Пример HTML-страницы

Кара-Сууда шайлоо алдында интернетке видео тарап, окуянын катышуучулары тергөөгө алып келинди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Суу шаарында шайлоочуларга сый тамак берилип жаткандыгы боюнча видео социалдык тармактарда тарап жатат.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жургүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча Кара-Суу районунун бир мандаттуу №9 шайлоо округунан катталган талапкерлердин бири шайлоочуларга сый тамак берип жаткан видео социалдык тармактарда тарап жаткандыгы аныкталган.

Бул факт 2024-жылдын 26-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар тергөө кызматына камсыз болуп, көрсөтмөлөрүн беришүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE