Пример HTML-страницы

ӨЗҮБҮЗДҮ БИР ТЕКШЕРИП КӨРӨЛҮ НАМАЗГА БОЛГОН ЫКЛАСЫБЫЗДЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=55366&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*ӨЗҮБҮЗДҮ БИР ТЕКШЕРИП КӨРӨЛҮ НАМАЗГА БОЛГОН ЫКЛАСЫБЫЗДЫ…*

_{Такыбалык боюнча тест}_

Кайсы бир убакта казынасын қайда көмгөнүн унутуп калган бир киши, акыры Имам Аъзамдан кеңеш сурап барат экен. Имам Аъзам Абу Ханифа: «Бул – фикх маселеси эмес. Бирок, ошентсе да, сага бир жолун айтайын. Таңга чейин намаз оку, ошондо эсиңе түшөт», – деп кеңеш берет. Жанагы адам түндө намаз окууга киришет. Көп өтпөй эле казынасын қайда көмгөнү эсине түшөт. Тез эде убакытта ошол жерге барып, акчаларын таап алат. Таң эртең менен имамга келип, алкыш билдирген соң: «Түндө намаз окусам, акчаларымды таап аларымды кайдан билдиңиз?» – деп сурайт. Абу Ханифа ошондо: «Шайтан сени түнү бою намаз окууңа жол бербешин билгенмин. Аллага шүгүрчүлүк айтып, түндү толугу менен кулчулук менен өткөргөнүңдө жакшы болмок», – деп жооп берген экен [Ахмад бин Хажар hайтами].

Байкаганыбыздай, шайтан биздин чын ыклас менен намаз окушубузга болгон күч аракетин салат. А мунун белгилери кандай?

Эми, такыбалык тестин жүргүзүп көрөлү:

1. Намаз окуп болгон соң, кулчулук кылгандан кийин эмне кылуу керектиги тууралуу ойлор келеби?

2. Намаз окуп турганда, турмуш- тиричилик иштери тынчыңызды алып, аны кандай кылуу керектиги тууралуу ойлор келеби?

3. Курани Карим аяттарын окуганда тил күбүрөгөнү менен, жүрөккө жетпей жатабы?

4. «Аллаһу Акбар», «самиъа Аллаһу лиман хамидаһ» деп такбир менен тахмид айтканда маанисин жакшы деле түшүнбөй айтуу адатка айланып баратабы?

5. Намаз окуп жатканда ашыкча кыймыл- аракеттерди жасайсызбы?

6. Кулчулук кезинде көз кыйыгы менен окуп турган жериңизди жана адамдарды көрүп турасызбы ?

7. Намаз окуп жатып эсней (оозду ачып, эстөө) бересизби?

8. Намаз окуп жатканыңызда жаныңыздагы сүйлөгөн адамдардын сөзүн анык угуп, эмне тууралуу экенин ажырата аласызбы?

9. «Ыйлап окуюн «-деген аракетиңизди жыйынтыгы жокпу?

10. Имам намазды узак окуса, ачууланасызбы?

11. Намаздын ар раккаттарын окуп жатканда, көп адашасызбы?

12. Намаз окуп болгон соң, кайсы сүрөөлөрдү окуганыңызды эсиңизге түшүрө албаган учурлар кездешеби ?

📌13. Ар намазда бир -экм сүрөөнү кайталоо адатыңызбы?

📌14. Куптан намазын окуп болгонуңузда, өзүңүздү желкеңизден оор жүк түшкөндөй сезесизби?

🤔Эгер «такыбалык боюнча тесттин» суроолоруна көбүнчө «Ооба» деп жооп берген болсоңуз жагдай оор. Бул – намазда ыклас жоктугунн көрсөтүүчү белгилер. Ишиңиздин жүрүшпөгөнүн ойлогондон мурда, намазыңызды түздөңүз. Анткени чын ыкластан окулган Намаз түзөлсө, башка амал -иштерибиз ирээти менен оңолот жана даражасы сообу көтөрүлөт !

🙌🏻 Жашообузда кандай эле маселебиз,иштерибиз ийгилиги болуусу үчүн аны сүйүп,каалап,чын ыкластан аракет кылып,эмгек кылганда гана анын жемиши таттуу,жеңиши сөзсүз болот. Ал бул ырыскыларды бизге тартуулочу, бурүүчү Аллахка Ар бир ишибиз,амалыбыз жетүүсүн,анын ыраазычылыгын кааласак,ниетибизди түздөп,ыкласыбызды оңдоп,ыйманыбызга,намазыбызга бекем бололу

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE