Пример HTML-страницы

«БЕШ НЕРСЕДЕН АЛДЫН БЕШ НЕРСЕНИ ГАНИМАТ БИЛУУ»

https://kyrgyzcha.site/?p=36897&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«БЕШ НЕРСЕДЕН АЛДЫН БЕШ НЕРСЕНИ ГАНИМАТ БИЛУУ»

عن ابن عباس أن رسول الله — صلى الله عليه وسلم — قال لرجل وهو يعظه اغتنم خمسا قبل خمس شبابك قبل هرمك وصحتك قبل سقمك وغناك قبل فقرك وفراغك قبل شغلك وحياتك قبل موتك ، صحيح الترغيب.

Улуу Алланын пайгамбары Мухаммед (сав) озунун улуу создорундо бул дуйнодогу негизги маани бере турган нерселерге кайрылып томондогудой деп айтат: (Беш нерседен алдын беш нерсени ганимат билгин, карышындан алдын жаштыгыны, ооруп калышындан алдын ден –соолугунду,кедей болуп калшындан алдын , байлыгынды,алек болуп калышындан алдын, бош убактынды, олумундон алдын жашоонду) дейт. Чындыгында бул улуу соз маани берип ой пикир жугуртуп, маанисине терен токтолгон киши учун аябай чон эскертме бар ,бирок канчалаган адамдар бир созго терен маани бербестен,коздун кырын салып отуп кете беришет , улуу сахаба Али(ра) озунун созундо (Ой жугуртуп окулбаган нерседе еч качан жакшылык болбойт ) деп айтат , ошондуктан бир нерсени окуусак ошол нерсенин маанисин терен талдашыбыз зарыл.Анда эмесе жогорку хадисти кыскача талдай кете турган болсок, улуу пайгамбар биз маани берип ардактоочу ,бепестоочу, ганимат билуучу, бекем сактоочу беш нерсени эскертип кетти, ошол беш нерсеге жашообузда шалакылык кылбастан , талап кылынган турдо майын чыгара аткара билишибиз керек, ,биринчиси:1)- «Карып алсыз болуп калуудан алдын , чарчоону билбеген ;жаштыкты ганимат билуу» Албетте жаштык адам баласынын омурундогу эч кооз ен корком убак болуп эсептелет , жаштыкта куч десен куч бар , эмгек десен эмгек бар, мал десен мал бар , ойун –кулку десен ойун кулку бар , айтор жаштыкта баардык ишти кылууга кучун жетет, жаштыкта адам баласы чарчоо , оору, кыйналуу, азап чегуу, машакат деген нерсени билбейт, мына ошондуктан жаштык адам баласынын омурундогу куч кудуреттин эн жогорку денгээлине жеткен убагы болуп эсептелет.Кыргыз элинде жаштык тууралуу «Жаштыкта берсин мээнетти ,карыганда берсин доолотту» деп айтып койушат.Чындыгында жаштыкта биринчи жолу келечектин фундаменти койулат, жана жаштыкта койулуп жаткан фундамент менен ошол койуучунун келечеги аныкталат , себеби бизде эреже айтып тургандай «Эртенки кундун пай-дубалы бугун койулат» . Улуу Алланын пайгамбары ( Ким жаштыгын (жамандыктардан ) сактаса бейишке кирет) деп айтты.

اللَّهُ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ ضَعْفٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنْ بَعْدِ ضَعْفٍ قُوَّةً ثُمَّ جَعَلَ مِنْ بَعْدِ قُوَّةٍ ضَعْفًا وَشَيْبَةً

Ал эми ааламдардын жаратуучу кудайы Алла Таала озунун улуу созундо (Алла силерди алсыз (супермадан) жаратты ,андан кийин ал алсыздыктан кийин , силерди кучтуу (жигит) кылды ,андан кийин, кучтуулуктон кийин силерди алсыз ( кары ) кылат ) деди. Улуу ойчулдар айтышат » Ким жаштыгында кандай чонойсо , карыганда ошондой болуп олот» дешет.Демек жаштык келечектин пай-дубалы ,омурдун куч –кубаттуу мезгили, эгерде жаштык мындай кадырлуу , оорчунду болсо, анда биздин алдыбыздагы милдеттерибиз жаштыкты улуу иштерде сарптоо , туура жолдо пайдалануу , бекер ойун кулку менен откоруп жиберуудон сактануу, эн негизгиси улуу жараткандын тат-ибадатында ,шарият илимдерин алууда ,куран жаттоодо,белгилуу бир онорду онуктуруудо сарптообуз зарыл.Ал эми жаштыгында жакшы нерселерди кыла албаган инсан карыганда еч нерсе кыла албайт , кылышы мумкун да эмес , себеби карылык оору сыйкоонун, алсыздыктын, кайгы-капанын , алек болуунун,кубатсыздыктын ,кучсуздуктун , , начарлоонун , чарчоонун мезгили болуп эсептелет, жана ар бир карыган киши жашоосунан умутун узуп , олумун кутуп калган учуру болот , себеби келечек учун еч нерсе кыла албайт , башкача айтканда пойуз кетип калган учур.Мына ошондуктан карылык учур келе элегинде каттуу мээнет кылып , акырет учун Алланын тат-ибадатында бекем болуу зарыл, жана жаштыкты жалан жакшы амалдар менен откоруу баардык жаштардан талап кылынган нерсе болуп эсептелет. Демек эл арасында таркаган натура создордон каттуу сактанышыбыз зарыл, кээ бир наадан кишилер ( Опоооо балакай!!!! Жаштыгында намаз окуп , орозо тутуп эмне кыласын , аларды кийин карыганында деле кыла бересин ,андан коро жаштык убагында каалаган нерсенди кылып ,ойно ,жырга » деп айтышат. Ооба жаштык ойун кулкунун убагы созсуз турдо ойун –кулку менен отушу керек ,бирок улуу Алланын тат-ибадаты да четте калып кетпоо зарыл.

Экинчи улуу пайгамбар : 2)- ( ооруп калышындан алдын ден –соолугундун ганимат биргин ) деди. Баарына маалым болгондой ден –соолук адам баласынын ен чон улуу байлыгы болуп эсептелет, ден соолук ушунчалык кымбаттуулугунан алтынга алмаштыргыс нерсе , бирок адам баласы канчалык аракет кылбасын омур жашоо , убакыт откон сайын адам баласынын ден соолугу начарлап бара берет , же ар кандай адам баласын курчап турган оорулар бир кун болбосо бир кун келип тийуусу мумкун , мына ошондуктан адам баласынын ден –соолугу еч качан туболук калабагандан кийин бул улуу жараткан берген ден- соолукту жараткан Алла Таала ыраазы болгон нерселерде сарптап улуу Алла Таала талап кылган ыраазы болгон нерселерде сарптап калышыбыз зарыл, мумкун болушунча ден-соолук сактыгында Аллага жаккан иштер менен алек болушубуз керек. Ал эми улуу Алланын тат-ибадаттарынын алыс болгон пайдасыз нерселерде откору чындыгында ото чон айып нерсе. Ал эми оору ар бир адамга созсуз турдо келе турган дарт еч ким ооруудан кутула албайт , кутулушу мумкун да эмес, адам оорулуу убагында тилеке каршы еч нерсе кыла албайт , дайыма жанында каттуу азапты сезип, жатагалса кыймылдоонун озу ото оор нерсе.Адам баласы мындай оор абалга туш келип калуудан алдын , озунун ден –соолугунун кадыр кыйматын билип жалкоолонуп жата бербестен убактылуу берилген ден- соолугунун учурунда Аллага жакшы улуу амалдарды кызматтарды кылып калуусу аябай зарыл.Улуу Ислам аалымы Хасан Басрий : » Албетте сен убакытка байланыштуусун , эгерде сенин бир кунун кетсе , сенин ден – соолунундан бир нерсе кетет) дейт , башкача айтканда убакыт отушу менен адам баласынын ден-соолугу алсыздап начарлап бара берет. Улуу пайгамбарыбыз андан кийинки аябай негизиги нерсеге кайрылып, озунун улуу созундо 🙁 Кембагал балуп калышындан алдын , байлыгынды ганимат бил) деди. Албетте мал-дуйно Алла Таала тарабынан сыноо учун берилген кымбат балуу нерсе . Ким акысын берип улуу Алланын тат-ибадатында сарптаса чындыгында ийгилике жетет , ал эми ким мал-дуйносун бузуукулукта , убакытты бекер откорууда, Алланын тат-ибадаттарынан алаксууда откорсо , ал мал Алла тарабынан берилген нээмат эмес , Алла тарабынан берилген азап болуп эсептелет. Эл арасында » Мал колдун кири » деп айтып койушат, чындыгында мал колдун кири , бугун болсо , ертеге кетет , эч качан колдо туболук турбайт , турушу мумкун да эмес.Улуу даанышмандардын бири » Мал бул — чайан , егерде колдонушту билбесен , аны албагын , егерде сени чагып алса, олосун» деди, анда бироо » Кандай кылып колдонуш керек » деди, ал » Адал кылып алуу , жана аны адал жерге сарптоо » деди. Демек мал-дуйно кетуучу болгондон кийин , мал –дуйно колдон чыга элегинде , ал мал-дуйнону улуу Алла тааланын улуу жолунда сарптап калуу керек, кобунчо мал-дуйнону , шарият илимин талап кылуучуларга беруу, малга аябай муктаж болуп турган кедей-кембагалдарга , жетим –жесирлерге , же Ислам динин жаюу жолунда сарптоо, же мечит , медресе , куруу жолунда сарптоо, же эл учун пайдасы тийген копуро куруу, бак-дарак тигуу, крант суу булактарын чыгаруу , уйлорду куруу, Ислам аалымдарынын кызыкчылыгы учун сарптоо, карылар , жетимдер уй-жайына сарптоо жана башка ушул сыяктуу нерселерге сарпталса , албетте дуйно акырети учун аябай чон иш кылган болот, мал – мулкту Алла жолунда сарптоодо аз кобуно карабайт , ар ким озунун мумкунчулугуно карата сарптайт. Ал эми адамга байлыктан кийин кембагалдык келсе , еч нерсе кыла албайт , кембагал киши озун –озу ептоо менен алек болуп , башкага еч кандай жардамын тийгизе албайт , адам кедей болуп калгандан кийин , кеткен байлыгын Алла жолунда сарптабай калганына окунуу аябай аянычтуу нерсе , мына ошондуктан колдо акча байлык барында , ал акча байлык башка жакка иштелип кетиштен алдын Алла жолунда иштетип калыш керек.Албетте биз эмнеге шарият мындай кылып буйуруп жатат ? деген шайтандын азгырыгы келип калышы мумкун , чындыгында шарият ушуну каалайт, шарият бизге бир гана жакшылыкты алып келет, биз эч качан натыйжасын, акыбетин ойлобошубуз керек , эч качан шарияттын хикмат сырларына акылыбыз жетпейт, кыскасы эмнеге ? эмне учун ? деген суроолорду бербестен шарият эмнеге буйурса эч ойлоп отурбастан дароо аткара берсек , албетте натыйжасын улуу Алла Таала каалаган куну коробуз, биз каалаган куну эмес. Мына ушул нерсеге кошумча улуу Алла Таала эч бир кичинекей амалды да бош кетирбешин жакшылап билишибиз зарыл , улуу Алла Таала оз созундо: ( Ким кичинекей зара мисалынча жакшы иш кылса , аны корот , ким кичинекей зара мисалынча жаман иш кылса аны корот) деди. Эми улуу пайгамбардын созуна токтолуп кетсек , пайгамбарыбыз :3)- » Алек болуп калышындан алдын, бош убактынды ганимат бил » деди. Чындыгында азыркы учурда коптогон адамдар бош убактыларын эч качан пайдалуу иштер менен пайдаланышпайт, алар бош убакыт табуулары менен , дароо конул ачууга отушот , сааттап кинолорду корушот, же айлап саякаттап кетишет, же интернетте ар ким менен эч бир натыйжасы жок алака мамилелерди кылышат, же кээ бироолор жеп –ичип кундоп –тундоп уктап жата берет, башкалары болсо , ушак –айындар менен алек болуп , минуттарды , саатарды , кундорду откорот, башкалары болсо , ар турду ойундардын кумарына батып, канчалаган кундордун , айлардын башын алат , мына ушул сыяктуу праблемалар азыркы учурда жашап жаткан коомубузда толтура . Бош убакыт аябай кымбат балуу убакыт болуп эсептелет , мындай кымбат баалуу убакытты улуу жараткан кудай суйгон эн бир улуу амал менен откоруу зарыл , анда эмесе андай улуу амалдарга кайсы амалдар кирет ? анда эмесе бул жерде кыскача эскертип кетебиз.

Эн бир улуу амалдардын бири , Алла парз кылган амалдардар , мисалы беш убак намаз, зекет,орозо ,хаж жана башкалардан кийин бул улуу Курани Каримди жаттоо , окуп уйронуу, маанилерине токтолуу жана башкаларга уйротуу, улуу Алланын пайгамбары :

» إن خيركم من علم القرآن أو تعلمه «.

( Силердин жакшынар Куранды уйронгон жана уйроткон болот ) деди. Ошондой эле улуу амалдардын бири , шарият билимлерин уйронуу , мисалы фыкых , акыйда , хадис , тафсир илимдерин уйронуу, улуу Алла Таала : ( Алла ыйман келтиргендерди жана билим берилгендердин даражасын которот ) деди.Башка аятта ( Билимдуулор менен билимсиздер тен болбойт ) деди. Улуу амалдардын башкаларына жакшы иштерди кылуу болуп эсептелет , улуу Алла таала ( Жакшылык кылгыла , албетте Алла жакшылык кылуучуларды суйот ) деди.Жакшылыктын ичине баардык жакшы иштер кирип кетет , мисалы : Кары алсыздарга жардам беруу , сакада кылуу, туугандарды зыярат кылуу, Аллага дават кылуу, кедей кембагалдарга жардам колун созуу, башкалардын журогуно суйунуч киргизуу жана башка ушул сыяктуу толгон токой нерселер. Ошондой эле улуу амалдардын дагы бирине онор уйронуу да кирип кетет, элибизде «Онорлу олбойт » Онорун болсо орго чап » деп койушат , бирок бул онорлор Алланы ыраазы кылган шариятта уруксат берилген онорлор болуу керек. Мына ушул сыяктуу адам баласы жакшы амалдарды кылап бара берсе , албетте жамандыктан гапилетте калып , жакшылыктын нурлуу эшиктери улам ачылып бара берет, чындыгында озун жакшы амал менен алек кылган адам гана жамандыктан аманда калышы мумкун , ийгилик жакшылыкка да ен кыска жол ушул болуп эсептелет. Улуу Алланын пайгамбары ага улуу Алланын саламдары жана салаваттары болсун , озунун улуу создорундо : » Копчулук адамдар эки нерсенин кадырына жетишпейт , ал ден-соолук жана бош убакыт » деди. Бул дуйно жогоруда айтакныбыздай сыноо мекени , ар бир адам бул жашоосо акыретине эгин эгип бара берет , ким акыретине эмнени эксе , ошону жыйнап алат. Улуу Алланын пайгамбары : ( Дуйно акыреттин эгин заары) деди, башка хадистерде : ( Дуйнонодо амал кылуу бар , акыретте жаза алуу бар) деди. Мына ошондуктан ар бир убакытты ганимат билип , отуп жаткан ар бир секунтту озубуздун пайдабыз учун чечишибиз зарыл, озубузго тетири нерседе чечпей, ошондой эле ар биз секунтту кымбат баалуу алтындай сезип, бул отуп жаткан секунттарды сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек , себеби улуу Алла Таала жаштыкты бош убакытты эмнеде откоргондук тууралуу албетте сурабай койбойт.Эми кыскача улуу пайгамбарыбыздын кийинки улуу созуно токтолсок , пайгамбарыбыз :5)- ( Олумундун алдында жашоонду ганимат билгин) деди. Жогоруда айтканыбыздай олум баардык адам баласына каалаган учурда жашына , каарысына , кучтуусуно , кучсузуно , чонуна , кичинесине , байына , кембагалына карабай келет дедик. Ошондой эле бул омур деген нерсе адам баласына бир гана жолу берилет, бул омурдо амал менен адам баласы озунун бейишин же дозогун курат. Омур деген бул улуу Алла Таала пендесине берген убактылуу белек , жана ал адам баласы учун берилген кыска бир амал кылуу мекени , ойун –кулку , жыргоо конул ачуу мекени эмес , ал эми конул ачуу , жыргоо, рахат алуу мекенин улуу Алла Таала акырет кылды.Улуу Алла Таала улуу создорунун биринде ( Алла ушундай олумду жана тируулукту силердин кайсы биринер жакшы амал кылат экен деп сыноо учун жаратты ) деп келет. Бул убактылуу тируулукто , ким Аллага баш ийип , буйурган буйруктарын атакарып , шариятында бекем болуп , ал улуу Алланын пайгамбарына баш ийип жашаса , албетте ал эки дуйнодо ийгилик менен жашайт жана эч качан бактысыздык эмне экенин билбейт , улуу жаратканым баарыбызды эки дуйно бакытына болосун жана баарыбызды туболук бейишине киргизсин.Ал эми олум бул адам баласынын бул жашоодогу омурун кыркуучу кайчы десек жанылыпайбыз. Адам баласына олум келиши менен бул дуйнодогу кылган амалдары токтойт жана Алла берген убактылуу жашоо аягына жеткен болот, олумдон кийин амал кылыуу жок , балким жарык дуйнодо кылган амалдарга сурак беруу жаза алуу бар . Мына ошондуктан кыска улуу Алла берген омурду тируулукту , жашоону эске алып , бугун же эртен келуучу баарын багындырган олумго даяр болуп , андан кийин улуу Алла Таалага жолуугуда жузубуз жарык болууга тырышышыбыз зарыл.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE