Пример HTML-страницы

Шопоковдо жарым кылымдан бери балдарга билим берип келе жаткан Тамара Кустова сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын №1 мектеп-гимназиясында 1973-жылдан бери иштеп келе жаткан 85 жаштагы мугалим Тамара Кустова сыйланды. Бул тууралуу Шопоков шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шопоков шаарынын Мэри Нурадил Станов мэриянын жамаатынын атынан жана жеке өзүнүн атынан мугалим Кустова Тамара Павловнаны 85 жылдык мааракеси менен куттуктап, ардак баракча жана баалуу белектерди тапшырды.

Кустова Тамара Павловна 1939-жылы туулган. Казакстан Республикасынын Петропавловск педагогикалык институтунун химия-биология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1966-жылы Түндүк Казакстандагы Волошин атындагы орто мектебинде химия-биология мугалими болуу менен баштаган. 1973-жылдан бери Шопоков шаарынын №1 мектеп-гимназиясында эмгектенип келе жатат.

Эмгек стажы — 53 жыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE