Пример HTML-страницы

Бакытбек Камалов унаанын моторунан саатына 90 куб сууну тартып бере турган насос жасап чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Чек айылынын 47 жаштагы тургуну Бакытбек Камалов 10 күн аралыгында суу тартуучу насос жасады. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, унаа оңдоп иштейт. Ата-бабалары баары уста болушкан. Жаңы жасаган, бензин менен иштеген насос саатына 90 куб сууну 350 метр алыстыкка тартып берет.

«Бизде эл дыйканчылык менен алектенет. Бирок суу тартыштыгы жыл сайын маселе жаратат. Төрт-Гүл суу сактагычынан келген суу биздин айылды да аралап өтөт. Бирок биздин багыбыз бул каналдан да жогору аймакта жайгашкан. Ага эч кандай арык же канал менен алып барууга болбойт. Ал эми мындан да жогорку канал 5 чакырым алыстыктан өткөн. Ал жактан суу алып келүүгө болбойт. Суу жетпей жок болот. Мындан улам быйыл бакты суугаруунун жеңил жолу катары ушул насосту жасап чыктым. Багыбыз суу өтүүчү каналдан 350 метр алыстыкта жайгашкан. 1 гектар багыма азыр суу кенен жетип калды. Бул жөнөкөй базардагы насосторго караганда бир канча кубаттуу. Анткени суунун көлөмү чоң. Саатына 90 куб суу айдап турат. Азыр бир гектар бакты сугарып жатат.

Бул насоско «Дэу Лабо» унаасынын мотор каробкасына рамка жасап кураштырдым. Машинаны жүргүзгөндөй эле иштетем. Бензин менен иштейт. Саатына 1,5 литр бензин кетет. 3 метр тереңдиктен сууну соруп алып, 350 метр алыстыкка ташып берип жатат», — деди ал.

Уста 20 жылдан ашук убакыттан бери унаа оңдоп устачылык кылат. 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE