Пример HTML-страницы

Бактысыз балалыгым

https://kyrgyzcha.site/?p=48788&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бактысыз балалыгым

 

«Өзүм өрүкзарлуу Баткенденмин. Кенедейимен эле мээримге таңсык өстүм. Бала чагымда ата-энемен ажырап, алыскы туугандардын колунда ит көрбөгөн кордукту тарттым. Ал кордуктардын бирин айтсамбы, же экисин айтсамбы? Өрүк бышкан маалда, ар бир өрүк багынын тээ кылда учуна чейин тырмышып чыгып барып, өрүк терчүмүн. Мындан өткөн азап барбы? Кадимкидей башым айланып, көзүм алачакмактап кетүүчү. «Кайсыл бир күнү өрүк багынан кулап жан таслим болуп калбагай элем» деген суук ой мээмди көзөчү. Ушундан улам, өрүк тегиз бышкан мезгилди, эмнегедир, күтчү эмесмин. Андан сырткары таң саардан кой бакканы сайга жөнөчүмүн. Анан койлорду күүгүм кирип, жылдыз асманга жыбырап толгон маалда гана үйгө айдап келчү элем. Кокус, ошол убактан бир аз эрте айдап келсем, үй ээси «Кокуй, бул түгөт, койлорду талаага откозбой эле, жарым жолдон эле кайрып келди, байкуш койлор, эми ачкалыктан таң аткыча маарашат турбайбы» деп наалычу. Анысы го, эчтеке эмес, дасторконго көчүк басып, жаңы эле даамга кол сунарымда «Жетимдин жети курсагы бар, үстүндө балаканасы, астында самоорканасы бар, такыр тойгонун билбейт» деп эзмелеп кирчү. Эр болсоң, ошондой сөздөн кийин аш ичип көр! Жегениң желим, ичкениң ирим болор, оф! Акырын туруп, кетчүм, чай ичпестен. Курсак маселеси го, түккө арзыбайт. Баарынан да, ата-эне күйүтү жаман тура. Күндө күн алыс көз жашымы көлдөтүп, жетим өскөнүмө жаным кейичү. Ошентип, убакыт өтө берди. Ыйлап-сыктап жүрүп, орто мектепти да аяктадым. Ошол кезде, «Шаарга барып чоң окууга тапшырам» деген үмүтүмүн бырын-чырыны чыгып, коңшулаш айылдан Бакай деген жигит ала качып кетти…

 

Таш түшкөн жеринде оор

Акыры, айыл эрежесине ылайык, «Таш түшкөн жеринде оор» болуп отуруп калдым. Таңгалычтуу. Жетим өскөнүм аз келгенсип, жеке турмушум да чеке жылытпады. Күйөө сөрөйүм аракка жакын экени жетишпегенсип, чоң муштум да болуп чыкты. Алагүү болуп келген кездери жүн тыткандай сабачу. Көзүмүн көгү кетпей, көңүлүм зилдеп эки жылдай жашадым. Балалуу да болбодук. Эки ирет боюма бүттү эле, ичке тээп боюман түшүрдү, күйөө сөрөйүм. Үйдүн жалгыз эрке баласы болгондуктан, күйөөмө «Кой, ай!» деген адам болбоду. Ата-энеси ичкенине, бейчеки тентектик кылганына карабастан «Медерибиз, карманар туткабыз» деп көзүн карап турчу. Ошогобу, күйөөм оюна не келсе, ошону жасачу. Бир ирет ичип келип, бетиме жаздыкты жаап, түн ичинде муунта баштады. Жүрөгүм оозума кептелди. Өмүр үчүн күрөш жүрдү. Акыры, жан-алекетке түшүп атып, араңдан зорго бошондум, кыпчуурдай катуу колунан. «Аманымда, жоголоюн, каргыш тийгир жерден!» деп үйдөн качып чыктым. Биздин үй Баткен-Ош каттамындагы чоң трассага итабар жакын эле. Ич көйнөкчөн. Этек-жеңим желге сапырылып. Чуркап баратам, жол жээктеп. Аңгыча соңуман машинанын жарыгы көрүндү. Кол көтөрдүм. Токтоду. Рулда атам чамалаш бир аке экен. Жанына салып алды. Баратабыз. Узун жолдо машина зымырайт. «Аңгектен качсаң дөңгөккө!» деген ушул белем. Айдоочу да жеткен наадан экен. Трасса четинде дүпүйгөн дарактардын далдоосуна токтоп, ич көйнөкчөн түрүмөн улам, той топурда талоонго түшүп, качып келе жаткан сойку немедей көрүп, мени машинанын ичинде эле зордуктап салды. «Сендей бузуку келиндердин далайын көргөм!» деп жол боюна түшүрүп, жолун андан ары улады, бетпак неме. Жашоодон биротоло үмүтүм үзүлгөнсүдү. Кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу. Таңга жуук, өз айылыбыздагы классташ кызымдыкына кирип келдим. Ага болгонун болгондой түшүндүрдүм. «Бул кейпиң менен мындан ары эч жерге батпайсың, курбум, балким, таалайлуу болорсуң, келечекки күндөрдүн эсебинен» деп, эки күндөй үйүндө коноктоп, анан, колума билеттен артаарлык акча карматып, Москвага кетчү таанышына кошуп, жолго узатып койду…

Таалайдын таңы атты

Учу-кыйыры жок, узак жол! Белгисиз келечек кол булгайт! Мурда-кийин поездге олтурбаган жаным, түпсүз кыялга жетеленип, ой көлүнө чумуп баратам. Артта калган өмүрдү эстегим деле келбейт. Жетим өскөнүм, кечээки эле күйөөмүн кордуктары. Айтор, баардыгы бир көргөн жаман түштөй артта калды. Жүрөк тушум тызылдады. Кудайга миң ирет жалбарып жаттым. «Оо, кудурети күчтүү Кудайым! Ар сынооңо чыдап келе жатам, кенедейден. Жакшылыгыңы аяна көрбө, чымчыктай бир пендеңен!» деп ыйлап да алдым, эч кимге билгизбей. Вагон ичи болсо гүүлдөйт. Бака-шака! Бирөө менен бирөөнүн иши жоктой. Төрт күн дегенде Москвага жетип келдик. Москва чын эле кооз шаар тура. Дүйнөлүк ири мегаполисттин тыным албаган агымына аралашып, коюн-колтук алышып кетүү деле оңойго турбады. Алгач келген күнү квартирадан бир жума сыртка чыкпадым. Мени Москвага апкелген курбумун таанышы документтерими (3 айлык регистрация) ырастап бергенче. Анан бир пано-азиялык үлгүдөгү ресторанга идиш жуугуч болуп орноштум. Бактыма, ресторандагы ишим жеңил болду. Бирок да, жергиликтүү орус улутундагы кызматкерлер менен пикир алышуу кыйындыкты туудурду. Тил билбесең дудуктан айырмаң жок болот экен. Ошого, үйүлгөн идиштерди жууп салам да, бошогон кездери орус тилин үйрөнүүгө белсендим. Бара-бара аракетим текке кетпей, эркин сүйлөшүп калдым, орус тилинде. Арийне, тилден бөлөк да жүрүм-турум жаатында толтура кемчиликтерим бар эле. Ошолорду жойдум. Маданияттуу болууга үйрөндүм. Жарашыктуу кийингенди өздөштүрдүм. Арадан жыл айланбай куурчакка айлангансыдым. Күзгүдөн карасам, жаңыдан келгендеги жүдөп-какаган Саиданын ордуна тап-татынакай тал чыбыктай Саида турду. Ошол күндөрү мени менен бирге ресторанда сушист болуп иштеген Асылбек деген жигит жумушка узатып, кайра кечте жумушуман тосуп алып жүрдү…

Тайга бергис кунан бар

Өткөн өмүрүмү саймедиресем, Асылбек «Тайга бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар» деп эч эле айланчыктаганын койбойт. Экөөбүз дээрлик бир жылдай кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. «Сүткө оозун күйдүргөн айранды үйлөп ичет» дегендей, чынында күйөөдөн деле көңүлүм үч көчкөн журттай калган экен. Жүрөгүмө муз тоңуп. Асылбек болсо, бара-бара ишенимиме кирип, ошол музду акырындан эритти бейм. Буйрукка ылайык, былтыры баш коштук. Москвадагы «Жибек жолу» аттуу кыргыз улуттук кафесинде чакан той жасадык. Асылбек Москванын чок ортосунан бир бөлмөлүү батир жалдаган экен. Учурда ошол жерде жашап жатабыз. Үч ай мурда балканактай уулду төрөдүм. Россиядан тапкан таалайымын урматына, ырымдап уулумун ысымын Таалай койдук. Сүйүнүчүм көөдөнгө сыйбайт. Кудайымдын пейилине ыраазымын. Күнөөсүз болсо, таза болсо, дили тунук болсо, баары бир эртедир-кечтир чыныгы таалайга туш болот тура, адам баласы. Мындан ары жашоо кызык. Күнүгө уулумун өмүрүн, күйөөмүн өмүрүн тилеп, ошолор үчүн жашап жүрөм…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE