Пример HTML-страницы

Генерал-майор Мурат Боронов Ысык-Көл облустук милициясын жетектеди (өмүр баяны)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Боронов Мурат Самидинович дайындалды.

Жаңы жетекчини ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов тааныштырды.

Буга чейин милициянын генерал-майору Мурат Боронов Баткен ОИИБдин башчысы кызматын ээлеген. Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин башчысы болуп Орунбай Кочкоров эмгектенип келген.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын эки орун басары дайындалды. Алар Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы, милициянын подполковниги Улан Орозалиев жана милициянын подполковниги Максат Абдымомунов.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, Бектен Бекмуратов Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча мурдагы орун басары, ал эми Азамат Савыралиев сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматын ээлеп келет.

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен бир катар облустардын жетекчилеринин кызмат орундары алмашты.

  • Боронов Мурат Самидинович 1972-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу айылында туулган.

Билими:

— 2003-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

— 1997-1998-жылдары — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу борборунда курсант;

— 1998-2000-жылдары — Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;

— 2000-2003-жылдары — Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү;

— 2004-2005-жылдары — Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;

— 2005-2006-жылдары — Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө тобунун ага тергөөчүсү;

— 2006-2007-жылдары — Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын карамагында;

— 2007-2008-жылдары — Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн 1-тобунун улук тергөөчүсү;

— 2008-2011-жылдары — Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

— 2011-жылы — Кара-Кулжа районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

— 2011-2012-жылдары — Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

— 2012-жылы — Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы;

— 2012-2014-жылдары — Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы;

— 2014-2018-жылдары — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;

— 2018-2020-жылдары — Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча коменданттын орун басары.

— 2021-2024-жылдары — Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы.

2023-жылдын 21-февралында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Мурат Бороновго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE