Пример HTML-страницы

Баткенде экологиялык арт-фестиваль өткөрүлүп, катышуучулар бир катар ишканаларга барышты

Акыркы жанылыктар

Turmush«Баткен таштандысыз» экологиялык арт-фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалдын алкагында катышуучулар, алгач таштанды маселесинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн талкуулоо үчүн Баткен шаарындагы таштанды төгүүчү жайына барышты. Адистер жеринен таштандынын зыяны тууралуу кеңири маалымат берип, таштандыларды көмүүчү жайларга каршы күрөшүүнүн жолдорунун бири — кайра иштетүүгө жарамдуу материалдарды чогултуу жана кайра иштетүү экендигин белгилешти.

Андан соң Баткендеги жаңы өндүрүш, «Баткен — таза аймак» желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетип, синтепон чыгаруучу ишканасына саякат уюштурулду. Аталган ишкана буга чейин желим бөтөлкөлөрдөн сырье гана чыгарып, Россияга экспорттоп турган болсо, бүгүнкү күндө синтепон продукциясын өндүрө баштады.

Ишкана алгач президент Садыр Жапаровдун «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгына ылайык, мамлекеттин колдоосу менен кайтарымсыз гранттын эсебинен курулган. Ал эми синтепон чыгаруу үчүн жабдууларды орнотуу иш аракеттери БУУнун, «Таза Мекеним», «Эко Баткен» коомдук уюмдарынын колдоосу менен ишке ашты.

Бул күнү Баткен шаарында «Эко Баткен» кайра иштетилүүчү материалдарды кабыл алуу жайы да ишмердүүлүгүн баштады. Тургундар желим таштандыларды тапшырганы үчүн акча каражатын, үй жана кеңсе буюмдарын ала алышат. Бул жерде топтолгон желим, кагаз, айнек таштандылар «Баткен — таза аймак» кайра иштетүүчү ишканасына тапшырылат. Ошондой эле, таштандыларды иргеп алуу, экологияны таштандыдан арылтуу боюнча окутуулар уюштурулат.

Фестивалдын катышуучулары табигат менен жакын мамиледе болууга үндөгөн сүрөт көргөзмөсү менен да таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE