Пример HTML-страницы

40 жаштагы Салтанат Абашова 9 кыздын апасы

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Таш-Башат айылынын 40 жаштагы тургуну Салтанат Абашова 9 кыздын апасы. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы баатыр эне менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Май айылында туулган. Жолдошу Руслан Абашов экөө 2006-жылы баш кошкон.

«Негизи көп балалуу болом деп ойлогон эмесмин. Бирок кудайым буйруп, ден соолуктары чың, акыл-эстүү 9 кыздуу болдук. Эгиз болушса деген кыялым бар болчу. Ошол тилегимди берип, эң кенжелерибизди Сафия, Альфия аттуу эгиз кыздар жарыкка келди. УЗИге барганда эмнегедир эгиз болуш керек деп сезгем. Эгиз деп укканда жолдошум дагы өзүм дагы абдан сүйүнгөнбүз.

Бардык кыздарымды төрөтканадан жолдошум тосуп алат. Ал ар бир кызынын көңүлүн карап, абдан жакшы көрөт. «Жараткан 9 кызыбызга ден соолук узун өмүр берсин. Акылдуу, ыймандуу болуп чоңоюшун тилеп отурабыз. Бизди ушул кыздар бейишке алып кирет. Жакшы чоңойсун» деп айтып калат атабыз. Буйруса 9 уулубуз болот деп отурабыз.

Үйдүн жумушу, эшиктин жумушу дебей бардык жумушту кылышып, колубузга кол болушат. Арабаны өздөрү башкарып, талаа иштерин бүтүрүп, абдан мээнеткеч. Там салабыз деп атасы экөөбүз курулуш менен жүрүп калдык. Бири-бирин карап, бирине бири көз салып, чоңу кичинесин багып жатышты.

Абдан көңүлдүү үй-бүлөбүз. Ар бир кызыбыздын өнөрү бар. Жайында эс алууга чыкканда, ат араба менен жарышып чаңда калып, чачыбыздын баары ак басып, суу чачышып бири-бирибизди кубалап кыздарым менен абдан сонун күндөр өтөт», — деди ал.

Салтанат айымдын кыздары:

1. Рабиля Надырбаева 2007-жылы төрөлгөн;

2. Надырбаева Гүлнүр 2008-жылы төрөлгөн;

3. Надырбаева Гүлназ 2010-жылы төрөлгөн;

4. Надырбаева Жаңыл 2013-жылы төрөлгөн;

5. Надырбаева Акылай 2016-жылы төрөлгөн;

6. Надырбаева Алтынай 2018-жылы төрөлгөн;

7. Надырбаева Аруужан 2021-жылы төрөлгөн;

8. Надырбаева Сафия 2023-жылы төрөлгөн;

9. Надырбаева Альфия 2023-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE