Пример HTML-страницы

Оштогу «Ак-Жүрөк» кризистик борборунда 6 аял балдары менен баш калкалап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «Ак-Жүрөк» кризистик борборуна барышты. Бул туурлауу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, аталган борбордо жашап жаткан аялдар жана алардын балдарынын абалы менен таанышты.

Борбордогу абал тууралуу борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова айтып берди. Учурда бул жерде республиканын түштүк аймактарынан келген 6 аял жана алардын 5 баласы бар. Милиция кызматкерлери алардын жашоо-шарттары менен таанышып, жарандык укуктары боюнча айтып беришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Акылбек Бекишов алардын укуктук багытта берген суроолоруна жооп берди.

Кризистик борбордо күн кечирип жаткан аялдарга жана балдарга милиция кызматкерлери адабий окуу китептерин, таттууларды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE