Пример HTML-страницы

Мугалим Гүлзат Сарбагышеваны кайын апасы «депутат келиним» деп эркелетип тосуп алат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Айдаралиев айылынын 48 жаштагы Гүлзат Сарбагышева айылда мугалим жана депутат болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим. Бирок 7 жылдан бери соцпедагог болуп иштеп келет.

«Окууну жаңы бүтүп келип, турмушка чыгып, балалуу болуп калгам. Башында Бишкек шаарында жашап жүрдүк, кийинчерээк айылга көчүп келдик. Келгенде эле мектепке жумушка кирип калдым. Мектепте кызыктуу күндөр көп.

10 жыл мурда 11-класстын жетекчиси элем. Мамлекеттик экзамендер жүрүп жаткан учурда балдарды отургузуп, конверт ачылат, экзамен башталат деп жатсак бир окуучу кызым жок экен. Аны издеп шашып калдык. Ал окуучу кызым тоодо жашачу да. Мектептин бир кирип, сыртка бир чыгып күтүп отурдум. Анан «окуучу кызымды үйүнөн алып келе калыш керек» деп жолдошума чалдым. Унаага түшүп алып, үйүнө бардык. Үйүнө барсак ал кызым уктап калган экен, көзүн ушалап келе жатат. Шаштырып, бир жактан чачын тарап жатам, кийинип алып эле арта кайттык. Жетишип экзамен тапшырды. Баары бүткөн соң, сырка чыгып сүрөткө түшөбүз деп калдык. Кыздар чыгып эле күлүшөт, кечигип келген окуучу кыз да күлөт. «Эмне болду?» десем тиги кызыбыз шашып жатып бутуна эки башка бут кийимди кийип алып эле келе берген экен. Баарыбыз күлдүк. Былтыр ошол классымдын 10 жылдык мааракеси болуп, ушул окуяны эстеп аябай күлүштү. Азыр ал кызым «Манас» университетинде окутуучу болуп эмгектенип келет», — деди ал.

Каарманыбыз бугак атар эле Айдаралиев айыл аймагында 3 жылдан бери жергиликтүү кеңештин депутаты, социалдык тармак комитетинин төрайымы болуп иштеп жатат. Өмүрлүк жолдошум 5 жыл мурун жарыкчылык менен кош айтышкан.

«Азыр Арал, Үч-Эмчек, Каракол айыл аймактары биригип, 33 жергиликтүү депутат болуп калдык. Биригүүдөн соң да тургундардын колдоосу менен айыл аймагыбыздын социалдык тармак комитетинин төрайымы болуп калдым. Депутат болуп калышыма жолдошумдун классташы Акыйкат деген эжекебиз себепкер. Ал дагы айылдык кеңеште депутат. Жолдошум каза болгондон кийин, жашоом аябай өзгөрдү. Чоң жоготуу болуп, аябай стресске кабылдым десем болот. Ошондо мени алаксытам деп «Лидер айымдар» мектебине алып барды. Ал 5 күндүк окутуу эле, бардык жактан кызматчы, мыкты айымдар келди. Окутуудан мен ушунча таасир алып, өзүмө ишенип келдим. Анан мектептен жамаатым дагы «шайлоого катышыңыз» деп айтышканынан ойлонбой эле кагаздарды талапкер катары тапшырып койдум. 19 адам катышып, төртүнчү болуп шайлангам. Айылдык кеңешке депутат болом дегенде кайын иним угуп ачууланып «күйөөңүздүн өлгөнүнө жаңы 1 жыл болду» деп келди. Анан 80 жаштан өткөн апама (кайын энеси) барып, «Апа, мен күйөөгө тием деген жокмун. Мен балдарыма үлгү болуп, алаксып, өзүмдүн күчүм жеткен жумуштарды жасайын деп жатам» деп түшүндүрдүм. Апам анан батасын берген. Андан бери апам кубанып, «депутат келиним» деп эркелетип тосуп алат. Абысындарым «депутат жеңе» деп тосуп алышат. Кайын журтум, төркүнүм менен сыймыктанам», — деди ал.

Каарманыбыз ишкерлик менен да алектенет.

«1 жыл мурун да балык менен иштөө үчүн боз үйлөрдү тигип, элге эс алуучу жай ачканбыз. Быйыл да ушул эс алуу жайыбызды иштетебиз деп турам. Үйдөн да бышкан балыктарды, бышпаган балыктарды да сатып келем. Орозо айында да балык менен көп иштедим. Элге бышырып иштедим. Токойдун ичинде ачылган эс алуу жайыбызды кеңейтүү максатында атайын тамактануучу жайларды даярдап жатабыз», — деди ал.

Гүлзат айым 3 баланын апасы. Улуу балам үй-бүлөлүү болуп, 2 балалуу болуп калды. Кызы «Манас» университетинде 2-курста окуп жатат. Үчүнчү уулу мектепте 8-класстын окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE