Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 18 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

18-болум.

Замир, менин сага айтаар сөзүм бар, — деди ары жактагы деңиз көрүнүп турган терезенин жанында туруп.

 

— Айта бер, кулагым сенде.

 

— Бирөөнүн баласынын эмне кереги бар сага, алдырып койсом жакшы болот эле.

 

— Жок, мен адам эмес итке да зыян кылгым келбейт, чоңое берсин ал, эми менин да балам.

 

— Жо-ок, баары бир кийин айтылат, — деди Камила ойлуу, анан баарын Замирге айтып берди. — Ошондой, мен азыр атамды жек көрөм, көргүм да келбейт.

 

— Эчтеке эмес, мен өзүм макул болуп жатам го?

 

— Адегенде ал деле ошенткен экен, эми ойлосом апамдын кулагын жеп жүрсө керек, апам оорулуу болуп калды…

 

— Кам санаба, гүлүм, сенин жүрөгүңдү оорутканча өзүмдү кыйып салам.

 

— Койсоңчу!

 

— Ишен мага, гүлүм, сенин менин жанымда жүргөнүң канчалык кымбат, ишимди да жакшы жүргүзүп жатам, ак жолтоюм менин, экинчи мага мынабу жөнүндө сүйлөбөй жүр, — деп Замир кучактап өөп, курсагын сыйпалап койду.

 

— Ма-акул, бирок качандыр бир кезде сөз боло турган болсо ушул баланы өзүм жайлап салам! — дегенде Замир анын оозун баса калды.

 

— Жинди десе, бул эми менин да балам, менин дагы каным кошулуп калбадыбы, сен болоор-болбос түйүлдүк алып келсең мен аны чоңойтуп жатам, — эңкейип жүзүнөн өөп койду. — Экинчи мындай сөз болбосун!

 

— Болуптур экинчи мындай болбойт.

 

— Ардагым менин, жыпар гүлүм, муңайбай жүрчү, кааласаң азыр Денис менен сүйлөштүрөм, Аруужанды сүйлөштүрүп кой де, макулбу, жан эркем?

 

— Макул, кызымдын үнүн уксам кандай бакыт? — Камила ойлуу терезе жакка басты. — Эми мени Денис ага сүйлөштүрбөйт го?

 

— Эмнеге?

 

— Кызым энесин унутуп калды да?

 

— Андай эмес, таш боор болбосо эне-баланы сүйлөштүрөөр…

 

— Билбейм…

 

— Азыр чалам, — Замир телефонду терип тыңшап калды. — Мына кетти.

 

Камила ала коюп:

 

— Алло, Денис, кандайсың, Аруужан чоңоюп жатабы? — деди үнү буула.

 

— Жакшы, Камила, сенсиңби, азыр Аруужанды чакырайын, — деп сыртка чыккандай болду. — Аруужан бери кел, апаң менен сүйлөшөсүңбү?

 

— Аний, — оюнга кызыккан Аруужан болбой койду эле Денис жетип барып: — апаң менен сүйлөш, — дегени угулду.

 

— Аний, апам ана тиякта жүйбөйбү?

 

— Камила апаң, бол эми апа де, — Денис кулагына телефонду алып барды.

 

— Алло, Аруужан кызым, чоңоюп жатасыңбы?

 

— Апа, мен чоңойду-ум.

 

— Алтыным, күчүгүм десе, мени унутпа ээ?

 

— Ооба-а.

 

— Садагам, — Камила буулугуп кетти. Телефон байланышы үзүлдүбү же өчүрүп койдубу угулбай калды. Денистин жүрөгү лакылдап жаман болду, тааныш үн анын көңүлүнө бүлүк салды, кайра дагы чалабы деп көпкө күттү, бирок чалбады. Жанында турган Айымканды кызганыч ээлеп алды, ал жерди тиктеп ойлуу турган Денистин жанына басып келди.

 

— Денис, эмнеге ойлонуп калдың?

 

— Ойлонгон деле жокмун…

 

— Көрүнүп турат го, аялыңды аябай сүйчү белең?

 

— Анын сага эмне кереги бар? — Денис ары карай жиндене басып баратканда Айымкан жете келип булкту:

 

— Эмне жашырасың, аялың менен сүйлөшкөндөн кийин эле тултуюп калдың го?

 

— Эмне болуп турасың, соосуңбу деги, ал Аруужандын үнүн угайын дегенинен кызын чакырбадымбы?

 

— Сүйлөштүрбөй эле койбойт белең?

 

— Эмнеге, энеси экени жалганбы?

 

— Таштап койгон эненин ага эмне кереги бар, атын да билгизбей коюш керек, баласын таштаган эне энеби?

 

— Ал таштаган эмес!

 

— Анан эмне, аякта иштеп жүрөбү, кайра жарашасыңбы? — Айымкан тултуңдап жинденип жатты. — Андай болсо ошонуңду алып келип ал! — деп үйгө кирип, кийим-кечесин жыйыштыра баштады. Анын үйгө кирип кеткенинен оюнда эчтеке жок эле сыртта калган, кийимин жыйыштырып бараткан Ажар ага:

 

— Эмне болду, балам кайда жөнөдүң? — деди.

 

— Үйгө кетем!

 

— Эмнеге? — Ажар таңгала карап калды, ал келин-уулунун сырттан чукулдашканын уккан эмес. — Төркүлөткөндөн кийин барасыңар да, кагылайын.

 

— Төркүлөбөй эле койдум, азыр кетем! — деп жулуна жөнөгөндө кошо чыкты.

 

— Камиланы алып келип алсын!

 

— Кокуй эмне дейт, Денис экөөңөр урушуп калдыңарбы?

 

— Эмне болду? — деди аларды көргөн Денис.

 

— Айымкан кетем деп атат го, балам?

 

— Эмнеге?

 

— Кайдан билем?

 

— Түштөн кийин билбей калышат, аялы менен сүйлөшүп жатпайбы? — Айымкан долулана ыйлап ийди.

 

— Кой, кагылайын балам, урушпагыла.

 

— Айымкан, андан башка дагы эмне шылтооң бар, ошону үчүн эле кетмекчисиңби? — Денис аны ачуулана карады.

 

— Андан башка дагы кандай шылтоо болуш керек, сен аялың менен сүйлөшүп жатсаң отура беришим керекпи, келгенче кетип турайынбы?

 

— Качан сүйлөштүң эле кокуй, аның чала койдубу? — Ажар уулуна карады. — Сүйлөшпөй эле койбойт белең?

 

— Мени менен сүйлөшкөн жок, Аруужанды сүйлөштүрдүм.

 

— Ий кокуй ий, кой эми, садага кетейин, үйгө кире гой, аны кеткен катын деп коет, баласы да шоруң каткыр, аны түшүн, балам, куда-кудагый сураса эмне дейсиң? Ызаат-сый менен барган жакшы төркүнгө, мына күздө алдыңа түшөбүз, ошондо барасың, — деп Ажар келинине жалдырай карап, колундагы сумкаларын алып болбой алып кирди.

 

Айымкан үйгө кирип, тултуюп отуруп алды. Аймира казан-аягында, күндө Айымкан жардам бере койчу эле бүгүн баарын өзү жасап жатты. Анын дагы кыялы өзгөрүлүп, бөлүнүп кетем деген ою ордунан чыкпай кыжаалат болуп жүргөн кези. Айымкандын отуруп алганына жини келип:

 

— Деги менден башка эч ким түтпөйт экен го, өмүр бою күңдүккө келгендей казан башында жүрөм, — деди Азим жанына келгенде.

 

— Сага эмне болуп кетти эми, кыялыңды карматпа, атамдар угуп калса капа болот.

 

— Укса уга берсин, мен күйпүл күчүк казан башынан кетпейм, башка келиндери асмандан түшкөнсүп кермейе беришет, мени деле ата-энем элдей багып өстүргөн.

 

— Болду эми, жинди болбо.

 

— Болбосо бөлүнөм, же мен дагы төркүнүмө кетем.

 

— Болуптур эми, Денистерди төркүлөтүп келгенден кийин бөлүнүп кетебиз, ага чейин чыдай тур, — деп Азим аялын тыйып койду, ата-энесинин угуп калаарынан коркту, анткени алар укса дароо эле бөлүп жибермек.

 

Бирок Азим эч жакка бөлүнгүсү жок болчу. Эки баласы бар. Бирөөсү беш жашта, бирөөсү окуп калган.

 

— Төрт баласын таштап коюп, акемдер деле кетип калды го?

 

— Алар келсе эки баласын алып кетет, орун алып калышыптыр.

 

— Ээн-эркин жүргөн аларга деле жакшы да, эки кишиге тамак жасап коюп жатып алат, — Аймира бир аз кыялы оңоло түштү.

 

— Апамдарга угузуп жанагы сөзүңдү сүйлөбөй жүрчү, угуп калса капа болуп калышат, кары кишилер бат таарынат эмеспи.

 

— Бөлүнүп кетсек болот эле го, тиги бала үйлөндү эми, биз дагы кетели, өмүр бою жүрө бербей.

 

— Макул эми, күздө кетебиз, куданын алдына барып келели, — Азим жер карай күңкүлдөдү эле Аймира жарылып кетти:

 

— Атамдардан бөлүнгүң жок, эмчек эме тургансып эле чыккың келбейт, элдин баары эле өзүнчө жашап жатышат го, сен эмне бирдеке болосуңбу, ата-энесинен бөлүнүп өлбөй жашап жатышат.

 

— Болду эми, ажылдай бербей, айттым го күзүндө бөлүнөбүз деп, — Азим атасы келатканын көрүп, ары басып кетти. Ошол убакта Айымкан чыгып Аймираны көздөй барды:

 

— Жеңе, бүтүп калдыңызбы?

 

— Ооба, повар болуш да оңой эмес да, кечке казанда жүрүшүң керек, тим эле тажап кеттим.

 

— Калганын мен кылам, үйгө кире бериңиз, — деп Айымкан жайдаңдай жанагы ачуусунун бири жок, заматта жаркылдай өз ишин жасап кетти. «Жаш да, көктүгү жок бечаранын, кызганса кызганат да» деп ойлоп калды Денис. Камила чалгандан бери аны ойлонуп калды: «Балким ал биякка келмектир, сүйлөшүп көрсөмбү, аял алганымды айтайын, эмне дээр экен, эгер келем десе мен шаарга кетип калам, ошол жактан жашап алабыз» деп ойлоп таң эрте көчөгө чыгып кетти. Телефонуна жүз бирдик салып жөнөттү. «Кетти» деп алды кудуңдай. Бир аздан кийин эркектин үнү угулганда супсуну сууй түштү да, аргасыз:

 

— Алло, кечээ ушул номер менен Камила сүйлөштү эле, — деди.

 

— Ал үйдө, мен күйөөсүмүн, экинчи чалба, кызы менен эле сүйлөшүп алсын дегем, — деп өчүрүп койду.

 

«Демек, күйөөгө тийген экен да, эми келбейт, аны зордоп үйлөнүп алган тура, мейли бактылуу болсо эле болду. Кой, Айымканды капа кылбай, жашай берейин, тагдыр ушундай болот тура, эх дүйнө, сүйгөнүм менен жашоого болбоду» деп ойлонуп келе берди. Ал келгенде Айымкан тосуп алып:

 

— Денис, мен ооруп жатам, ашказаным ооруп калса керек, врачка көрүнүп келейинчи, — деди.

 

— Макул, барып көрүнүп кел.

 

— Сенчи, экөөбүз баралычы, — эркелей сүйлөдү. — Эмне мени менен баскың келбей калдыбы? — деп таарына кетти.

 

— Ошого деле таарына бересиңби, мейли барса барып келели. — Денис үйгө кирип кийимин алмаштырды, Айымкан да кийинип колтукташа үйдөн чыкты.

 

— Кайда жөнөдүңөр, балам, — Ажар карап калды.

 

— Апа, Айымкан ооруп атам дейт, доктурга барып келели.

 

— Ии-ий, мейли, — деп кала берди: «Окшошкон арамдар, ээрчишип баскысы келсе керек да, жаштык кандай гана керемет учур, жарашыктуу сулуулугу ажайып эмеспи, кайран доор өтөт экен го билинбей гана» деп ойлогон Ажар аларды узата карап турду.

 

— Сизге эмне болду, апа, ойлонуп калыпсыз да? — Аймира кайненесинин жанына келип туруп калды. — Тигилер каякка кетти? — деп Денистерди карай ээк кагып койду.

 

— Келин ооруп атам деп, доктурга кетти.

 

— Аа-а, күйөөсүнө эркелеп аткан го?

 

— Ботом, ооруса көрүнөт да?

 

— Деги дейм да, — Аймира кайненесине шынаарлай калды. — Апа дейм, биз бөлүнсөк болот эле, кандай дейсиз, өмүр бою эле сиздер менен жүрө бермек белек?

 

— Апей ботом, каякка бөлүнөсүңөр? — деп эне чоочуй келинин карады.

 

— Кайда бармак элек, апа, элчилеп биз деле иштеп көрөлү да, атам экөөңөргө жамынып отура бербей.

 

— Кой, балам, Алмаздар жүрбөйбү шаарда, жетишет ошол, силер азып-тозбой эле үйдө болгула, капырай эмнең жетишпейт, кийим-кечең элдикиндей, кардың ток, балдар багылып атат…

 

— Апа биз дагы өзүбүзчө жашап, мээнет кылып көрбөйлүбү, бекер оокатка көнүп алсак кийин кантебиз? — Аймира «силердин көзүңөр өтүп кеткенде» деп айтып ийе жаздап токтоду.

 

— Жаштар шаарды эле көксөп туруп аласыңар, жөн бир барып келгилечи, Алмаздардын жашоосу кандай болуп атыптыр, мен атаңа айтайын, — деп Ажар келининин бөлүнөм дегенине түпөйүл боло үйгө кирип кетти.

 

Калмурат үйгө токтобойт, өзү теңдүү чалдар менен кобурашып жүрө бермей адаты бар, жашы жетимиш жетиде болгону менен күүлүү. Балдарын элден кем кылбай тарбиялап өстүрдү. Эми өзүнчө ойлонуп жүрөт: «Кокус жаман айтпай жакшы жок дейт, көзүм өтүп кетсе балдарым жаман көрүп калбасын, малды үчөөнө тең бөлүп коеюн, кудайга шүгүр» деп ойлонуп балдарын чогултмак болду.

 

— Алмаздар кантип жатты экен? — деди бир күнү кечинде.

 

— Ким билет, соода кылып атышкандыр, Денис көрүп келбедиби жакшы экен деп.

 

— Аны келип кет деп койсун, Азимге айтчы.

 

— Эмнеге?

 

— Бир жылдан бери келбей койду, эмне?

 

— Колдору бошобой жаткандыр, сүйлөшүп эле жатбайбы.

 

— Өзүн көргөндөй болмок беле? — Кемпирин жактырбай сүйлөдү.

 

— Чакырсаң чакыр, келип кеткиле дейби?

 

— Ооба, үчөөнү чогултуп, энчини улак-козуга чейин бөлөйүн.

 

— Иий, — деп алды Ажар. — Канчадан бери эле бөлүп берем деп бөлө албай жүрөсүң, — деп аны карап күлүп койду. — Акыры ошолордуку да.

 

— Менчикке жетпейт да, атаң эчтекеге ээ кылбайт деп жүрбөсүн келиндер, — Калмурат Ажарды карады. — Бөлүп бербесек өзү билгендей сата алышпайт, пайдалана албайт, экөөбүздөн тартынат да, ээлик кылсын өздөрү.

 

— Өзүң бил эми, Алмаздыкын бөлүп кое бер, телефондон айтып коет балдар. Алар ошентип отурганда Азим келди, ал жазгы айдоодо жүргөн эле. Жер айдатып буудай, семичке, картошка тигишет. Жаз болду жаны тынбай эмгектенбесе кайдан.

 

— Кел, балам, кандай ишиң, бүттүбү айдоо?

 

— Аз калды, — Азим отура калды. — Май түгөнүп калбадыбы, бүгүн бүтүп калат эле.

 

— Шашкан шайтандын иши, балам, ар бир иштин сааты бар, сааты бүтмөйүнчө иши бүтпөйт, калганы эртең деле бүтөт, — Калмурат уулун жооткотуп акыл-насаатын айтып отурду, карысы бардын ырысы бар деген ушул да, ар дайым чыдамкайлыкты, токтоолукту үйрөтүп келет. Ырыскы кандай болгондо жугат, аны айткандан тажабайт. Эне бир жагынан бирин-бири сыйлап турууга, угууга үйрөтөт. Ошондуктан аралары эки-үч жаш болсо да бирин-бири сыйлап турат.

 

— Ата, эртең керосин алыш керек, он литр жетет.

 

— Мына, балам, керосин алып бүтүрүп ал, — Калмурат аксакал Азимге акча сунду.

 

— Эмнеге көп бердиңиз? — Азим атасын карады.

 

— Керегиңе жарат, ашса келинге бер, керегин алып алсын.

 

— Макул, — деп тамак жасап жаткан аялын карап койду. Ал эч нерсе укпагандай ишин жасай берди. Аңгыча Денис менен Айымкан келип калды, Денис Азимдин жанына отуруп, Айымкан бөлмөсүнө кирип кетти.

 

— Эмне болду, көрүндүбү? — Ажар уулун суроолуу карады.

 

— Ооба, — Денис жер карап жооп берди.

 

— Эмне деди?

 

— Билбейм, өзүнөн сураңыз, — күңк этти.

 

— Ботом сага айткан жокпу?

 

— Жок. Денис эчтеке деп айткан жок, анткени боюнда бар экенин айткандан уялды. Ажар унчукпай калды.

 

— Анча эмне такыйсың, өздөрү сүйлөшөт да, шашпай уксаң болбойбу? — Калмурат кемпирин тыйды. — Өздөрүнчө кеңешет да.

 

— Ооруп атса эмне болду деп сарсанаа болот экенсиң да…

 

Ажар ойлонуп калды: «Чунактар дегеле сырын айтпайт, деги жашап кетсе экен, балаң кургур муну Камиладай көрбөй, бой салбай жүрөт окшойт, аны күйүп-сүйүп алды эле» деген ойдо отуруп калды. Күндөгүдөй эле жашоо-тиричилик өз орду менен. Денис телефонун үйдө калтырып кеткен экен, Айымкан аны кармап отуруп чоочун номерди көрүп: «Чалып көрөйүн, эгерде Камиласы болсо сөзсүз кетем да ичимдегини билине электе алдырып салам» деп басты эле гудок кетти. Тыңшап калды, ошол кезде Замир үйгө келип уктап жаткан, Камила ала койду:

Алло, Денис, Аруужан чоңоюп калдыбы?

 

— Сен кимсин, мен Денистин аялымын, экинчи чалбай жүр, Аруужанды ойлонбо уктуңбу, ал сени унутуп калган! — Айымкан ачуулана сүйлөгөндө Камила токтоо гана:

 

— Мен энесимин, мени унуттурууга эч кимдин да акысы жок, а сен Денис менен бактылуу бол! -деп коюп койду. Айымкандын жини келип күйөөсүн күтүп жатты: «Сени шашпа, көрсө бул күндө бирдик салып алып сүйлөшүп жүргөн тура, мени алдагысы бар, көрсөтөм сага, кызың турганда аялыңды унутпайт экенсиң» деп бир нерсени ойлоп алды. Ал эми өчүн Аруужандан алмак болду оюнда. Бирок, кантип деген суроо мээсин жеп жатты. Денис келгенде ал өзүн эчтеке билбегендей кармады: «Кетпей туруп өчүмдү алам» деген чечимге токтогон.

 

— Эч ким чалган жокпу? — Денис келип эле сурады.

 

— Ким чалышы керек эле? — Айымкан күйөөсүн сынай карады.

 

— Деги да, бирөөлөр чалышы мүмкүн да?

 

— Камилабы?

 

— Ал эмнеге чалмак эле, күйөөсү бар да, Айым, күнөмсүбөй жөн жүрсөңчү, — жактыра бербей отура кетти.

 

— Күйөөсү бар бекен?

 

— Ооба.

 

— Чын айтып жатасыңбы?

 

— Эмнеге калп айтмак элем, ошо күйөөсүнүн телефону экен.

 

— Азыр чалып көрчү, өзү эле алат.

 

— Сен кайдан билдиң?

 

— Сүйлөштүм.

 

— Качан? — Денис Айымканды карап калды, ал телефонду берип жанына келди. Денис телефонду басты эле бир аздан кийин эркектин үнү угулду:

 

— Чалба дебедим беле?

 

— Камила барбы?

 

— Аны эмне кыласың? — дегенде Айымкан ала коюп:

 

— Сиз кимиси болосуз? — деди.

 

— Күйөөсү болом.

 

— Мен Денистин аялы болом, Камилага айтып коюңуз, экинчи Аруужанды сурабай жүрсүн, кереги жок деп таштап коюп эми эмнеге сурап калды?

 

— Болуптур, айтып коем, — телефон өчүп калды.

 

— Сен жинди болдуңбу, сураса өз кызын сурайт да?

 

— Үнүн уккуң келди беле?

 

— Болбогонду сүйлөй бербечи, аял деген аялды түшүнбөйбү?

 

— Түшүнбөйм, мен сен үчүн келесоомун, эчтеке билбейм.

 

— Болду, өз ишиңди кыл, — Денис туруп ата-энесинин бөлмөсүнө кирип кетти. «Шашпа сени, ошол кызыңды жоготпосомбу» Айымкан ойлуу көздөрүндө заардуу от чача Аруужанды жек көрө кетти. Ал оюнда билдирбей кызды өлтүрмөк болду. Бирок эмне кылуу керек экенин билбей басса-турса ойлонуп жатып, Ажар иччү коргошунга келип токтоду. Бир күнү ал Ажар жокто чыланган уу коргошунду алып, чайга кошту да, Аруужанды чакырып келмек болду, ошол убакта эч ким жок эле, балдардын баары ойноп жаткан. Аруужанды чакырып алып ээрчитип келе жатканда жүгүрүп Алмаздын баласы Жаныбек кирип кетти, эч нерсени ойлобогон бала идиште турган муздак чайды ичип алып кайра оюнга чыгып кетти. Аруужанды ээрчитип кирген Айымкан:

 

Уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE