Пример HTML-страницы

Ак-Талаа райондук спорт мектебинин спортчулары облустук мелдеште алдыңкы орундарды камсыздашты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Тайлак баатыр атындагы Ак-Талаа райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин спортчулары облустук мелдеште алдыңкы орундарды камсыздашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спорт мектептин методисти Мунара Базарбаеванын айтымында, 11-апрель күнүнөн тарта бүгүнкү күнгө чейин «Мен чемпионмун» аталыштагы облустук мелдеш өткөн. Анда спорт мектептеринин окуучулары спорттун 12 түрү боюнча ат салышкан.

Жыйынтыгында Тайлак баатыр атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары спорттун 5 түрү боюнча алдыңкы орундарды камсыздашты.

Жеңүүчүлөр:

— Тогуз коргоол боюнча машыктыруучу Айтбүбү Насирдинова жетектеп барган команда 2-орунду;

— Футбол боюнча «Тайлак баатыр» командасы 2-орунду;

— Дзюдо боюнча машыктыруучу Анарбек Турдалиев жетектеп барган команда 3-орунду;

— Кыргыз күрөшү боюнча 68 килограмм салмактагылар арасында Өмүр Дүйшөналиев 1-орунду;

— Эркин күрөш боюнча 41 килограмм салмактагылар арасында Адилет Алманбетов жана 44 килограмм салмактагылар арасында Байэл Бекназаров 1-орунду ээлешти.

Аталган мелдешке жалпы 700 спортчу катышса, ал эми Ак-Талаадан 62 спортчу катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE