Пример HTML-страницы

Оштогу №5288 тилкесинде шайлоочу өзүн тизмеден таба алган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №5288 шайлоо тилкесинде шайлоочу өзүн тизмеден таба алган жок.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн келген, бирок тизмеден өзүн таппай калган. Буга чейин тургундун айтымында, ал ушул шайлоо тилкесинде добуш берген.

Төлөйкөн кичи районундагы №5285 жана №5555 шайлоо тилкелеринде добуш берүү жүрүп жатат. №5285 шайлоо тилкесинде бардыгы болуп 2016 шайлоочу катталса, алардын 10дон ашыгы добуш берүүгө катышты.

№5555 шайлоо 1 миң 653 шайлоочу катталса, анын 20дан ашууну добуш берди.

Учурда эч кандай мыйзам бузуулар жана жабдуулардын бузулушу катталган жок.

2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Ош округунан Айбек Осмонов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов келген. Алар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышты. Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо өтөт. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE