Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош унаа жолунда кырсык катталып, айдоочунун өмүрү кыйылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолунда эки унаанын катышуусунда кырсык катталып, айдоочу мүрт кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 19-апрель күнү аталган унаа жолдун Сузак айыл аймагындагы тилкесинде орун алган.

«Биз Жалал-Абад шаарын көздөй бара жатканбыз. Саат 15:30 чамасында Сузак айылындагы тилкеде жол кырсыгы орун алыптыр. Анда оор жүк ташуучу унаа менен «Хонда ЦР-В” үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу — 60-65 жаштагы эркек киши окуя болгон жерде көз жумуптур. Анын жанында жүргүнчү катары бара жаткан аял киши тез жардам кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилди», — дейт окуянын күбөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE