Пример HTML-страницы

Видео — Нарындын Куланак айылында сел жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылындагы Кур-Жылга коктусунан сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-апрель күнү саат 9:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 2 турак үйдүн короосун (анын ичинен 1 үйдүн жертөлөсүнө) жана №86 кесиптик лицейдин жылуулук түтүкчөсүн каптаган.

Ошондой эле, 8 гектар көп жылдык чөп айдоо аянтын каптап, жерге сиңип кеткен. Жерине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары жана ӨКМдин Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, айыл аймактын 5 кызматкери тактоо жана сел суулардын нугун буруу иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE