Пример HTML-страницы

Орозонун пайдалары. Орозонун ден соолукка тийгизген таасири жана пайдасы.

https://kyrgyzcha.site/?p=38051&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Орозонун пайдалары. Орозонун ден соолукка тийгизген таасири жана пайдасы.

 

Денени бул уулу заттардан тазалоонун бирден-бир табигий методу – ОРОЗО тутуу.

 

Орозо тутуу аркылуу кандай илдет, оорулардан арылса болот?

· Семирүү – Жер шарынын 1/3 бөлүгү жапа чеккен оору.

· Гастрит, ашказан язвасы. Калктын 50% бул илдетке чалдыккан (ич ооруйт, тил агарат, ооздон жагымсыз жыттар келе баштайт).

· Сахар диабети.

· Жүрөк кан-тамыр оорулары (инсульт, инфаркт ж.б.)

· Кан-тамырлардын атеросклерозу.

· Депресия, стресс.

· Аллергия, бронхиалдык астма, тери оорулары (псориаз, нейродермит, экзема), ар кандай инфекциялар.

· Тукумсуздук (бесплодие).

· Рак оорусунун желөөрчүлөрү (мастопатия, миома, эндометриоз).

· Орозо адамды жашартат, эрте карылыктан сактайт.

· Мындан тышкары ашыкча тамак, дары-дармекке кеткен чыгымдардан сактайт.

 

МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН КАРАГАНДА ОРОЗО ОРГАНИЗМ ҮЧҮН ЭКИ ФУНКЦИЯ АТКАРАТ:

1) Ооруну алдын алуу (профилактика) — үч күн орозо туткан адамдын денеси өз ичиндеги заттар менен азыктанууга өтөт: бактерия жана вирустар желип жоголот.

2) Ооруну айыктыруу — Орозо учурунда организмдин функцияналы өзгөрүп, тээ тереңдикте уктап жаткан механизмдер ойгонуп – дене жаңыча иштей баштайт. Дене өз ичиндеги радикалдык элементтерди ж.б.у.с. болочок оорулардын клеткаларын, вирустарын жеп тазалайт.

Орозонун диетадан айырмасы– диета адамдын өзүн-өзү кээ бир тамактардан тыюусу. М: жалаң гана мүйөз аш ичип, майлуу тамактарды колдонбоосу. Бирок Орозо – бул бардык тамак-аштардан баш тартуу, организмди толук ач калтыруу. Албетте, орозонун таасири диетага караганда аябай күчтүү.

 

МИСАЛ КАТАРЫ. ОРОЗО АРКЫЛУУ ТУКУМСУЗДУКТУ ДАРЫЛОО ЭКСПЕРИМЕНТЫ.

Абсолюттук тукумсуздук (стерильность) медицинада чанда гана кездешчү көрүнүш. Тукумсуздуктун бирден бир себеби инфекция же организмдин оорусу (М: семирүү). Аларды айыктыруу менен тукумсуздукту дагы айыктырса болот.

 

Окумуштуулардын байкоолору боюнча жаныбарлардын кээ бир түрлөрү семирип кеткенден кийин тукум бербей калышкан. Жаныбарлардын семирүүсү алардын денесинин алсыздыгына, демек иммунитетинин алсыздыгына алып келген. Ал эми алсыз денеге инфекциялар да тез кирет эмеспи.

 

Тукум берүү функциясын жандандыруу үчүн жаныбарларды ачка калтыруу – бодо мал, тоок, үй канаттуулары, балыктар үчүн колдонулуп көргөн. Натыйжалары жакшы. М: тукум бербей калган балыктарды көп убакытка чейин ачка таштап койгондон кийин алар кайра икраларын чача башташкан.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE