Пример HTML-страницы

Пресс хата 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс-хата.

 

2-болум

 

Рысбек коридордо баратат. Тагдыры не болот? Ал темир торго тушкондон тартып, турмонун чойросундо -адамдын эркин сындырып, аны малга чейин теноого аракет кылган, кубаттуу делген, зор механизм ага карай багытталганын билген жок. Кайдан билсин? «Кылмыш дуйносу» дем алып жашаган, белгисиз да белгилуу да «империяга» биринчи ирет баратса. Коркуу сезими ачык болгон жок, бирок жердин жети катар тубундогу, торт тарабы асты-усту чылк тумчуланган, зарлап кыйкырсан да унунду эч ким укппй турган карангы тунгуюкка туш болгондой сезим бар ичинде. Кун нурундай — кубатты колдоруна, жумуру башына, мышыктай женил басыктуу буттарына, жай, бир калыпта соккон журогунун толтосуна карай туш-тушка чачыраган мин-сан тамырларынан откон кан дургуп жыйрылып, дургуп жыйрылат. Эс кирип, токтолуп калган калган чагынан берки тутунганы — сабырдуулук болчу Рысбектин. Муну ал баарынан жогору койчу. Ашыкбаш суйлогонду, себепсиз кулгонду жактыра берчу эмес.

Азыркы, башына тушкон каран кун — озгочо чыдамкайлык, майтарылбас эркти, коктук менен ширелишкен сабырдуулукту талап кыларын туйду. Алтынчы сезими астыда катаал сыноолор кутуп турганын шыбырагансыйт. Мына, бугунку кункусун билбейт; кай жакка алып баратышат аны?.

Ырас жогортон буйрук болгон. «Ошол камерага алып баргыла!» — деген буйрук. Буйрукту угуп аткаруучулар алакандарын ушалашып, оздорунчо кудундошкон. «Рысбек?! » «Каратист дейби? Бокс боюнча устат имиш? » «Коробуз, анын кандай устат экенин? Качан деген эме тез эле желин чыгарат! Канча ур-таяктан отсо да журогу майтарылбаган карышкырларды заматта сындырат ал! Анык кок жал ошол эмеспи! «.

 

 

Рысбек мунун баарын билмек эмес. Мулдо баары жашыруун жасалып жаткан. «Пресс-камераны» турмонун жетекчилигинде турган бир ууч топ билбесе, мындан болок эч ким билууго тийиш эмес. Катардагы кызматкерлер да бул туралуу шыбыш укпасын. Антпесе, ооздон оозго, кулактан кулакка жетип олтуруп, «Кылмыш дуйносу» туптолгондон берки эрежелерин жол-жоболорун бузбай так сактаган; «Катаал, бирок адилеттуу! » — деген чечимге негизинен таянышкан турмонун «общагына» жетчу болсо, капсаланды куто бер! Эн биринчиден; «пресс-хатанын» канчанчы камера экендигин билип калышса, бутту, Сизо-нун аяк башына кабар чагылгандай тарайт. Ит билеби, булардын байланыш туйуну кантип иштээрин? Бир эмес, эки эшиги тен сыртынан кулптануу, терезесинен сыртка карай уч катар темир тордолгон, жадакалса кун нуру жыбылжып аран отот ичкерге, анан кантип танкалбайсын?

 

* * *

 

Бул турмо эмнени корбогон турмо? Жер оз огунда айланып, жылдар отуудо. Алмустактан, адамдар — эл жерин коргогон, боз уйдун ууктары сымак; шамалдан, ношорлогон жаандан калкалаган сыяктуу тегерете курчаган таяныч керегелерин болор-болбос айын соз учун сындырып, отко жагып, орттоп келишкен. Элге баш коз болчу намыска жараар уулдарын зынданга салып кыйнашкан. Оозунан жан соогалаган создор чыгаар бекен деп кутушкон желдеттер. Баатырдын журогуно эки миздуу шамшарды унгусуна чейин уруп, анын «омур-омур» деп сокконун токтотууга болот, а, эркин майтармак кайда?! Чыныгы баатыр журок жигиттер азыр да бар эл арасында. Копчулугу оргуп-ташкындаган кызуу кандуулугуна ээ боло албай, урунуп, беринип журуп, бара-бара, мезгил откон сайын каны коюлуп, мойсопут курагына жетип, бала-чакасын багам деп кор тирликтен башы чыкпай калгандар. Уй-булосу менен турук алган айылда, не шаар ичинде болобу, кадам сайын акыйкатсыздыкты, эр кендирин кескен куу турмушту корсо дагы кормоксон, билсе дагы билмексен, жаш кезиндеги каруу кучко таянган албуут кыялы жок, тээ, илгерки жоодо жаралуу болуп колу сынса, анысын мойнуна асып, буту сынса, канжыгасына асып коюп, башынан аккан кан кан козун корсотпой жаап калса да, шыпырып коюп согуша берген — кок жал бабасынан чон атасына, андан атасына отуп келатып ага токтогон — дургугон сол билегиндеги кызуу кандуу ачуусун он колу менен басып, терс бурулуп, басып кетээр. Байыркы жашоо кайда? Бир муштайм деп алгач уч жыл абак алып кийин, турмонун жыты денесине синген сон мурда баатыр атанса, азыр «авторитет» атанып, зым тикенек курчаган чойродо туз суйлоп, туз журуп, октон-чоктон кайтпаган жалтанбас муноз; учун турмонун башкаруучуларына жек корумчу болгон, омур бою тагдыры «Кылмыш дуйносуно» байланып калган жигиттер бар. Буларды — азыркынын баатырлары дейбизби?

Социализм доору гулдоп турган мезгилде «Ардак грамотасы» деген бир баракча же «Ударник комунистического труда» деген тошко илинчу жылтырак бир темир учун бир кундун нормасын уч кунго чейин жеткирип, кара жанын карч урган жигиттер коп эмес беле? Алар кайда азыр? Как чекени чызгыра куйкалаган кун нурунан колдору менен серепчилей калкалашып, ийне, тарактан баштап, ургачынын ич койногуно чейин жайнатып базарларда олтурушат. Заманды согуп жамандап коюшуп. Кез-кез, эки учоонун баштары бириксе, арактан «кылт» эттирип коюшуп. Балким ушуларды баатыр дээрбиз?

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE