Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 13 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

13-болум.

Эмне деп атасың, эмнени айтмак элем? — Зууракан Жийденин өңү бозоруп турганынан чочуп кетти. — Жөн эс алчы, мен эмнени айтмак элем?

 

— Мейли, апа, баргыла эми, Камиланы эртең жөнөтүп ий, мен чыккыча келип тур, кирип дары ичейин, бара бер, — деп артына кайрылып палатасына карай басканда Зууракан: «Курган жаным ай, кайдан билдим минтээрин, бала кезден көк эле, мага капа болуп калды го?» деп ойлонуп ооруканадан сыртка чыкты. Камила алдынан тосо:

 

— Эмне деди, тайне, апамдын абалы жакшы элеби? — деди.

 

— Жакшы эле, жүрү үйгө барып сүйлөшөлү, — Экөө үнсүз ээрчише маршрутка токтоочу жайга келип, Сокулукка жөнөштү. Жарым сааттай жол жүрүп, пробкадан кармалып келатканда телефону чыр этти Камиланын, караса Денис экен:

 

— Алло, Денис, угуп жатам, ооба жеттим, апам ооруканада экен, жолугуп кетип атам, Аруужан ыйлаган жокпу? А-а мейли, Денис, мен эртең барып калам, — Камила телефонун өчүрүп койду.

 

— Күйөөң бекен?

 

— Ооба, апамды сурады, ооруганы чын бекен дейт.

 

— Ий-ий бечара, жакшы күйөөң бар экен, айланайын, унчукпай жашай бер, деп койду Зууракан. Үйгө келгенден кийин Нураалы аларды көрүп:

 

— Жийде жакшы болуп калыптырбы? — деди.

 

— Жакшы, кайдан дагы ушул ооруга чалдыгып калды билбейм, айтканынан кайтпаган көк кызың ооруганын айтпай жүрүп күчөтүп алган го? — Зууракан кейий сүйлөдү.

 

— Доктурларга жакшылап сүйлөшпөйсүңбү, Асылбекке өзүм барам, ат-ааңдын оозун урайындыкы, кенебей жүргөнүн кара!

 

— Ал деле барып атат, анан эмне кылсын, аны урушканда бирдеме табасыңбы, калжаңдабай тим отура берсең, балдарга жаман сөзүңдү тийгизбей, — жаман көзү менен карап койду, — Колуңдан келсе өзү менен сүйлөш, ага милдет кылбай, кыз биздики!

 

— Ийи, ал эмне экен? — Нураалы маңыроо карады.

 

— Ал деле сүйлөшөт эми, кеңешип-таңашып алалы.

 

— Антпесе болбойт, оорусу күчөп кетпесин, балдарыңа, кыздарыңа айт, акча чогултуп баарылап караталы.

 

Зууракан чалы менен кеңешип-таңашып, сата турган малын дайындап, анан өзү Камиланы коноктомок болду.

 

— Тайне, апамдын оорусу абдан кыйынбы?

 

— Жок, кызым, ушундайда алдын алыш керек, сен менден укканыңды ага билгизбе, Асылбекке өз атаңдай, дал мурункудай мамиле кыл. Бир кынтык болсо апаң мага нараазы болуп өмүр бою кечирбейт, жана баарын уктум дегениңде менден баарын такып сурады, ооруп жатканыңды айттым дедим.

 

— Макул, тайне, ошондо апам сакайып кетеби? — Камила үмүттүү суроо салды. — Мен эчтеке билгизбейм, атамды өзүм деле жакшы көрөм, сагындым, тайне? — Камила ыйлап жатты.

 

— Ыйлаба, кагылайын, азыр сага өзүң жакшы көргөн тамагыңды жасап берем, эртең эрте тагаң таксиге салып коет, макулбу? — Зууракан ордунан туруп ашканасынан эт алып келди.

 

— Мен жасайынчы, таене, сиз менин жанымда отуруп сүйлөп отуруңуз, келе мен жасайм, — колундагыны алмак болгондо таенеси бербеди.

 

— Күйөөгө тийген кыз төркүнгө конок болуп кетет, сен отура бер, садага, азыр кудайга шүгүр алы-күчүм бар, келиндер иштеп эрте кетип, кеч келет, тамагын жасап, кирин жууп эле отурбаймынбы, мынабу бейбаштарды карайм.

 

— Ошентсе деле, таене, бериңиз мен жасайын.

 

— Кой, каралдым, андан көрө кайын-журтуң жөнүндө сүйлөп отур, кандай адамдар, кайненең дуруспу, сага тили тийбейби?

 

— Жо-ок, тайне, жакшы адамдар, кайненем унчуга элек, эки абысыным бар, алар да жакшы мамиледе, кыскасы менин көзүмчө атам жөнүндө сөз кылышпайт, мен өзүм уялып басынчу болдум, — Камила ойлуу жер карап сүйлөп отуруп калды. — Денистин үйбүлөсү ынтымактуу, тарбиялуу адамдар, үч келин бир үйдө жашайбыз, ар кимибиздин өз бөлмөбүз бар.

 

— Кут кылсын, садага, кудай бактыңды ачсын, мен Жийде чыккыча колумдан келгенин жасай беремин да, ал чыгаары менен артыңдан сеп алып барабыз. Жинди атаң деле агуруп жүрүп акыры эпке келээр, Алина деле чоңоюп калбадыбы, ошондо түшүнөт, сен ага кек сактаба!

 

— Тайне, бир сөз сурайынбы?

 

— Сура, сурай гой… — Зууракан небересин элейе: «бул чунак эмнени сураганы атат, ка-ап айтпай койсом болмок экен» деп заматта ойлоно түштү, — Сура, садагаң кетейин.

 

— Тайне, менин атам ким?

 

— Эмне дейт, чунак кыз.

 

— Сиз апамдын сүйлөшкөн жигити ким экенин билесиз да, мен ошол кишиге окшош болсом керек ээ? — Камила бул ирет таенесин кучактай жылмайып койду. — Туурабы, Чоң Кеминден дебедиңизби.

 

— Арам чунак, кайдагыны ойлонуп ийдиң, мен аны тааныбайм, — Зууракан ары карап басып кетти. — Мага тоскоол болбо, тамак жасайын, — эмне деп жооп берээрин билбей алаксыган болду.

 

— Апам шаарда жүрүп, келгенде Чоң Кеминдик мугалим жигитке турмушка чыкканы жатам деген дедиңиз го?

 

— Жөн отур, мен ишимди кылайын.

 

— Тайне, айтпасаңыз өзүм издеп табам!

 

— Ыя-а?!

 

— Издейм, атам мени ошентип жерип жаткан болсо өзүмдүн атамды издеп табам.

 

— Сен жинди болдуңбу, апаң укса эмне болот?

 

— Акыры ачыкка чыгат да, мени жеригенин көрүп туруп эми аны ата дебейм!

 

— Өлүгүңдү көрөйүн десе чечек кыз экенсиң го, энең укса ого бетер ооруп калат, оозуңду басып жүр! — Зууракан небересине ачуулана карады. — Сен ээнбаш кыз, тынч жүр, эгер бир чети билинсе ажалынан мурун өлүп тынат, оозуңду бас! — Зууракан ордунан туруп жанына келди. — Эсиң барда этегиңди жый, өзүм билемдик кылып, айтканыңдан кайтпай жүрүп энеңдин оорусун күчөттүң, үйүндө тынч жашай албай калды, дагы эмнени ойлоп таптың?!

 

— Тайне-е, — Камила башын мыкчый ыйлап жата калды. — Эмне кылышым керек, мени элге- журтка шылдың кылып, алып келгендерин албады, кызындай кадыр күтпөдү, анан эмне дешим керек, кызымды өлтүрөм деди, ошого кантип оозу барды?

 

— Болду эми ыйлаба, эс ал, айланайын, — Зууракандын боору ооруй кайра артына кетти. Ичинен аны аяп жатты: «Куураган жашоо, кандай гана тагдырларды буйрудуң пендеңе, бей күнөө пенделериңди неге кыйнайсың, жараткан! Балдарымдын жамандыгын көрбөсөм экен, көз жашын, кайгысын көрбөй жакшылыгын көрүп, аманат дүйнөңдөн бейкапар өтсөм экен» деп ойлоп тамак-ашын даярдап, жан-алы калбай кыбырап жүрдү. Кеч киргенде Нураалы келди, анын артынан эки уул-келиндери, чоңураак балдары менен базардан келип калды. Эки келини келгенден кийин гана казан-аягын өткөрүп берип, «өх» деп отуруп калды. Камила ыйлап жатып уктап калган эле, улуу баласы Данияр төрдө жатканын көрүп:

 

— Бул ким? — деди апасына.

 

— Камила апасынын ооруканада жатканын билип көргөнү келиптир, уктап калган тура, чарчап калган го байкуш.

 

— Кызын таштап келиптирби?

 

— Ооба.

 

— Тамак ич дебейсиңерби! — Нураалы сырткы үйдөн үн салды. — Жолдо чарчаган неме көңүлү да жайында эмес, ойготкула!

 

— Камила, ээ Камила, тур, тура гой, — Мадияр аны акырын түрттү, — Туруп тамак ич. Камила ойгонуп ордунан туруп, тагалары менен учурашты да, тамак ичкен бөлмөгө кирди. Чогуу отуруп тамактанышты, эч кимиси ашыкча сөз сүйлөбөдү, уулдары ичип туруп кетти, келиндери идиш-аяк жууп ашканасында. Неберелери эбак эле уктаган. Камила унчукпай ордуна жатып алды. «Чунак кыз, атамды издейм дегенин кара, кайдан издейт ошол солтонун баласы ушуну эле күтүп турат дейсиңби, атадай болуп намысын көтөрүп койсо го» деп ойлонуп Зууракан чалынын жанына кыңкайган менен уйкусу келбей түйшөлө берди. Асылбек алгач Жийдени ала качып кеткенде, аны жактырбай Жийде ошол эле күнү качып чыгып, шаарга кетип калган. Шаардан Бектемир деген жигит менен таанышып, экөө үйлөнөбүз деп атканда Асылбек Жийдени кайра ала качып кетет. Ошондон кийин Бектемир үйлөнбөй жүрүп көптө үйлөнүптүр. Асылбектин ата-энесин кыя албай гана отуруп калганын билбей «Жийде мени алдап кетти» деп аны жек көрүп калат. Анын баарын Зууракан менен Нураалы кийин билет, андан эмне чыкмак эле. Түнү бою ушуларды ойлоп чыккан Зууракан таңга маал гана көзү илинди.

 

Эрте турган Камила айылга кетмек болуп таенесин ойготоюн деп кирсе уктап жатыптыр, ойготпой кетип калайын деген менен көңүлү тынбады, акырын келип:

 

— Тайне, мен кетип жатам, — деди.

 

— Аа-а, балакетиңди алайын, кой бирдеме ичип чык, жолуң болооруна жакшы, — Зууракан ордунан туруп сыртка чыгып келип, чай берди. — Жолдо ачка болосуң, садага, шашпай кардыңды тойгузуп, анан чык.

 

— Жүрөгүмө эчтеке баспай турат, — деп бир чыны чай ичип ордунан турду. — Жакшы калыңыз, тайне, — Камила жолго чыгып маршрутка тосуп, ооруканага жөнөдү, ал апасына жолукпай кете албады. «Ушул бойдон качан келем билбейм, алтыным апакем ай, мен деп өмүрүңдү бейпайга салдың, ээ кудай, мендей дагы мерез бала болобу, энемди азаптын чеңгээлине салып коюп басып жүргөнүмдү кара. Кызым чоңойо берет, алар кор кылбайт, багып алат, мен кетпейм да апамды карайм» деп ойлонуп ыйлап баратты. Камила күтүп калды, Жийде укол алып жаткан экен, араң басып келаткан апасын көрүп муңкана көзүнүн жашы төгүлүп турду. Жанына келген Жийдени кучактап алып буркурап жатты:

 

— Апакебай, кечирчи мени, таптаза жаныңды оорулуу кылган менмин, мени өз колуң менен өлтүрүп салчы!

 

— Болду, болду, кызым, сен эми чоңоюп балалуу болуп калбадыңбы, токтоо бол, садага, мен мурунтан эле акырындык менен ооруп жүрчүмүн, — деди Жийде анын чачынан алсыз колу менен сылай, — Ыйлаба, күчүгүм, ыйыңды токтот да кет, — деди.

 

— Кетпейм, мен сизди карайм, эч жакка кетпейм, апа. Эми мен Денисти да, Аруужанды да таштайм, эми сизден башка эч кимдин кереги жок!

 

— Акылыңдан азба, азыр кызың менен күйөөңө кеткин, мени апам десең өз үйбүлөңөрдү сактагыла, баргын дагы тынч жаша!

 

— Апа?

 

— Болду деп атам, сөзүмдү кайрыбай тез жөнө, мени өз жайыма кой да жөнө! — Жийде кызына кайраттана күч менен айтканда ал ыйлап бетинен өөп-өөп алып:

 

— Апа, апакебайым менин, мени кечире көр, жакшы болуп кетиңиз, тайнемдердин телефонуна чалып билип турам, — деген Камила жөнөп баратты. Ылдый түшүп кеткиче босогодо телмире туруп, анан палатасына кирип кетти, эненин ичинде борошо урган бурганак улуп турду. Баланын бары да балаа, жогу да балаа деген ушу да, энеси мында, кызы анда, санаанын чеги жок айдыңында жүрөгүн ак карлуу аяз тоңдуруп ичтен боздоп жатты. Камила автовокзалга келип таксиге отурду да, айылга жөнөп кеч күүгүмдө жетип келди.

 

— Кудагый кандай жакшы болуп калыптырбы? — деди адеп көргөн Ажар тосуп алып. — Шашпай бир-эки күн туруп келсең болмок экен.

 

— Апам болбой бара бер деди, жакшы экен, кызың ыйлап калат деп жиберди.

 

— Аруужан ыйлаган жок, тепилдеп ойноп жүрөт, деги сени ойлогон да жок, — дегенде Камиланын жүрөгү зырп этип алды: «Ырас эле ал мени унутуп калат да ээ, ушул бойдон келбей койсом билбей да калмак, Денис башкага үйлөнсө апа демек да энесин билбей өсмөк. Алтыным апакем ай, акылманым менин, мени баласынан, алганынан ажырабасын деп ушинтти да» деп ойлонуп үйгө кирсе Аруужан балдардын арасында отуруп алып бети-башы ботала болуп ойноп жатыптыр, Камиланы карап тим болду.

 

— Аруужан, Аруужан! — Камила отура калып кызын колуна алып, көтөрүп өпкүлөп кирди. — Аруу, Аруужан.

 

— Айлан, айлан ичем, — деп наристе андан боюн ала качып жерге жулунду, — Айлан иче-ем.

 

— Мени унутуп калдыңбы, Аруу? — Отургузуп маңдайына келди.

 

— Ооба, — деп чыныны көтөрүп, чекесине түшкөн айранды ичип жатты.

 

— Тим кой, балдар менен ойной берсин, өзүң чарчагандырсың, кардың да ачкандыр, кел тамак ичип ал, — Аймира кеселерге тамак куюп жаткан, Денис келип калды.

 

— Эмне болду, апаң жакшы болуп калыптырбы?

 

— Жакшы, — жер карап мелтиреди.

 

— Атаңчы, Камила, бизди кечире турганбы деги?

 

— Кечирет да…

 

— Ошондой болсунчу кайнатам менен шахмат ойноп отурсам кандай жакшы, — Денис күлүп калды. — Кошомат кылып пара берсем да кайнатам менен табышсам болот эле го?

 

— Болду калжырабай, чарчап келди байкуш, эс алсын, — Ажар уулун тыйды. — Кайнатаң менен буйруса бет келишип сыйлашып да отураарсың, эмеле убакыт келет, балам, келиним жакшы, башкасы ордуна келээр…

 

— Бүлөөң жакшы болсо баары жайында болот, кемпир, келиндерибиз жакшы, парвардигар, ынтымак болсо ырыскы өзүнөн-өзү баш багат, балдарга экөөбүз баш-көз болсок алар ынтымакта болушат, — Калмурат ордунан тура сакалын сыйпады. — Илгеркилер ар бир баласын тегерете өргөө тигип бөлүп коюп, бир казандан аш ичип эле келишкен. Эми заманга жараша келиндер бөлүнөбүз деп жатпайбы, болбосо батат эле го, огороддун этегине бири үй салып алса, бири биякка, жер кенен. Дениске болсо бул үй калат, мал болсо турат, өздөрү каалаганын алып, калганын сатып, кайра өстүрүп жашай берсе болот да?

 

— Жаңы заман деген жаңы заман, балдарды эркин кой, өздөрүнчө жашасын, энчини үчөөнүн көзү кылып туруп бөлүп бер!

 

— Калыс бөлгөнүбүз туура, кемпир, мейли шаар көрүп өз билгенинче жашап келсин, айтканыңда чындык бар, атаң барда эл тааны деген, Азимди шаарга жөнөтөлү анда. Биз Денис менен келинди жаныбызга алып, жашообузду өткөрө беребиз, канча жашарыбызды ким билет? — Калмурат ушинткенине Аймиранын кубанычын айтпа, сыртына чыгарбаса да ичинен кубанып, Азим келгиче зорго чыдап, улам эшикти карап жатты…

 

Көп өтпөй эле Калмурат аксакал Азимди да кыйналбагыла деп колдоруна акча берип шаарга жөнөттү. Денис үйдө калды. Камила тың келин болду, үй тиричилигин алып таза кармайт. Алмаздын үч баласы, Азимдин эки баласы болуп үй толо, өзүнүн Аруужаны кийген кийимин бияктан кирдетип, алты баланын түйшүгү өзүнчө. Кабагым-кашым дебей түйшүктү аркалаган Камила телефон менен бат-бат сүйлөшүп турат. Жийденин ал-абалы жакшырып ооруканадан чыгып, өз үйүнө кеткенин угуп, бир топ кубанып калды. Телефондон Зууракан ага минтип айтты:

 

— Камила каралдым, эч кабатыр болбо, Жийде жакшы болуп калды, Асылбек кечирим сурап үйгө алып кетти, жакында силерди чакырганы жатат. Камила, сен мен айткан сөздү унут кызым, апаңа сени эчтеке билбейт дедим, атаңа кадимкидей мамиле кыл, кечир аны.

 

— Ооба, тайне, иши кылып экөө бирге жашаса болду, иним менен сиңдимдин томсоруп отурганын көргүм келбейт, — деп Камила кубанганынан ыйлап жатты.

 

— Садага кетейин десе, ыйлап жатасың го, кой. балакетиңди алайын. ыйлаба, баары жайында болуп калды.

 

— Макул, тайне, апама салам айтып коюңуз, макулбу?

 

— Болуптур, секелегим, эч ойлонбо, жакында сени үйгө чакырабыз, кызыңды өөп кой.

 

— Мейли, таятама, тагамдарга салам айтыңыз, — деп телефонун өчүрдү: «Оо кудай, атам бизди кечириптир ээ, эми Дениске айтайын, ал дагы сүйүнөт» деп толкунданып алды. Күн сайын эсине таенесинин сөзү түшүп, телефондун коңгуроосун күтүп жатты. Күткөн күн улам алыстап чыдамы кетип, кабагы бүркөлүп санааркап баратты.

 

— Камила, сага бирдеме болуп жүрөт, баштагыдай эмессиң, айтчы, жаным, сен мен деп ата-энеңе жаман көрүндүң, чыдай турчу, — деди бир күнү Денис. — Эч жериң ооруган жокпу?

 

— Жок.

 

— Анда неге капасың?

 

— Сага ошондой көрүнүп атса керек?

 

— Жок, сен мындай эмес элең.

 

— Мен жакшы элемин, кам санаба, — деп койду Камила суз гана. — Мен сени сүйүп калганымдан баарына кайыл болгонмун, Денис, мен сендикмин.

 

— Алтышкам менин, — экөө аймалаша кетти. Түн, алардын шыбыры, шыңк-шыңк эте этияттанган үндөрү угулуп көптө барып уйкуга киришти. Камиланын абалын байкаган Ажар, «Байкуш, ата-энесинен кабатыр болгону аз келгенсип, түйшүк дагы жүдөтүп ийди окшойт, көп бүлөнүн түйшүгү оор келди окшойт. Шаарда өскөн немени айылдын түйшүгү кыйнап койду, өзүм жардам бербесем болбойт» деп ойлонуп алды. Ошол күндүн эртеси телефон чырылдап калды, сырткы бөлмөдө жумуш менен алектенип жүргөн Камила жүгүрүп кирип караса Денис экен, супсуну сууй түштү.

 

— Алло, угуп жатам.

 

— Камила, мен азыр барам, апама айтып камынып тур, Аруундун туулган күнүнө барабыз.

 

— Мен барбайм, өзүң эле бара берчи.

 

— Эмнеге, экөөбүз барабыз.

 

— Денис, менин башым ооруп жатат.

 

— Алаксып кетесиң. — Денис телефонун өчүрүп койду. Камила ойлуу отуруп калды, досторунун баарын билчү, аялдары менен келип-кетип турушчу. Аруужан төрөлгөндө да чогуу келишкен: «Эмне кылсам, өзү келип айтаар, унчукпай эле коеюн» деп отурганда Денис шашып кирип келди.

 

— Сага эмне болду, балам? — Ажар аны көрүп эле чочулай сурады.

 

— Апа, Аруундун туулган күнү, Камила экөөбүз барып келеличи? — деди Денис.

 

— Мейли, балам, жолдошторуңа барба демек белем, адам адам менен адам.

 

— Камила, бол кеттик, күтүп калышты! — Үйгө кирип мелтиреп отурган Камиланы көрүп, — Болбойсуңбу балдар күтүп калышты, — деди.

 

— Денис…

 

— Бол дегенден кийин бол эрте, досторумдун арасына алып барып көңүлүңдү көтөрүп келейин, — артын карап алып, «апам келип калабы» дегендей саксына кучактап өөп шыбырап алды. — Бол эми элди күттүрүп койгон болбойт.

 

— Азыр, — Камила кийинип алып, Денис менен жөнөдү. Ал күнү аябай жакшы отуруп көңүлү абдан көтөрүлдү, аяштары менен тамашалашып түнү бою ырдап-бийлеп, чери жазылып таңга маал келишти. Денис экөө тең бир аз ичкенге ата-энесине билгизбей бут учу менен басып бөлмөсүнө өтүп кетишти. Аруужан болсо чоң энесинин койнунда. Экөө ээн-эркин кучакташып, махабаттын жалынына какталып ырахатка батышты:

 

— Жаным, мындан ары капаланбай жүрчү? — Денис кучагындагы келинчегин өөп суранып жатты, — Макулбу?

 

— Макул, эми эч качан кабак бүркөбөйм.

 

— Сарсанаа болбо, кайнатам бир күнү кечиргиле деп өзү келет.

 

— Ошондой болсо кана-а? — Камила улутунуп алды.

 

— Кабатырланба, ырысым, сен ак жолтоюмсуң, кыздуу болдук, мени ушундай бир бактылуу кылдың, — Кыса кучактап мойнунан жыттап алды.

 

— Болду эми уктайлы, эртең уктап калсам уят го?

 

— Эчтеке болбойт, апам менен атам алтын да, сени капа кылбайт.

 

— Ошентсе да, — Камила көзүн жумуп жатып алды эле Денис аны көздөрүнөн өөп койду:

 

— Эс алалы ээ?

 

— Ий-ий, — үндөрү чыкпай калды, терең уйкуга батып жатканда таң агарып жерге жарык кирип, адамдар тиричилигин уланта баштады.

Ботом, түндө Денистер келди бекен? — Ажар акырын ички бөлмөгө баш багып, келин-уулунун бир кишидей кучакташып жатканын көрүп кетенчиктей кетти: «Ээ айланайын жашчылык кандай гана сонунсуң ээ, мейли кагылайындарым ушинтип эле жүрө беришсин» деп купуя жылмайып алып, сыртка чыгып кетти. Түшкө жакын гана Камила ойгонуп, кайненесинен уяла жуунуп алып, тамак жасаганга киришти.

 

— Балам, кайра-кайра тамак жасай бербей кечинде эле жаса, балдарга жарма жасап койдум, ошондон ичип алышат, Аруужанды карачы чыркырап ыйлап калыптыр.

 

— Азыр, — Камила кызын көтөрүп ары-бери басып жүрдү, — Аруужан, эмне болду, кызым?

 

— Апа-апа, бачым ойуп атат.

 

— Ананайын десе, кызым жакшы кыз ыйлабачы, ээ?

 

— Ыйлабайм.

 

— Жакшы кызым бар да, — Эркелетип үйгө кирип баратса телефондун үнү чыкты, шашыла «Атамдарбы» дегендей караса Денис:

 

— Алло, Камила, эмне кылып жатасың, мен сени сүйө-өм! Жаны десе, капаланбай эле отурасыңбы? Мен жумуш бүтсө эле барып калам, капаланбай отур, ээ? — деп телефонду өчүрүп койду.

 

— Жинди, — деп алды Камила күйөөсүнө ыраазы боло: «Эх сүйүү, апам дагы атамды ушундай сүйсө керек, же сүйгөн эмес бекен, мен анда сүйбөгөн адамдан төрөлгөн болуп каламбы. Неге мени ал издеп келген жок, апам жакшы болуп калса сөзсүз атам жөнүндө сурап алам, эмнеге айтпасын айтып берээр, өз атамды көрүшүм керек да» дегендей телмирип отурду. Күтүү, сагыныч менен күндөр өтүп жатты. Телефону чыр этсе эле үмүттүү номерине наз салат, бирок башка, өзү чалып көрөйүн дейт бирок даабайт. Анан таенесинин айткан сөздөрүн өзүнчө уккусу келбей жыйрылып кетчү болгон. Аларга караганда кайнене-кайнатасына сүйөнүп, ошолорго ылым санай баштаган эле. Бир күнү анын телефону кокусунан чыр эткенге чоочун номерди көрүп ала койду.

 

 

Уландысы бар……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE