Пример HTML-страницы

Сыноо 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

3-БОЛУМ.

 

— Кудайга шүгүр, тиги кантет? — деп күйөөсүн күлүмсүрөй карады.

— Ой Зукен, кандай акыбалың жакшыбы? — Туралы тура калып аялына жакын келди, — Уулум Аси кызымдын эле өзү болуптур го?

— Эжеси да, — Зуура күлүңдөй карады.

— Жеңе, шашып эле тамак-самак алып келбей калдым, коркуп эле жөнөй берипмин, — деп Сапийна абысынына актанып жатты.

— Эчтеке эмес, күн бар го дагы эле, аман-эсен көз жарып алганым эле мөрөй болбодубу, кубанычтан чалым экөөбүз эсибизди жоготуп ала жаздадык го, — Зуура күлүп алды.

— Ооба десең, — Сапийна абысынын кучактай бетинен өптү, — Кудайга шүгүр жеңе, минтип өзүң дагы, балабыз дагы аман, ушундан башка эмне кереги бар?

— Ошону айтсаң.

— Бала үшүп калат, — деп акушерка келип баланы алып жөнөмөк болду.

— Карындашым, бул балага атасынын берген көрүндүгү, — деп Нуралы ага жыйырма беш сомду сунду.

— Тим эле коюңуз жана алдым го? — Күлүп калды:

— Ал менин бергеним, бул өз атасыныкы, — Нуралы күлүп анын чөнтөгүнө салып койду.

— Рахмат, балаңардын боосу бек, ыймандуу бала болсун, — деп күлүп басып кетти.

— Айтканың келсин карындашым, силер дагы далай балдарга киндик эне болуп жүрө бергиле.

— Рахмат.

— Эми биз кетели жеңе, акем биз менен эле кетет, Аси экөө үйдө кыйналбасын, — деди Сапийна.

— Кечке келип кетебиз, өзүңө да, балага да жакшы кара жеңе, — деди Нуралы.

— Мейли, мен үйгө барганча чалым менен кызымды силерге тапшырдым.

— Зукен, жакшы жат ээ? — деди Туралы ага карап, — Силерди күтөбүз.

— Мейли, — Зуура аларды узата жылмайып туруп анан палатасына кирип жатып алып терең дем алып алды. Ал азыр абдан бактылуу эле, анын көзүнө эмнелер гана көрүнбөсүн баары кооз сүйкүмдүү эле, кай жакты карабасын аны жылмая карап куттуктап жаткандай туюлат. Эне деген наамды аялзатына бир гана алла таала берет эмеспи, андай наамдан канчалаган аялдар куру калып өмүр бою көз жашын төгүп кудайга нааразы болуп өтүшөт. Туралы экөө баш кошкондон бери канча жылдар бою ыйлаган күндөрү болбодубу, отуруп-туруп: «Эмнемден жаздым деги, бир эле бала берип койчу», — деп ыйлап жүрүп кийин үмүтү үзүлгөндө Туралыга ажырашалы деп дагы жүрдү, ал такыр болбоду, кийин Нуралы балалуу болгондо кубанганынан өзү төрөгөндөй этеги элеп, жеңи желек болуп өзү каралашып жүрдү, ошондо ал бир аз алаксып калган, анткени анын балдары чоң апалап этектеп өзүнө өтө жакын болуп кайда барса ээрчитип алчу. Бир тойго барып Залкарды ээрчитип жанына отургузуп өзүнүн устуканын бергенде бир аял:

— Ай Зуура, өз балаңдан бетер талтаңдатасың да капырай, көрөм угулар кийин сени ардактап караганын, — деди эле бир бозоруп, бир кызарган Зуура аны карап туруп:

— Сен эмне деп жатасың Сейде, сен тууп жыргадыңбы, балдарың жалгыз таштап коюп карабай кетти деп угам, кудай бирөөнө өз баладан айтпаса бирөөнө баккан баладан айтат имиш, кудайым бала бербесе да ушулардан айтаар, тууп сен жыргап жатасыңбы? — деди эле отурган аялдар аны коштоп кетти:

— Зуура туура айтат, тиги Салия байкуш деле үйүнө таштап кеткен эле баладан көрүп балпайып неберелерин багып отурбайбы.

— Ооба десең, Зуура өзү жакшы аял да, өзүнө жараша абысыны жакшы чыкты:

— Капырай, сенин үч балаң жадагалса балдарын жибербейт, ырас айтат Зуура, тууган баладан айтпаса туубагандан айтып коер.

— Сейде, бирөөнүн кемчилигин чукугандан мурун өзүңө сын берип анан сүйлөсөң боло, — дешип жаалап калышты, Сейде таш тиштегендей эле кызарып отуруп калган эле, ушуларды ойлогон Зуура: «Кудайым, ушунуңа миң мертебе ыраазымын, уулумдун өмүрүн узун, ыймандуу адам кыла гөр, атасы экөөбүзгө мээримдүү болсун, акыл-эс бер, баарынан ыймандуу болсун», — деп тиленип уйкуга кетти. Туралыны сарайга алып кетишти, Аси чулдурап жаны тынбайт, азыр деле Сапийна ага үйрүлө карабайт, кайдыгер карап кийимин которуп, кардын тойгузуп койсо балдары жетелеп жүрө берет. Нуралы кой союп төрөтканага чоң чарага палоо басып Сапийна экөө алып келип палатадагыларга өзүнчө, врачтарга ичимдиги менен бирге алып келип берип анан Зуураны чыгарып кетишти. Айылдагылардын оозун ким тыя алат, ар кимиси ар сөздү айтып тамшанып да жатышты.

— Байкуш, тиги Туралынын аялы эркек төрөптүр.

— Ооба, кудай берээрин унутпасын деген ошо да.

— Баягы жылы Сейдени сүйлөтпөй койгон, Зуура өзү дагы мыктай катын да, Туралыны баласындай карайт дейт.

— Төрөбөгөн аял эрин ошентет да.

— Эми минтип кудай берип койду, экөө тең кудайы момун немелер да.

— Иниси экөө тим эле ынтымактуу дагы.

— Экөө эле болсо кантмек эле, байкуш инисинин кызын багып артынан балалуу болгонун карабайсыңбы, — дешип тамшанып, таңгалып да жатышты. Туралыларды үйүнө алып келишип ырымдап молдо чакырып азан чакырып Табылды деп ат коюшту, Сапийна бир жумадай карап, баласын жуунтуп, ороп чулгап Зуурага ысык тамак жасап берип карап жатты. Жети күндөн кийин Туралы өзү кой союп туугандарын чакырып жээнтек беришти, коңшу колоңу болуп чогулуп келип наристеге узун өмүр, бак-таалай каалап бата берип кетишти. Алар кеткенден кийин Нуралы бакылдап жакын тууганы Сейитбекти, Букаректи алып калып агасынын уулун жууп берип отурду.

— Мен өзүм балалуу болгондо дагы мынчалык кубанган эмесмин, Тукем балалуу болоорун укканда кандай кубанганымды өзүм дагы билбейм, — деди күлүп.

— Кубанбай анан, боюнда бар экен дегенди укканда биз да аябай кубанбадыкпы.

— Ананчы, Тукем менен жеңем кудай бере турган кишилер да, эми Табыштын урмат сыйын көрүшсүн, өмүрү узун, ыймандуу ырыс-кешиктүү балдардан болсун.

— Айтканыңар келсин, — деп Нуралы арактан куюп сунду, — Тукем менен жеңем ушул жамандын жакшылыгын көрүп, урмат сыйын көрүшүп аман жүрүшсүн.

— Аман болушсун эми, баланын бактысы ата-эне, эне-атанын бактысы бала да, эми Тукемдер Аси менен Табылдынын урматын көрүшсүн, ээ Туке? — деди Садык.

— Айтканыңар келсин, кудай тилегиңерди берсин.

— Кудайым жакшы сөздү да жаман сөздү да кабылдайт имиш, ошондо таразалап туруп анан өзү чечет дешет, жеңем менен Тукем өзү кудай бере турган кишилер, — деп Сейитбек бакылдады, көпкө отуруп анан кетишти, көрүндүк менен баланын кийими бир далай чогулуптур, бечара Зуура айыл коңшусуна, туугандарына колунан келгенин көтөрүп бара берчү, ошондо ойлобоптур минтип кайра келет деп ойлогон эмес эле. Айсалкынды алып бакканда деле бир топ түшкөн, мынчалык болгон эмес. Көрсө адам баласы деле алакчы болот тура, баккан бала менен өз баланы бөлгөнүн билди: «Ээ кудайым ушунуңа шүгүр, мен Асимди бөлбөй калайын, пенделериме дагы шүгүр, мени сүйүп уулумду көрүп койгондоруна, чалым экөөбүз деле багып алабыз, бул жөн гана сый тура, уулумдун жаны бек кийими морт болсун, ылайым атасы экөөбүздү жер каратпаган ыймандуу болсо болду, өмүр бере гөр», — деп күбүрөнүп ууз жыттанган ууртунан өөп коюп тигиле карап отурганда Туралы кирди.

— Уулум эмне дейт апасы, Аси уктадыбы?

— Ооба, Аситай уктады, Табышым уктай элек.

— Айла-анайын десе, атасы менен сүйлөшкүсү келип жаткан го? — Күлүп Зууранын жанына келип отурду, — Кана-кана жамантайды берчи мага.

— Ала гой атасы, — Зуура бактылуу жылмая баланы берди, — Этият бол, башы токтой элек.

— Уулум урматым, кызым кымбатым деп эжеси экөө аман чоңоюп алса ээрчишип ойношот, ушуга шүгүр, — деп ууртунан жыттап-жыттап койду.

— Садагаларым десе, аман болушсунчу.

— Зукен, өзүң деле ууз жыттанып калыпсың да? — Туралы аялын култуңдай карады.

— Туку, кудайым бар экен, бизге эл катары бакыт тартуулады, бир айтканыбыз бар экен, минтип баланын жытын жыттап отурабыз.

— Сени айтам, ууз жыттанасың.

— Койчу эми, — Зуура наздана карады, — Жаш төрөгөн аял ууз жыттанат да.

— Байбиче, уул сыйлаганыңа ыраазымын, — Жанына отуруп кучактап жаагынан сылай өөп башын жөлөдү.

— Койчу Туку, бала болуп кетпей…

— Экөөбүз жанашпасак кайдан мына бул жаман пайда болот? — Күлүп кучагына алды, — Эми ушуларга экөөлөп жакшы тарбия берели ээ?

— Ананчы, Асини күйөөгө берип, Табышты үйлөнтүп бирге жакшылыгын көрөлү.

— Ээ Зукен.

— Ийи.

— Мен бир ой ойлоп турам.

— Кандай ой?

— Асини өз ата-энесине берип койбойлубу?

— Эмнеге? — Зуура күйөөсүн жаңы көрүп тургандай карап калды.

— Өздөрүндө болсобу дейм да.

— Жо-ок Туку, мен Асини бербейм, ал менин жаным менен бирге, уулумду ээрчитип келген акжолтоюмду бербей калайын, кийин чоңойгондо айтып түшүндүрөмүн, ала кушту атынан айт дегендей өз ата-энесин таанып билип өсө турган болот, — деди Зуура ойлуу.

— Мейли алтыным, эми бере салсак эсине кире электе өздөрүнө көнүп калабы дейм да.

— Биздин үйдөн деле таанып чоңоет.

— Макул, сен айткандай эле болсун, кыз бала эки анжы болуп калбасын деп жатпайынбы.

— Эки анжы кылбайбыз атасы, Асим акыл-эстүү кыз болот.

— Болду-болду, ууз жыттанган жытыңдан искеп алайынчы.

— Бала болуп кетпечи, — Наздана жылмайды.

— Бала дагы болгонбуз, жаш дагы болгонбуз байбиче, ошол күндөргө кайрылып бир баргым келип турат, мына бул жаманды көрүп жашарып калдым шекилдүү, жыйырма бештеги кез эске түштү, — Туралы аялын төшөгүнө жыгып уйпалап кирди:

— Туку, сен ансыз деле жаш кездегидейсиң, — Кытылдап күлүп өзүн бош койду, — Кыркы чыкмайынча болбойт, билесиңби чал? — деди өзү дагы анын өсүп кеткен сакал-мурутун сыйпалай, — Кырып алчы.

— Эртең жуунуп алам.

— Ошент, болбосо балаң экөөбүз карабай коебуз.

— Алтыным десе, силерге жагуу үчүн не кылсам экен? — Күлүп көкүрөгүн аймалап жатты, бул ынтымактуу үй-бүлө эле, Туралы менен Зуура сүйлөшүп баш кошушкан, Зуура эгиздин түгөйү эле, апасы төрөөрү менен көз жумуп түгөйү үч күндөн кийин чарчап калып таенеси ыйлап-сыктап багып алат, атасы аялынын кыркы өткөндөн кийин бир басып келбептир. Таенеси дагы жалгыз кыз менен эринен жаш калган аял эле, карып калган кези экен, Зуурага атасынын дарегин, эли жерин чоңойгондо айтып берген, ал жетимиш төртүндө каза болуп ушу Зууранын төрөбөй жүргөнүнө кейип жүрүп өттү. Зуура атасын бир издеп барды, жакын тууганы жок экен, өзүнүн көзү өтүп кетиптир, ошентип баарынан үмүт үзүп Туралыны эш тутуп, тууганы да, кайын журту да, төркүнү дагы Нуралы менен Туралы болуп жашап калган. Эми гана бул дүйнөнүн кызыгы алдына жайыл дасторкон болуп арманы, өкүнүч таарынычы жазылып жашоого жаңыдан келген наристедей жүрөгүнө кубанычтын гүлү өнүп турган кез. Айсалкын чоңойгон сайын башкача зирек болуп бара жатты. Көздөрү да бакырайып, кирпиги узун, бөйтөйүп ооздору кыпкызыл эндик сыйпагандай, каштары эмитен чийгендей иймейип жаңы чыккан айдай капкара. Зуура аны көргөн сайын жалынып-жалбарып турат, Туралы андан бетер көзүнүн карегиндей карап турат, Табылды күлүшүп талпынган сайын ага кош канат куштай делбиреп турушат. Айсалкын сүйлөп калган.

— Ата, апа бөбөгүм менен ойноймбу? — деп чулдурап балапандай күлүп оозун ачкан наристенин жанына келип колдорун кармалай чоп эттире өөп алды.

— Садагаң кетейин десе, бөбөгүң басып алса жетелейсиң ээ?

— Ооба да, — Кичинекей кашын серпе оозун бөйтөйтүп таңдайын такылдатып койду.

— Кызым сулуу кыз да, — Туралы көпөлөктөй кызды колуна ала көкөлөтүп эркелетип жатты, — Иниңди ойнотпой анан, кудайым сени жалгыз кылбай ушу жаманды бербедиби эрмектерим.

— Карасаң Туку, экөөнү башка-башка эне төрөгөндөй эмес, тим эле бири-бирине коендой окшош, бири кыз, бири уул болгону эле болбосо.

— Секеттерим десе, экөө окшош болбой анан, биз Нукем экөөбүз бир ата бир энеден болсок кантип окшош болбогондо кантмек эле, — Кыт-кыт күлө уул-кызын өпкүлөп бактылуу болуп турду.

— Садагаларым окшошкон.

— Секеттерим десе, — Эрди аял алмак-салмак жалынып-жалбарып бактылуу болуп турушту. Нуралынын балдары удаа-удаа чоңоюп келе жаткан эле, кызы Зайна дагы бой тарта баштаган, күзгүгө таранып боюна каранып калган, жетинчи класста окуйт, Залкар тогузунчуда окуйт, Зыпар бешинчиде, Жайна үчүнчүдө, Жапар биринчи класска барды. Залкар боор көтөрө кыздарга кат жазып үйгө сабактан кеч келип анан кой издөөгө жөнөйт, биринин артынан бири бой тартып бара жаткан балдарын көргөн сайын ата-энеси оюу онго бөлүнгөн убак, колунда деле бар, бирок ар баласынын кыял жоругу ар башка болуп толгонтот. Эне эмеспи Сапийна кыздарына эмитен оймо чийме салып шырдак ала кийиз жасатып, жүн тытып, ийик ийрип жээк жасап, сайма сайып туш туурдук жасап жаны калбайт. Нуралы мал көбөйтүп, совхоздун малынан бөлүп Туралыга бактырып жайкысын жайлоого өзү алып кетет. Дал ушул учурда Совет өкмөтүнүн «падышасы» Брежнев дүйнөдөн кайтып он алты республиканын эси эңгиреп анын ордуна татыктуу табылбай турган кез эле. Зайна ошол кезде жигит жандап калганда Залкардан тартынып айла жок эптеп үйүнө келип апасына жардам берип эки көзү төмөндө болуп турат. Залкар андан бетер кечинде айылга кетип түн ичинде келип жатып калып таң эрте туруп сабагына жөнөгөн жаштык курагы кандай сонун. Калгандары эчтекеден капарсыз окууга барып келет, тапшырмасын аткарат, ата-энесине жардам берет, тилдесе ыйлап тим болот, карды ток кийими бүтүн болсо жүрө беришет. Ошентип ошол жылы Зайнаны сегизди бүтөөрү менен жигити ала качып кетти, баш аламан заманда анын жашынын жеткен жетпегени менен иши жок эле чыккан кыз чийден тышкары дегендей барган жери дурус экен дароо эле ачуу басар менен тай жеткирип салышып кулдук уруп келип алдына келгенде Нуралы менен Сапийна эмне дээрин билбей калышты, дароо эле Туралы менен Зуураны алдырып алардан акыл сураганда:

— Кыз жаш, алып келгендериңди алып кетип кызды алып келип койгула! — деп Туралы ачууланды.

— Ооба, кыз мектепти бүтө элек, азыр кыз бере албайбыз, — деди Зуура дагы.

— Кудалар, кыз менен бала сүйлөшүп жүргөн экен, кыз өзү жиберди, — Бири далбастай түштү.

— Ар кимиңер арбап жатсаңар жаш кыз кантмек эле, ал азыр турмушту түшүнө элек, сыйыңар менен эле алып келип койгула! — деди Туралы кызуулана, — Мен силерге милиция алып барсам ошондо көрөсүңөр, мен кызымды бере албайм!

— Кой куда, анда кызга жолугуп келчү жеңеси же сиңдиси болсо жибериңиз.

— Жибере албайбыз.

— Куда, алдыңызга башыбыз тартуу!

— Адамдан тартуу кабыл алмак турсун мал албай жатканда кандай түшүнбөйсүңөр? — Туралы аркы-терки басты, кудалар тайын кармап турушат, бир кезде Сейитбек менен Уулбү келип калды, аларды Нуралы балдарынан чакырткан эле.

— Келгиле, келгиле бу кандай иш болуп кетти? — деди ал.

— Кызды уурдап кетип эми минтип келишиптир, — деди Туралы керсейе.

— Эмне дейт, Зайнаны алып кетиптирби? — деди Уулбү.

— Ооба, мектепти бүтө элек кызды уялбай кантип алып кетти кокуй, жаш кыз турмушту түшүнмөк беле?

— Ошону айтып жатабыз да, жашы жеткен кыз болсо биз дагы салт билебиз, кыздын бараар жери күйөө дегендей тосуп албайлыбы.

— Кой анда, мен Зиректи жөнөтөйүн, — деди Уулбү, — Чын бышыгын билели, өзү барбайт эле, жаш кызды көтөрө качышкан го.

— Ошентиңиз айланайын кудагый, — деп келген кудалардын бири кубанып кетти, — Кыз менен бала сүйлөшүп жүрүптүр.

— Сүйлөшүп жүрүшүптүр деп эле көтөрө качкан кантип болсун? — Сапийна эми гана өзүнө келгендей ыйлактай карады, — Мен өз көзүм менен көрүп, өз оозунан укмайынча эч кимге ишенбейм! — деп Уулбүгө кайрылды, — жеңе жүрү, убакытты өткөрбөй өзүбүз эле барып алып келебиз.

— Мейли, Темирди унаасы менен ээрчитип алалы.

— Жолдон түшүп алабыз, — деген Сапийна өзү чечкиндүүлүк кыла жөнөдү, алар Темирдин унаасына отуруп алып тигилер малын кайра жүктөп алып келип калышты, тууган уругу көп немеби же коңшу колоңун жыйып алганбы, эшигинин алды казганактаган эл экен, Сапийна менен Уулбү түшүп эле кызга жолукмак болду эле аны ээрчитип келип отурган бөлмөгө киргизди:

— Зайна! — Эне жетип эле кучактап калды, жаштыгыбы же өзү сүйлөшүп жүрүп көңүлүнө жаккангабы ыйлаган түрү жок, энесин карап:

— Апа, эмне болду? — деди.

— Кызым, сени алып качыштыбы?

— Апа, мен өзүм сүйлөшүп келдим.

— Эмне дейт? — Сапийна кызынын ачык кабагын көрүп кызыктай боло түштү, — Эмитен сага эрге тийип кереги эмне кокуй?!

— Апа-а, мен Эмилди сүйө-өм! — Зайна эркелей карады.

— Кийин ыйлап барчу болбо, өкүнбөс бекенсиң кызым? — Сапийнанын эне жүрөгү зырп эте кызын карап өзүнүн келген күнүн эстеди, ал өзүнө караштуу бирөө көзүнөн учуп, ыйлап жанына эч кимди жолотпой жатканда жеңеси келип калды эле аябай чаң салган. Көзүн бардап-бардап алды, — Турмуш оюнчук эмес балам, сен али жашсың, он алтыга дагы толо элексиң.

— Апа, мен өкүнбөйм, атама айтыңыз, мага капа болбосун.

— Мейли, бактылуу бол кызым, — Сапийна кызын бекем кучактап өөп коюп дароо чыкты, кудалардын тосконуна, чай-пай ич дегенине дагы болбоду, Уулбү экөө Темир менен кайра үйүнө келишти, Нуралы аны карады, Туралы менен Зуура дагы андан кандай сөз чыгат дегендей үн катпай кулак түрүүдө, бир топко чейин телмирип отуруп калды:

— Ой бирдеме дебейсиңби? — деди Нуралы.

— Кызың сүйлөшүп келдим дейт, — деген Сапийна буулуга буркурап ийсе болобу, — Аның күйөөгө тийгенге макул экен!

— Ошондой экен да… — Нуралы башын жерге салып отуруп калды.

— Эми болоор иш болуптур Сапи, — деди Зуура, — Кудай Зайнашка барган жеринен бак айтсын, өзү ыраазы кудай ыраазы деген бар го?

— Ооба жеңе, бармактай кызым өзүм келдим деп жатса айтаар сөзүм барбы?

— Эмесе кызым бактылуу болсун, — деди Туралы, — Эч кимиси жоктой кылбай кимдер барат чогулт Нуке.

— Ошентпесек болбойт, — деди Нуралы айласы түгөнгөндөй, — Бул жерде төртөөңөр турасыңар, Темир менен бешөө, тиги Насипа эжемди алгыла, Батыркан акени да кошкула, — деп оозун жыйгыча эшиктин алдында чоң машина келип токтогондой болду, бири-бирин карап калышты.

— Ачуу басарды кайра алып келишти окшойт, эми кабыл албасак уят, — деди Туралы инисине карап.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE