Пример HTML-страницы

Биле жүрүңүз.

https://kyrgyzcha.site/?p=56929&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Биле жүрүңүз.

Малды тепкенге, башка чапканга болбойт. Малды тепкен адам, ырыскысын кошо тебет, томаяк болуп калат деген ишеним жашаган.

Жылкыны камчы менен башка чабууга болбойт. Төрт түлүктүн ичинен кыргыздар жылкыга өзгөчө көңүл бургандыктан, аны башка чабууга такыр эле тыюу салынган. Ошондой эле бөтөн бирөөнүн атын башка чабуу анын ээсин чапканга тете болгон.

 

Ат минип турган адам жылкынын жалына бутун койбойт. Анткени жылкынын жалы ыйык, анда периштелер жүрөт деген ишеним болгон.

 

Аял киши атка жайдак минбейт. Элдин салттык адебине ылайык, аял кишинин жайдак атка миниши жүрүм-турум нормаларына каршы келген. Тактап айтканда, кыргыздарда нике шартын бузган аялды жазалоонун бири атка жайдак мингизип төркүнүнө жеткирип салуу болгон.

 

Ат жабдыктарын аттаганга, тебелегенге жана бут менен тээп жылдырууга болбойт. Анткени жылкы ыйык деп эсептелгендиктен анын жабдыктарына да аяр мамиле жасоо керек болгон.

 

Уйду желинге урбайт, теппейт, ыпылас кол менен кармабайт. Уйду саай турган адам сөзсүз түрдө колун жууп, анан саашы керектелген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE