Пример HTML-страницы

Ата энем бар туруп алардын ордун сезген жокмун

https://kyrgyzcha.site/?p=11986&preview=true Кызыктуу окуялар.

АТА-ЭНЕМ БАР ТУРУП АЛАРДЫН ОРДУН СЕЗГЕН ЖОКМУН

 

– Мен таята-таенемдин колунда чоңойдум. Апам борбордо университеттердин биринде мугалим болуп иштечү. Математика илиминин доктору, даражасы бар. Кичинемден эле апамдын жанында көп болгон жокмун. Ал мага дайыма муздак мамиле кылчу. Эс алуу күндөрү келгенде деле үйрүлүп түшүп сагынганын айтчу эмес. Алыскы туугандардай эле бетимден эки өөп койчу. Мага мээримди, сүйүүнү таятам менен таенем берди. Балалык дегенде таятамдын эркелетип ойнотуп жүргөнү, таенемдин таң эрте бышырган пирожкиси көз алдыма тартылат. Алар мени урушчу эмес, дайыма эркелетишчү. Ойлоп көрсөм, экөөнүн жалгыз эрмеги мен болуптурмун. Алар канча эркелетпесин өз апамдын эркелетишин, мени башка кыздардын апасындай болуп мектепке алып барышын самачумун. Бирок апам эч бошочу эмес. Мен ыйлаган сайын таенем мени жооткотконго аракет кылчу:

– Апам келип мектепке алып барсынчы. Башкаларды апалары алып барат. Мени болсо таятам,- деп ыйлап баштадым.

– Ой, алтыным, апаң жумушунан бошобой жүрбөйбү.

– Эмнеге башкалардыкы бошойт?

– Алар сенин апаңдай чоң окуу жайда иштебейт да.

– Аа, эмне апам килейген жерде иштейби,- деп алаксый түшөм. Таенемдин бул сөзү мага кубат берет. Ичимден “аа, менин апам кыйын турбайбы, чоң окуу жайда иштесе жумушу оор болсо керек” деп апамды аяп, аны менен сыймыктанып калчумун. Апамдын мени мектепке алып барышын, мени кучактап сүйүшүн күтүп жүрүп чоңоюп, өз алдымча болуп калдым.

9-класс кезимде таятам каза болду. Бир чоң үйдө таенем экөөбүз калдык. Таятамдын жоктугу таенем экөөбүзгө тең оор болду. Мен ыйлайм, мага кошулуп таенем ыйлайт. Апам кез-кезде келип-кеткени менен, баягыдай эле ойлуу, өзүнүн ойлорунан бошобогондой эле бизге көңүл бурбайт.

Бир жолу таенем ооруп, апамды чакырттык. Мен мектептен келсем үйдө бир эркек кишинин бут кийими туруптур. Кирсем ашканада бир киши отурат. Мен тааныбаган туугандарыбыздан го, таенемди көргөнү келгендир дедим. Окуу кийимдеримди алмаштырып келип чайга отурдум.

 

– Сайкал, бул сенин атаң,- деп эле апам тарс эттире айтып салды. Селейип отуруп калдым. Бул күнгө чейин ата тууралуу ойлонбоптурмун. Апамдын сүйүүсүн күтүп жүрүп атамдын бар экенин деле ойлонбосом керек. Жүгүрүп эшикке чыгып кеттим. Ал киши кеткиче үйгө киргим келген жок. Көз байланып караңгы кирип калганда “Сайкал, Сайкал” деп кыйкырган апамдын үнү угулду. Сарайда жашынып отургам, чыккым келген жок. Бирок таенем укса кабатыр болуп ого бетер ооруп калбасын деп үйгө келдим. Баягы сары, бою узун киши кетиптир. Апама дагы унчуккан жокмун. Бирок ичимден ата деген адам тууралуу ой пайда болду. Мурдакыдан кыйла өзгөрдүм, кошуна балдардын аталарын, атасы менен алардын мамилеси кандай экенин карай баштадым. Ичимде дайыма бир түшүнүксүз сезим жашай баштады. Атамдын эч качан мага келбегенине таарындым. Ушул күндөрү таенем бул дүйнө менен кош айтышты. Мен бүт дүйнөмдү жоготкондой болдум. Мени чоң коркунуч каптады, өзүмдү жападан жалгыз калгандай сездим. Мындан ары кантип жашайм деген ой гана башымда болуп жатты. Апам мени шаарга алып кетти. Бирок бир үйдө жашаганыбыз менен апам экөөбүздүн мамилебиз баштагыдан өзгөргөн жок. Атам болгон киши да мага жакындаган жок. Ата-энем бар туруп алардын ордун сезАТА-ЭНЕМ БАР ТУРУП АЛАРДЫН ОРДУН СЕЗГЕН ЖОКМУН

 

– Мен таята-таенемдин колунда чоңойдум. Апам борбордо университеттердин биринде мугалим болуп иштечү. Математика илиминин доктору, даражасы бар. Кичинемден эле апамдын жанында көп болгон жокмун. Ал мага дайыма муздак мамиле кылчу. Эс алуу күндөрү келгенде деле үйрүлүп түшүп сагынганын айтчу эмес. Алыскы туугандардай эле бетимден эки өөп койчу. Мага мээримди, сүйүүнү таятам менен таенем берди. Балалык дегенде таятамдын эркелетип ойнотуп жүргөнү, таенемдин таң эрте бышырган пирожкиси көз алдыма тартылат. Алар мени урушчу эмес, дайыма эркелетишчү. Ойлоп көрсөм, экөөнүн жалгыз эрмеги мен болуптурмун. Алар канча эркелетпесин өз апамдын эркелетишин, мени башка кыздардын апасындай болуп мектепке алып барышын самачумун. Бирок апам эч бошочу эмес. Мен ыйлаган сайын таенем мени жооткотконго аракет кылчу:

– Апам келип мектепке алып барсынчы. Башкаларды апалары алып барат. Мени болсо таятам,- деп ыйлап баштадым.

– Ой, алтыным, апаң жумушунан бошобой жүрбөйбү.

– Эмнеге башкалардыкы бошойт?

– Алар сенин апаңдай чоң окуу жайда иштебейт да.

– Аа, эмне апам килейген жерде иштейби,- деп алаксый түшөм. Таенемдин бул сөзү мага кубат берет. Ичимден “аа, менин апам кыйын турбайбы, чоң окуу жайда иштесе жумушу оор болсо керек” деп апамды аяп, аны менен сыймыктанып калчумун. Апамдын мени мектепке алып барышын, мени кучактап сүйүшүн күтүп жүрүп чоңоюп, өз алдымча болуп калдым.

9-класс кезимде таятам каза болду. Бир чоң үйдө таенем экөөбүз калдык. Таятамдын жоктугу таенем экөөбүзгө тең оор болду. Мен ыйлайм, мага кошулуп таенем ыйлайт. Апам кез-кезде келип-кеткени менен, баягыдай эле ойлуу, өзүнүн ойлорунан бошобогондой эле бизге көңүл бурбайт.

Бир жолу таенем ооруп, апамды чакырттык. Мен мектептен келсем үйдө бир эркек кишинин бут кийими туруптур. Кирсем ашканада бир киши отурат. Мен тааныбаган туугандарыбыздан го, таенемди көргөнү келгендир дедим. Окуу кийимдеримди алмаштырып келип чайга отурдум.

 

– Сайкал, бул сенин атаң,- деп эле апам тарс эттире айтып салды. Селейип отуруп калдым. Бул күнгө чейин ата тууралуу ойлонбоптурмун. Апамдын сүйүүсүн күтүп жүрүп атамдын бар экенин деле ойлонбосом керек. Жүгүрүп эшикке чыгып кеттим. Ал киши кеткиче үйгө киргим келген жок. Көз байланып караңгы кирип калганда “Сайкал, Сайкал” деп кыйкырган апамдын үнү угулду. Сарайда жашынып отургам, чыккым келген жок. Бирок таенем укса кабатыр болуп ого бетер ооруп калбасын деп үйгө келдим. Баягы сары, бою узун киши кетиптир. Апама дагы унчуккан жокмун. Бирок ичимден ата деген адам тууралуу ой пайда болду. Мурдакыдан кыйла өзгөрдүм, кошуна балдардын аталарын, атасы менен алардын мамилеси кандай экенин карай баштадым. Ичимде дайыма бир түшүнүксүз сезим жашай баштады. Атамдын эч качан мага келбегенине таарындым. Ушул күндөрү таенем бул дүйнө менен кош айтышты. Мен бүт дүйнөмдү жоготкондой болдум. Мени чоң коркунуч каптады, өзүмдү жападан жалгыз калгандай сездим. Мындан ары кантип жашайм деген ой гана башымда болуп жатты. Апам мени шаарга алып кетти. Бирок бир үйдө жашаганыбыз менен апам экөөбүздүн мамилебиз баштагыдан өзгөргөн жок. Атам болгон киши да мага жакындаган жок. Ата-энем бар туруп алардын ордун сезген жокмун.ген жокмун.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE