Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 10 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?10- БӨЛҮМ

Бир күнү кечинде мектептен үйүн көздөй келатып теректин далдасында турган Абасты байкабай өтүп кетти. Жанында Қанатбек бар
болучу. Булар өтө бергенде «Толкун!» деген үн артынан чыкты. Қыз Абас экенин таанып токтой калды. Қанатбек эжесин кучактай берип, ыктала түштү. Абас Қанатбекти колдон алды.
– Кайда баратасыңар?
– Yйгө
– Коркосуңар го, мен жеткирип коёюн, макулбу, Қанат?
Канатбек көздөрү коюлуп, жүзү албырып Абастан сүрдөнүн турган эжесине карады.
– Мейлиби, эжеке?!
– Мен эжеңден эмес, сенден сурап жатам.
– Биздикине барасызбы?
– Сен чакырсаң барам.
– Барыңыз. Атам да, энем да үйдө. — Абас Канатбекти имере кучактады.
— Мындан ары экөөбүз дос болуп жүрөлү.— Төш чөнтөгүнөн башына кыпчыткычтуу темир кийгизилген сыя карандашты алып
Канатбекке сунду.
— Ме жоготпой алып жүр. – Бала алтын таап алгандай кудуңдады. Жигит Қанатбек менен сүйлөшүп жатканы менен анын махаббаттуу өткүр көзү Толкунга кайра-кайра жалжылдайт.
Қаректерден атылып чыккан ушул учкун Толкунду жүрөккө уруп тургандай болду. Жүрөгү көөдөнүнө батпай алып учат.
– Қиши келатат, биз кетели. — Қыз жазгактай түштү.
– Биз эмне, ууру кылып жаттык беле. Келе берсин. Мен өзүм: жеткирип коём силерди.
— Өзүбүз эле кетебиз.
– Биздикине барам дебедиби Абас абам. Мейли, барсын, эжеке.
Толкун Канатбекти капталга нукуп койду. Абас аны байкады.
— Тамаша кылам, Қанат. Силердикине башка убакта барайын, макулбу? Мен жөн эле үйүңөргө чейин силерди жеткирип коёюн деп
жатам.
— Жүрүңүз.
Толкунтай, сен орто мектепти бүтүрүп, уядан учуунун алдында турасың. Бой жетип, адам катарына кошулганың ушул. Мен бул
бактылуу күндү качантан бери күтүп жүргөнүмдү билесиңби. А мен болсом жамандыр-жакшыдыр иштеп жатам. Менимче экөөбүз тең кичине эмеспиз го деп ойлойм. Колтуктап басууга мүмкүнбү?
Сүйүүнүн алгачкы жытынан сүрдөнүп турган кыз эмне деп айтарын билбей термелип турду. Ал инисинен чочулагансып, артына қылчак карады. Қанатбек карандаш менен убараланып басар-басмаксан болуп артта келатыптыр.
— Каттын жообун создуктуруп жибердиң го, жаным?..
Қыз жооп айтпаган калыбында Абастын колтугунан колун акырын тартып бошотту.
— Биз кеттик. Сизге рахмат. Кокустан үйдөн атамдар чыгып калбасын, кош болуңуз.
Абас бирдеме дейин дегенче болбой Толкун жүгүрө басып короого кирип кетти. А жигит болсо аңкайып эшик алдында кала берди.
Энеси куюп берген чай Толкундун жүрөгүнө баспай алаптайт.
Анын кулагына Абастын дабышы чыгып жаткансыйт, өзүн чакырган жигиттин үнү угулат. Экинчи куюлган чынысын ошол бойдон калтырып ордунан турду. Терезенин түбүнөн бирдеме издемиш болуп, эшикке көз чаптырды. Қоюуланып бараткан караңгылыктын ичинен Абасты издеди.
Бирок, кыздын көзү жакын арадан эч кимдин караанын чалдыктыра албады. Жүрөк кандары дирилдеп, көңүлү сөнө түштү. Кетип калган турбайбы деп ойлоду. Толкун Абастын буйтка-
луу жерде өзүн издеп, кылчактап турганын билген жок…
Жакын күндөн бери эжесине почтoчулуктун милдетин аткара баштаган Қанатбек Абастан дагы кат алып келди. Айтор бул күндөрдө Толкун менен Канатбектин ортосунда бир туугандык сүйүүдөн башка бекем достук, жашыруун байланыш түзүлө баштады.
– Эжеке! — деди Қанатбек энеси эшикке чыгып кеткенден кийин жанына чуркап келип, шыбырай сүйлөп, — Абас абам сени көргөнү
келем деди. Мейлиби?
– Ал бир жакка кетип жатыптыр. Мага ошентип айтты. Бир жылда келем дейт.
– Ойиний, бир жыл эң эле көп күн болот ээ, эжеке.
Толкун инисинин маңдайынан сылады.
– Энем үйдө дебейсиңби?
– Жумушка кетет да.
— Болуптур. Сен ошентип айт. Энем жокто келгин де, макулбу?
Зайракан узар-узабастан эле Қанатбек короодон атылып чыкты.
Бир аздан кийин ал Абасты үйгө баштап кирди.
Толкун өз көңүлүндө, өз жүрөгүндө Абасты канчалык жанына жакын, канчалык жакшы көрөрүн билсе да эмне үчүндүр ачылган
жок. «Сени сүйөм, сага турмушка чыгууга макулмун» деп ачык убада берүү Толкун үчүн кыяматтай оор, аябаган уяттуу иш сыяктуу
көрүндү. Бирок, оюндагысын айтты.
«Обол мурун ден соолугум жакшы болсун. Окууму бүтүрөйүн. Сиз келгенче жүрөгүм менен сүйлөшүп, кабыргам менен кеңешип,
берер жообумду белендеп турайын» деген. Абас Толкундан ушуну эле күтүп тургансып кыздын колун кыса кармады. «Болуптур, ийгиликтин эрте-кечи болмок беле, Толкунтай. Мен келгенче жакшы болуп сакайып кетсең болду. Менин тагдырдан сураган биринчи тилегим ошол.
Толкундун жанында, төшөктүн үстүндө жаткан ак жибек, сайма бет аарчыны Абас колуна алды. «Мага белек кылчы, Толкун, ушуну.»
Қыз тынчсызданды. Абастын колунан жулуп алалбады. «Көзүмдү сүрткөн неме. Таза эмес». ..Мейли. Ылайым сенин көз ооруң мага
ооп кетер күнү кайда. Эгер бирөө Толкундун ден соолугу үчүн өзүңдү бер, Абас, десе жок дебес элем… Түшүндүңбү ушуну?
Канатбек шашып чуркап кирди. — Эжеке, атам менен Қамчыбек келатат окшойт, көчөнүн баш жагында.
Абас ордунан козголду. Ал Толкундун тал-тал болгон узун чачын колуна уучтай кармап жыттады…
Бул бактылуу минута Толкундун эсинен эч качан кетпейт. Аны эч ким менен алмаштырбайт да, эч кимге теңебейт. Абас келгенде бере», жообун, айтар сөзүн эчак камдап койгон. Кыздын учкаяк таттуу
кыялы асманга сермелди. Анан ал Саматтын жазган барагын узунунан бир нече бөлүп айрып туруп, кайра аны туурасынан ылдам майдалап кенедейден тытып кирди. Ошол учурда терезе тырс дегендей болду. Толкун башын жулуп алды. Айнектин ары жагында турган Саматты көргөндө чала бакырып, оозун баса калды. Уялганынанбы же коркконунанбы, айтор эки бети чоктой жанды. Самат сөөмөйүн кезеди. Ал менин катымды неге тыттың дегендей белги берди. Толкун ага экинчи караган жок.
А терезе болсо тынымсыз урула берди…
Саматтын оңой менен кете койбосун билген кыз өз палатасынан чыгып, башка бөлмөгө кирип олтурду. Муну көргөн Самат няняларды
кайра-кайра киргизип туруп алды.
Боюна жуубаган эби-сыны жок чоң халаттын эки өңүрүн кабаттай кумтуланып аргасы кеткен Толкун эшиктин алдына чыкты.
Чачын жаңы алдырып, сакал-мурутун кырдырып, үстүнө жарашыктуу жаңы костюм, бутуна жылтылдаган кара өтүк кийип,
атырдан өлө себинген Самат Толкунду күлкүсү менен кабыл алды.
– Эмне мынча чочуладың менден? Жүрү тигил жерге барып кичине сүйлөшүп олтуралы. — Самат кызды каруудан алып, бактын
көлөкөсү түшкөн скамейкалардын бирин көздөй жетеледи. — Қатты окудуңбу? Же окубай туруп эле тытып салдыңбы?
Кыз кабагын карыш салып мелтиреди.
— Менин оюма түшүндүңбү?
Толкун манжаларын кайра-кайра кырсылдатып үнсүз. Башы уламдан улам алдын көздөй салаңдап баратты.
— Балалык кылбагын. Жакшылап ойлон. Эгер менин тилегимди кабыл алсаң, кандай киши болоруңду билесиңби. Дүнүйө экөөбүзгө
жетишет. Ата-бабаң өмүрүндө көрбөгөн асылдарды кийгизип, апаң бербеген тамактарды жедирем. Касымды болсо өзүң көрдүң. Көл өрөөнү гана эмес, республика анын ысмын билет. Кыргыздын бир жагын солкулдатып турган ошол менин байкем. Нике кыйып буйруп, багыбыз бакташ, таалайыбыз танапташ болуп калса ата-энең буга
сүйүнөт. Мындай өкмөттөрдөн сөөк күтүү албетте оңой эмес да.
Сөз ушул жерге келгенде шылкыйып олтурган Толкун жигитти жутуп жиберүүчүдөй жаман көзү менен бакырая бир карап алып ордунан улактай секирип турду. Самат аны колдон алды. Ал кыздын нааразылыкты билдирип, жийиркене караган акылдуу кара көздөрүнө
тигилди. Саматтын жүрөгү чалмадагы азоодой туйлады. Толкундун бүлкүлдөп турган бөйтөйгөн кичинекей толмоч эрдине, ак гүлдөй
үлбүрөгөн кебетесине, айтор анын жаратылышта сейрек учуроочу сулуулугуна тойбогон жигиттин ач көздөрү ойноктоп оттой күйүп турду.
— Мен сени сүйөм, Сүйүү оюнчук эмес, Толкунтай. Көп менин жүрөгүмдү эзбечи, көгүчкөнүм.-Кыздын алсыз манчаларын жигит-
тин күчтүү колдору сай сөөгүн сыздатып баратты.
— Қолум ооруп кетти, коё бериңиз. Мен Сизден мындай сөздү угам деп ойлогон эмесмин. Уялбай ушинтип айтуу кантип оозуңузга
барды. И-и-й колум! Жаман киши экенсиз. Догдурга айтам азыр. — Қыз терс бурулуп,
сол колу менен көз жашын сүрттү.
— Уятыңыз жок экен. Оозумдан жаман сөз чыгып кете элегинде коё бериңиз.
— Т-ү, чык эле ыйлап жатасыңбы? — Толкун Саматтын колун коё берип, эки каруудан алды. — Тилдесең да, урсаң да көтөрөм. Айтчы,
мага турмушка чыгасыңбы? — Қызды өзүнө тартты. — Қана, качан алайын? Же сүйгөндүгүмө ишенбей турасыңбы? Жүрөгүмдү
тыңшап көрчү! Толкун! Толкун! Мен сени сүйөм деп дүпүлдөп жан алакетке түшүп булкунуп жатат. Ушундай жүрөктү кантип ыйлата-
сың?
— Кетиңиз азыр. Экинчи көзүмө көрүнүүчү болбоңуз. Мени алдоого көнөт экен деп турасыз го. Жок. Эч качан. Берген жообум
ушул. Түшүндүңүзбү?
Кыз жигитти көкүрөккө түртүп жиберип, артына бурулуп качып чуркап жөнөдү.

Толкундан үмүтү үзүлө түшкөн Самат үйүнө шалпысы бош, жылдызы өчүп келди. Қайнисине Ракыйма какылдай баштады.
– Сүйлөштүңбү? Эмне деди?
Эчтеке чыгуучудай эмес. Ал дүнүйө менен турмуштун эмне экенин түшүнө элек секелек бойдон окшойт. Сөзүмдү оңойлук менен
угар эмес,
— Экокуй, адегенде эле кыздар тием деп айтмак беле. — Анан Ракыйма Саматты таңдана тиктеди.
— Кудая тобо, сага таң калып олтурам. Толкун эмес токтолуп калган катындарды чүкөдөй калчачу эмес белең. Буга калганда бошогон экенсиң, кайним. Агаңа кыз макул болбой жатат деп айтпайлы. Макулдашпай туруп кыздын жанына жакын жолобо деген сөзү эсиңдеби. Эсинде. Өзүң жакшылап сүйлөш,
көндүрүүгө аракет кыл дегенби? Деген. Қызды агаң жактырабы?
Жактырат. Эмесе мени сакшылап
угуп тур. «Кудай уктап жатканда
шайтан эмнелерди кылбайт» дегендей, биз эми бардык ишти Қасымга билгизбей туруп жашыруун иштешибиз керек. Ага макул болду
деп бир ооз айтып коёлу. Қийин кыз үйгө келгенде бирдеме деп чатак чыгара турган болсо, мурда макул деп коюп, чын чынына келгенде кайра ушинтип жатат деп айтпай жаныбыз жокпу. Башына жоолук түшкөндөн кийин туйлап кайда качат эле. Кыздын баары эле адегенде ошентип ыйлайт, анан көнөт. Ал ургаачынын башынан берки адаты, садагасы.
Мүмкүн болушунча ооруканадан чыкканда эле, ушул жерден алдап-соолап туруп ала качып ал. Айылдагылар кызды «бүтүндөй мактап жатышат. Ата-энесинин колунда жоксуздугу болбосо, алар да жаман кишилер көрүнбөйт. Аттанып түшөрүңө төркүн-төсү колунда
бардар, ага-туугандуу, жээк-жергелүү жер болсо жаман болмок эмес.
Болбостур, ағаң да оозунан түшүрбөй калыптыр. «Сулуу тозот, бак озот», деген кеп бар, кайним. Эркектерге аялдын өңү эле керек.
Ушундайбы, мырза бала. — Ракыйма каткыра баштады.
— Малдуу-жандуу болгондо атасы теңин бөлүп бермек беле. Эр жигитке сулуу аял сөөлөт эмеспи. Атактуу кишилердин кыздарын да
алып көрдүк го. Бирок, бул кыздын алар чыпалагына да тең эмес эле. Ушуну алып берсеңер абам экөөңө башым жерге жатканча…
— Муну чанбайм дечи.
Өмүрүм ушул сулуу менен өтсүн. Чапкан сайын көз чыкмак беле.
Ракыйма менен Самат Жол-Арыкка келип, кеткенден кийин кемендирдин иниси, Султанбектин кызына куда түшкөнү жатыптыр,
деген сөз айылдын аяк-башына дуу дей түштү. Эл ичинде Саматты бала кезинен бери билгендер көп экен. Алар түз эле Султанбек менен Зайраканган келишти. Ракыйма бул жерге жөн-салды келбегенин, алар жаңы болчу куда-кудагыйын, келин болуп келүүчү Толкундун ким экенин билгени келгенин айтышты.
Айтымышка караганда Саматтын сырты бийик, сыны түзүк болгону менен аялга калганда кара мүртөз, туруксуз жат болуп чыкты.
Ал мындан мурун перидей болгон үч аялга үйлөт, үчөөнү тең кайра жолго салыптыр.
Бул жагымсыз кабарды уккан Зайракан менен атанбектин төбө чачтары тик турду. Таң атканча Толкун жөнүндө уктабай ойлонгон эне эртең менен эрте туруп, жолго камынды. Султанбек көк чолокту токуду. Қызыл ала гүлү бар сатин жуурканды ээрдин үстүнө төрт бүктөп салып, үзөнгүсүн кыскартты. Жанында турган аялын колтуктап аткарып, камчысын колуна берген Султанбек дүкөнүн көздөй жөнөдү.
… Толкун болгон окуяны энеси келгенде төкпөй-чачпай айтып берди. Ракыйма Зайракандын алдында эле келип кетиптир.
— Баякы биз үйүнө баргандагы кабагын карыш салган сары катын жок, энеке. Тим эле мээримин төгүп сүйлөсө тандайынан чан
чыгат. Саматка барсаң жыргайсың. Талаш-тартышарың жок, бир үйдө өзүң бий, өзүң кан болосуң. Жылуу сууга колуңду саласың. Ал
сени мойнуна мингизип жүрүп бaгaт дейт.
– Сары мастан сени алдап, алыстан чалма ыргытып жатканы ошол. Кой-кой, айланайын. «Эсиң барда этегинди жап» дегендей,
өмүрүң тозбосо, алтын жаның аман болуп, ден соолугуң болсо андай
Саматтардын эчени алдыңда мөгдөй салбырар. Ошого көңүлдөнүп
калдыңбы э, кокуй.
– Жок, энекебай. Жинди болду дейсизби. Көзүм айыгып чыксам окууга кетем да. — Бул убакта Толкундун көз алдында Абастын
сүйкүмдүү элеси турган болучу. Ошон үчүн ал күлүңдөп сүйлөдү. Бирок эненин жүрөгү
Самат жөнүндө алда немени сезгенсип дүлөйүл болду.
Зайракан кызын коркута баштады. Биринчиден жашсың. Араң эле он жетиге толуп, он сегизге баш койдуң. Жашы толбой күйөөгө
кеткен кыздардын күйөөсүн да, ата-энесин да, өзүн да соттошот, балам. Самат дегениң сымаптай мүлтүлдөгөн бузуку, аягы суюк неме дейт. Жашабай туруп үч катын чыгарыптыр. Атаң ушул сөздү угуп атайы мени жиберди. Балалык кылып азгырылып кетпесин деп эскерткени келдим кызым.
– Ох, энекебай, мага ишенбегендей сүйлөйсүз да. Қадырыңыз жан болсун. Ал жагынан кам санабай эле коюнуз. Ооруканадан чыккан-
да атам экөөңөрдүн бириңер келгиле, макулбу? — Қыз энесине ишенимдүү да, чечкиндүү да сүйлөдү.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE