Пример HTML-страницы

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы мектептин ачылышына келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-апрель күнү Жалал-Абад шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда №18 «Манас-1000» жалпы орто билим берүүчү мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул саамалыктын алкагында өлкө башчынын старт берүүсүндө Сузак районундагы 3 мектеп онлайн ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Кайсы гана өнүккөн өлкөнү албайлы, билим менен бийиктиктерди багындырып келе жатат. Билимдүү жаштарыбыз — улутубуздун уңгусу деп айтар элем. Республикабызда жаңы окуу жылынан тарта билим берүү мектептерибиз 12 жылдык окуу программасына өтөт. Анда адистештирилген класста өзгөчө көңүл бурулат. Мындай аракеттер бүткүл дүйнөлүк бирдиктүү стандарттарына кошулуп, балдарыбыздын өнүгүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет», — дейт ал.

Жалал-Абад шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы орто билим берүүчү мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2019-жылы башталган. 275 орунга ылайыкташып, жалпы 82 миллион сом акча каражаты жумшалган. Тендерден «СК УНИВЕРСАЛ» ЖЧКсы утуп алган.

  • Онлай форматта пайдаланууга берилген №21 С.Эшматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Үлгү айылында жайгашкан.

1926-жылы 200 окуучуга ылайыкташтырылып, 1 кабаттуу мектеп курулган. Учурда анда 26 мугалим эмгектенип, 2 кезмет менен 311 окуучу билим алат.

Жаңы мектептин имаратынын курулушу 2023-жылы башталган. Республикалык бюджеттин эсебинен акча каражаты сарпталып, сметалык баасы 129,0 млн сомду түзгөн. Тендерден 98,0 млн сомго «СУУ КУРУЛУШ» ЖЧКсы утуп алган. 375 орундуу мектеп 2 кабаттан туруп, спорт залы жана ашканасы камтылган.

  • Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Чокмор айылында жайгашкан №46 Б.Алыкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

275 орунга ылайыкташкан мектептин курулушуна жалпы 85 млн 137 миң сом жумшалган. Тендерден «Оомат-Наби» ЖЧКсы утуп алган.

  • Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан №109 К.Осмоналиев атындагы орто мектебинин имараты пайдаланууга берилди.

1998-жылы 40 орундуу башталгыч мектеп болуп ачылган. Учурда мектепте 10 мугалим эмгектенип, башталгыч класстарда 2 кезмет менен 115 окуучу билим алат.

Жаңы мектептин имаратынын курулушу 2022-жылдын октябрь айында башталган. 225 орунга ылайыкталган мектепти бүткөрүүгө 57 млн сом жумшалган. Мектептин курулуш иштери «Сапат-Нур» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE