Пример HTML-страницы

Москва районунда дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникалары тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 17-апрелде Чүй облусунун Москва районунда «Жазгы талаа-2024» агрардык өнөр жай көргөзмө-семинары уюштурулду. Анда дыйкан жана фермерлерге жаңы үлгүдөгү айыл чарба техникалары тапшырылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ниязбек Козуев билдирди.

Иш-чара Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Петровка айылында өттү. Ага район жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары, банк кызматкерлери, дыйкандар, фермерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Райондук «Жазгы талаа-2024» көргөзмө-семинарынын негизги максаты — айыл чарбасын көтөрүү, мол жана сапаттуу түшүм алууда дыйкандарга, фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү. Дыйкан-фермерлерге мамлекеттик банктар тарабынан арзандатылган пайызда лизинг тарабынан заманбап айыл чарба техникалары, үрөндөр берилди. Өсүмдүктөрдү дарылоочу дрон, бир убакта эле үрөн себүү, дарылоо, арык казуу жана башка механизмдерди аткарган заманбап техникалар катышуучулардын көңүлүн өзгөчө бурду. Ошондой эле фирмалар аркылуу жергиликтүү жана чет жактан келген сапаттуу уруктар, органикалык жана органикалык эмес жер семирткичтер жарнамаланып, сатыкка коюлду», — деди район акими.

Ал эми Миң-Булак айыл аймагына караштуу Беш-Көрүк айылынын тургуну Руслан Мырзалиев: «Агрардык өнөр жай көргөзмө-семинары биздин айылдын тургундарын кубанычка бөлөдү. Бир фермерибизге «LOVOL» үлгүсүндөгү трактор берилди. Мен айыл башчы катары аны айдап келип, айылдаштарымды кубанычка бөлөдүм. Айылыбызда 1200дөй жашоочулар бар. Алардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен эмгектенет. Өткөн жылдары да трактор алганбыз. Эми 2 трактор эл үчүн да кызмат өтөп берет», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE