Пример HTML-страницы

Каныбек Туманбаев «Арсланбоб» жана «Арстанбап-Ата» пансионаттарынан кабар алды

Акыркы жанылыктар

TurmushБазар-Коргон районундагы «Арсланбоб» пансионаты менен «Арстанбап-Ата» туристик пансионаты Кыргызстандын президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев аталган объекттердин абалы менен таанышып чыкты. Ал таанышуунун жүрүшүндө объект канча жылдан бери иштеп жатканын сурады. Ага 30 жылдан бери иштеп келе жатканын айтып жооп беришти.

Пансионат төлөмү 300 миң сом экени айтылды.

«Сиз жакшы пайда таап жатасыз. Абалын караңыз. Төлөгөнүңүз болгону 300 миң сом. Акыйкатка кайтыш керек. Бул жерден сиз жакшы эле пайда көрүп жатасыз. «Жакшы пайда көрүп жатам. Бирок мамлекетке, профсоюздарга эч нерсе бербей жатам» деп эле ачык айтпайсызбы. Эртеңден баштап сиз менен 100% келишимди жокко чыгарабыз. Мындан ары 30 жылдан бери бир гана үй-бүлгө иштеп келген нерсе болбойт», — деди Каныбек Туманбаев пансионаттын жетекчисине.

Садыр Жапаров 22-ноябрда эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо иш-чараларын натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анда 2027-жылдын 31-декабрына чейин «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмесинин (Профсоюздар федерациясы) Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын аймагындагы санаторий, курортторго жолдомо берүүгө мораторий киргизилген.

— Фондго түшкөн каражаттар санаторий-курортторду оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

  • Президент 2023-жылдын 10-сентябрында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн «Жыргалаң» санаторийине барган. АндаПрофсоюздар федерациясынын жетекчилигин анын балансында турган санаториялык-курорттук жана туристтик объектилерди натыйжасыз башкаргандыгы үчүн катуу сынга алган болчу.

2023-жылдын ноябрында Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү маалымат жыйын беришкен. Федерациянын жетекчисинин орун басары Омор Арстанбеков 8 курорттук мекемени президенттин иш башкармалыгы менен Министрлер кабинетине өткөрүп берүү чечими кабыл алынганын айткан.

Алар:

— «Жети-Өгүз» санаторийи;

— «Кыргызстан» санаторийи;

— «Арсланбоб» пансионаты;

— «Чолпон-Ата» эс алуу үйү;

— «Ош» дарылануу пансионаты;

— «Арстанбап-Ата» туристтик пансионаты;

— «Ош» туристтик комплекси;

— «Улан» балдардын ден соолугун кабылына келтирүү борбору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE