Пример HTML-страницы

Кара-Сууда 49,5 млн сомдук спорт комплекстин курулушунда одоно кемчилик аныкталган. Объекттин бир бөлүгү бузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Учар айылындагы спорт комплексинин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, объекттин наркы 49,5 млн сомду түзөт. Долбоор боюнча имарат 2 блоктон турат (негизги блок 42*24 метр жана кошумча блок 12*12 метр), курулуш жумуштары «Олимп и Ко» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Курулуш башталгандан бери объектиге 10 млн сом каржыланган. 2024-жылдын планы боюнча 5 млн сом каралган. Подряддык уюм тарабынан спорт комплекстин пайдубалы орнотулуп бүтүп, дубалдары тургузулууда.

Мамкурулуш тарабынан объекттин кошумча блогунун сейсмикалык туруктуулугун камсыздаган конструкцияларынын монолиттик түркүктөрүн курууда орун алган одоно кемчиликтердин кесепетинен бузуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан подряддык уюмга курулуш жумуштары боюнча жолдомолор жиберилип турган.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Олимп и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Омаров Куштарбек Калмаматович. Компания 2022-жылы 14-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE