Пример HTML-страницы

ТАМАК КЕЛГЕН УЧУРДАГЫ ДУБА

https://kyrgyzcha.site/?p=55038&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

 

*БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИМ РОХИИМ*

 

*ТАМАК КЕЛГЕН УЧУРДАГЫ ДУБА*

 

الحمد لله الذي أطعمني هذا الطعام ورزقنيه من غير حول مني ولا قوة

 

_Алхамду лилахил лазии розакониихи мин гойри хоулим миннии ва лаа кувватин_ (Муснад Шамиййин)

 

*Бардык мактоолор Аллах үчүн болсун!Ал мага муну (тамакты)менин күч-кубатымсыз берди*

 

*ТАМАК ЖЭЭРДИН АЛДЫНДАГЫ ДУБА*

 

بسم الله وعلى بركة الله.

 

_»Бисмиллахи ва ьалаа баракатиллаах_ «-деп тамакты жей баштайт.

 

*Мен Аллахтын аты жана Аллахтын ушул тамакка берген берекеси менен тамак жегенди баштаймын*

 

*ЭГЕР БАШЫНДА УНУТУП КАЛСА,АНДА ОРТОСУНДА БУЛ ДУБА ОКУЛАТ*

 

بسم الله أوله و آخره.

 

_Бисмиллахи аввалаху ва аахироху_

 

*Башында жана акырында Аллахтын ысмы менен тамактанамын*

 

*ТАМАКТАНУУНУН СҮННӨТТӨРҮ*

 

1)Дасторкон салуу;(Бухари)

2)Эки колду билекке чейин жууп,аарчыбоо;(Тирмизи)

3)Тамактануунун дубасын окуу;(Бухари)

4)Сүннөт жолунда бир тизелеп,же эки тизелеп отуруу;(Заадул маьад)

5)Оң кол менен тамак жеш;(Бухари)

6)Өз алдынан жеш;(Бухари)

7)Үч манжа менен жеш;(Муслим)

8)Эгер колдон тамак түшүп кетсе,аны алып жеш;(Тирмизи)

9)Идишти тазалоо жана манжалардын жалоо;(Бухари)

10)Сүйөнүп отуруп жегенден сактануу;(Тирмизи)

11)Тамактын кемчилигин айтпоо;(Бухари)

12)Өтө ысык жегенден сактануу;(Муслим)

13)Тамактан кийинки дубаны окуу;(Тирмизи)

14)Тамактан кийин колду жууп,оозду чайкоо;(Бухари)

 

*ТАМАКТАНГАНДАН КИЙИНКИ ДУБА*

 

الحمد لله الذي اطعمنا و سقانا و جعلني من المسلمين.

 

_Алхамду лиллахил лазии атьаманаа ва сакоонаа ва жаьаланаа муслимиин_

 

*Бардык мактоолор Аллахка болсун.Ал бизди жедирди,ичирди жана мусулман кылып жаратты*

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE