Пример HTML-страницы

Москва районунда жол боюндагы көрнөк-жарнактар алынып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районунда жол боюндагы көрнөк-жарнактар иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюнда жайгашкан Александровка, Садовой, Беловодск жана Петровка айылдарында соода-сатык кылгандар ар түрдүү көрнөк-жарнактарды жана башка конструкцияларды коюп алышкан. Бул аймактын көркөм-эстетикалык талабына, инфра түзүмүнө жооп бербейт жана жол кооптуулугуна шарт түзөт. Ошондуктан, райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр жергиликтүү жетекчилер менен биргеликте жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамсыз коюлган жарнактарды демонтаждап жатышат. Эгер жеке ишкер эскертүүлөргө баш ийбесе, мыйзам чегинде айып пул салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE