн кечиришин сурап, Кадыр Түндүн кадырына, соопторуна жетели, эмне дегенде Кадыр Түн даражасы боюнча миң айдан да артык. Бул деген 83 жыл, а балким адамдын бүт өмүрү

Айша энебиз пайгамбарыбыз Муххаммад Саллаллоху Алайхи Васалламдан: «Ушул түндө кандай дува кылайын?»,- дегенде: «Эй Алла, Сен Кечирүүчүсүң! Сен кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечиргин!»,- деген дубаны сунуш кылат: «Аллохумма иннака ъафуввун тухиббул ъафва фаъфу ъаннии». Келгиле Кадыр түндү таң атканча намаз окуп өткөрөлү. Ушул түнү периштелер Жабраил Алайхис-салам баш болуп, ар бир турган, олтурган, намаз окуган ж.б. колдорун кысып, алардын дуаларын кабыл кылышын тилейт.

 

Рамазандын эки кубанычы

 

Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам мындай деди: «Орозо туткан кишини эки нерсе кубандырат. Бири качан ал ооз ачканда; экинчиси Аллага жолукканда». Биринчиси качан азанчы шам намазына чакырганда; Орозо туткан киши күндүзү эмнелер тыюу салынса баары алынат, табияттан адамдын напсиси тамакка, суусундукка, кумарланууга кош көңүл эмес. Кандай кубанычтуулук! Качан орозо туткан киши күн бою (күндүзү) Рамазан айында Алла үчүн тамак жеш же суусундук ичүү, кумардын азгырыктарына Алланын жардамы менен туруштук бергенин сезгенде! Андан кийин бир Алланын амири менен тыюу салынган нерселерге уруксат берилет.

Ал эми экинчи кубандыра турган нерсе – бул эң чоң бактылуулук. Бул кубаныч – Орозо туткан кишинин кубанычы, качан ал Алланын алдына барганда, Кыямат Күнүндө ал сөз менен айтып түшүндүрө албай турган белек, байлыктардын күтүп турганын көргөндө. Хадисте: «Кудурети Күчтүү Улук Алла Таала мындай деди: «Пенде эмне иш кылбасын эмне кылгандын баары – өзү үчүн, бир гана орозодон башкасы. Орозо – Мен үчүн , ал үчүн Мен Өзүм гана сый берем». Жана Ал айтты: «Ооба, ал Мен үчүн напсисин тыйып, ичип-жеш, кумарын Мен үчүн калтырды». Карачы Алла Таала орозону Өзүнө алып жатат. Жана ал үчүн Өзүнөн башка эч ким билбеген, бере турган убадасы чоң.

Кыямат Күнү Орозо туткан адамдарды Бейиштин атайын бир гана Орозо крамагандар үчүн ачыла турган эшигинен чакырышат. Хадисте: «Бейиште бир дарбаза бар, анын аты «ар-раййан». Бул эшик аркылуу орозо туткандар гана киришет. Ал кирип бүтөөр замат ал эшик жабылат да башка эч ким ал эшик аркылуу кире албайт». Келгиле туугандар өзүбүздү Рамазандын күндөрүндө ичип, жештен тыялы да эки чоң кубанычка ээ болуп, ар-раййандын эшигинен Бейишке кирели.

 

Орозонун мыйзам тартиптери

 

Орозонун аныктамасы, анын милдеттендирилген убактысы.

Орозонун аныктамасы.

Орозо- бул тилде «кармануу же өзүн тыюу»,- дегенди билдирет. Шариятта болсо – тамактан, суусундук ичүүдөн, аялы менен кошулуу жана башка орозону буза турган нерселерден таң аткандан күн батканча ибадат кылыш үчүн өзүн токтотуу (кармануу).

 

Орозонун милдеттендирилген убактысы

 

Кудурети Күчтүү Алла мурункуларга милдеттендиргендей Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васалламдын үммөттөрүнө да орозо кармашты милдеттендирди. Куранда: «Эй момундар! Таква адамдардан болушуңуздар үчүн силерден илгери өткөндөргө парз кылынгандай, силерге да саналуу күн орозо тутуш парз кылынды» Бакара -185 аят. Бул аят хижранын экинчи жылында шаъбан айында түшүрүлгөн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE