Пример HTML-страницы

Бычак мизиндеги жашоо 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 1)

 

(Башы)

– Эх Самат, эми эмне кылабыз, эми эмне болот?- деп таякем дагы баштады.

– Буюрганын көрөбүз да, таяке. Эми кайгырып, үшкүрүнө бергенде бир нерсе чечилеби, жаныбызды албастыр акча үчүн.

– Жайсаңды билбейсиңби, акча дегенде жанын берген акмак да. Адамды аёо дегенди билбейт булар. Биз эмес, өздөрүнүн казактарын эмне кылышты? Кордайлыктарды ошол бойдон көргөн жокмун, ушунча нерсесин таштап кетип калышпайт эле. Аларды жок кылышкандай бизди да жок кылышат булар. Эми эмне кылабыз, Самат? Өлтүрүп, талаага алып барып көмүп салышса колубуздан эмне келет? Ээ, Кудайым, ай, өзүң жардам бер, өзүң сактап кал бул жырткычтардан. Балдарымдын көргөн күнү эмне болот?- деп дагы бир нерселерди сүйлөнө берди.

Таякемдин үч сааттан бери кейип, наалый бергенинен тажап башымды жуурканга катып жатып алдым. Болушунча болду да, эми минтип наалыганда бир нерсе өзгөрүп кетмек беле? Кудай деле «аракет кылсаң берем» дейт экен го, жатып алып эле наалый берсең алдыңа алып келип бербесе керек. Таякем сүйлөнө берди, угулбай калабы деп жуурканды чүмкөнүп, үстүнөн калың күрмөмдү башыма жаап алдым. Бир аз сүйлөндү да, укпай жатканымды түшүндү окшойт, эшикке чыгып кетти. Жарым сааттай өттү окшойт, кирди да ары-бери оонап жатып дымы чыкпай калды. Эшиктен киргенде эле арактын жыты «бурр» дей түшкөн. Күйүтүнө чыдабай ичип алды да, мейли эми.

Уктаган адам болуп жата бердим, оюма ар нерсе келет. Биртке акча үчүн көп деле мыкаачылыкка барышпаса керек, кеткен акчасын эки эсе кылып чыгарып алышты го акыры. Эгер чындап эле талаага алып барып өлтүрөбүз дешсе, көп болсо төрт бала барар, оңой эле өлүп бербейм буларга. Бөлмөдөн бир отвёртка көргөм, ошону алып алам. Унчукпай эле өлүп бермек белем? Өзүм эмне болсом да мейли, апам менен карындашымдын көргөн күнү эмне болот?

Атам барда эч нерсени билбей, эч нерседен капарым жок жашаган турбаймынбы. Адамдардын кыйналып жашаганын көрсөм да жашоо мынчалык кыйын экенин түшүнбөгөн экенмин. Атамды сагынып кеттим.

Атам узун бойлуу, толмочураак, кең далылуу адам эле. Союз тарап, элдин жашоосу кыйындай баштаганда атам да ишсиз калды. Азыр ойлосом, ошол маалда эч нерседен коркпой тобокел ишке барган экен. Эл ун эмес, буудай таппай, жүгөрү унунан нан жеп калганда өзү жалгыз банктан кредит алып, Кытайдан тегирмен алып келип, эки досун шерик кылып Жалал-Абаддын четине завод ачышат. Казактардан буудай алып келип ун кылып чыгарышып Өзбекстан, Тажикстанга чейин сатышып, айтор, иши жүрүшүп кетет. Кийин бир досуна эшик-терезе чыгара турган цех, экинчи досуна кыш чыгара турган ишкана ачып берип, алардын өз менчиги кылып каттатып берген.

Иштери жүрүшүп кеткенден тартып өздөрү жашаган айылдагы колунда жок он беш үй-бүлөгө ар үч ай сайын ун, май, айрыкча Жаңы жылда сөзсүз бирден кой, эч болбосо он килограммдан эт, жаш балдарына белек даярдап таратып берчү. Эч ким көрбөй эле койсун дегенби, мени ээрчитип алчу, экөөбүз түндө алып барып берчүбүз. Балдардын сүйүнгөнүн көрүп атам да көпкө чейин көңүлү ачык жүрчү.

Азыр ойлосом, атам менден эч нерсе аябаптыр, бирок эрке өстүргөн жок. Үчүнчү классымда бокс ийримине алып барып, мугалимге катуу дайындаган, мектепти бүткүчө бокс менен машыгып жүрдүм. Ар кандай мелдештерге катышып, 9-классымда Бишкекке барып экинчи орунду алып келгем. Мектепти бүткөндө Юридикалык факультетке тапшырып өз күчүм менен өтүп, окууну кызыл диплом менен аяктадым. Ал жакта жиу-житсу менен машыгып, көп нерсе үйрөнүп чыктым.

Окууну бүткөндө жумушка орношоюн десем атам «бир жыл үйдө жүрө тур, үйлөн, анан деле иштей бересиң» деп койду. Ошентип айылда жүрүп калдым.

Эмне болгонун кийин үйгө банктын өкүлдөрү келгенде уктук. Атам банкка аябай көп акча карыз болуп калган экен. Көз жумардан бир ай мурун банктан өтө көп суммада кредит алып, аны долларга алмаштырып Өзбекстанга өткөрүптүр. Ал жактан долларды өзбектердин сумуна алмаштырып, кайра Кыргызстанга алып келип сомго алмаштырса аябай эле көп пайда түшмөк экен. Өзбекстанда долларды алган адамдын аты Хамид, жакшы тааныйм, атамдын жакын досу болчу. Үйүбүзгө канча жолу үй-бүлөсү менен келип конок болуп кеткен. Ошол Хамид Өзбекстандын милициясына кармалып калып, акчаны алдырып коюптур, өзү да көп жылга камалып кетиптир.

Атам эч кимге айтпай ун заводун, эки чакан цехин сатыптыр. Баягы эки досуна жардам сурап барса, ар шылтоону бир айтып жүз буруп кетишиптир. Карызды төлөй албашына көзү жеткенде айласы түгөнүп өз өмүрүнө кол салган экен. Ушул каргаша биздин бейкапар жашоону бузуп, түшкө кирбеген окуялар башталды…

 

Ошол күнү да түнү бою досторум менен дейдиленип жүрүп, таңга маал, саат төрттөрдө келип жаткам. Апам эле урушуп, кулак-мээни жебесе, кеч келгениме атам көңүл деле бурчу эмес. Бөлмөмдүн эшиги ачылганда «апам окшойт, дагы урушат» деп уктамыш болуп жата бердим. Атам экен, жаныма келип маңдайымдан өөп, чачымдан сылап «кайраттуу бол, балам, апаңды жакшы кара» деп чыгып кетти.

«Атама эмне болгон?» деп таң калып койгон элем. Көрсө, коштошкону кирген экен, ошол түнү айылдын башындагы чоң даракка асынып алыптыр.

Атамды жерге бергенче араң чыдашты окшойт, эки күндөн кийин банктын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери келишип жашап жаткан үйүбүздү, ичиндеги сатууга жарай турган буюмдарды, айылдын четиндеги үч жер тилкебизди, эки жеңил унаабызды, жадакалса жайлоодогу уй, койлорубуздан бери тартып алышты. Айылдын ортосунда илгери Союз маалында дүкөн болгон эски төрт бөлмө тамды атам сатып алып койгон болчу. Ошону гана апам «биз каякка барып жашайбыз?» деп ыйлаганынан араң калтырышты.

Кийинки жашоом бир дүйнөдөн такыр башка дүйнөгө барып калгандай эле болду.

Эч нерсебиз калбаптыр, башында апам алтын буюмдарын сатып анча билинбеген экен, бара-бара күнүмдүк тамак-ашыбызга да акча таба албай калдык. Бишкекке барып жумушка орношоюн десем, жадакалса жол киреге ашыкча акча калбаптыр. Болгон акчаны алып кетип калсам, үйдөгүлөрдүн жашоосу эмне болот? Бишкекте ишке орношуу үчүн да баары бир акча бериш керек.

Жумуш сурап Жалал-Абаддагы атамдын эки досуна бардым. Ишканаларын атам өз акчасына түптөп бергендиктен мени кийин талашат деп ойлоштубу, ар шылтоонун башын бир айтып жакындатпай коюшту. Келип апама айтсам, көпкө чейин ыйлаган.

Мектепте 8-класска чейин орус тилдүү класста окуп, кийин кыргыз класска которулган элем. Атамды жерге берген күнү орус класстагы классташтарым келип көз көрсөтүп эле кетип калышса, кыргыз класста эки жыл бирге окуган классташтарым баштан-аяк тике турушуп, жанымда болушту. Кийин акча табыш үчүн уста кошунама жардамчы болуп, айылда бирөөнүн үйүн куруп жатканбыз. Кыргыз класстагы балдар мага айтпай, мен үйдө жокто бир кап ун, бир кап картошка, май, күрүч, макарон алып келип таштап кетишиптир.

Орус класста бирге окуган Алмаз деген жакын досум бар эле. Айылдагы «менмен» дегендердин биринин баласы болчу, бай турушчу. Экөөбүз кыздарга бирге барып дегендей, жакын дос элек. Бир күнү жумуштан келатып дүкөнгө кирип калсам Алмаз тамеки алып жаткан экен, эч жаман оюм жок мурункудай эле көрүп:

– Мага да бир пачка алчы, акчасын эртең берем,- деп калдым.

Алмаз мени мыйыгынан күлө карап, дүкөнчүдөн бир куту насыбай алып мага ыргытып:

– Ме, сен эми насыбай чек, тамеки чегип балээ барбы сага?- деп дүкөндө тургандарга «күлкүлүү айттымбы?» дегендей карап күлдү. Ошондо Алмазды карай жулунуп баратканым гана эсимде. Атамдан айрылуу, банктын окуясы, өп-чап жашоо, баары кошул-ташыл болуп араң жүргөндө жарылып кеттим окшойт. Окуянын аки-чүкүсүн кийин сотто күбөлөр айтып беришкенде гана толук билдим. Алмазды ээгине бир урганымда эле эс-учун жоготуп кулап түшүптүр. Ажыратышса да болбой эшикке сүйрөп чыгып, аябай сабап салыптырмын. Алмаз ооруканада. Мээси чайкалыптыр, төрт кабыргасы, тиштери сынып, бети-башы жарылып таанылгыс болуп калган дешти. Айылдын аксакалдары, абройлуу адамдар ортого түшүп, атамдын элге кылган жакшылыктарын айтып жатышып, он беш күн отуруп чыктым.

Кийин суук түшүп, устачылык кыла албай калганда ушул таякем менен айылдагы элден алма алып Казакстандын Караганда шаарына барып эки жолу сатып келдик. Түшкөн пайда жакшы эле болду.

Экинчи жолкусунда базардын рэкеттери келди. Баары аларды «Адылдын балдары»

дешчү. Башчысы Жайсаң деген, өңү сары, түлкүнүкүнө окшогон куу, жымшык көз, ар дайым жымыйып жүргөн, жашы жыйырма бештердеги бала. Базардын мөмө-жемиштер дүңүнөн сатылчу бөлүгүнүн башчысы эле. Жайсаңды бир көргөндө эле негедир жактырбадым. Базарда турсак келди, учурашкан да жок, машинесинин ачкычын сөөмөйүнө илип айлантып, оозунда сагыз чайнап алган. Сурабай эле ящиктеги алмадан бирди алды да таякеме сенсиреп «мени саат төрттө издеп тап» деп кетип калды. Өтө эле көпкөн экен, көзүн май басып эч нерсе көрүнбөй калыптыр. Мындайларга баш ийдиң бүттү, эшек кылып мингенден кайра тартышпайт.

Таякем саат төрттөрдө Жайсаңга деп кетип, бир сааттан кийин «баары жакшы» деп келди. Ошол эле күнү алмаларды сатып бүтүп, түндөп Кыргызстанга кетип калдык. Кийинки жолкусунда ушул Жайсаң

«Жаңы жылга алма керек» деди. Алар акча, поезд менен алып келип сатуу жагын моюнуна алышып, биз айылдан алма чогултуп, сорттоп, поездге жүктөп Карагандага чейин жеткирип берүү жагын моюнга алганбыз. Эгер баары ойдогудай бүтсө таякем экөөбүз түшкөн пайдага бирден Жигули минип, чөнтөгүбүздө да көп эле акча калмак. Таякем булар менен мамиле түзүүдөн корктубу, дароо эле

«колумдан келбейт, анча көп алма чогулта албайбыз» деп макул болбой койгон эле. Мен таякемди эптеп көндүрүп, акыры макул болду. Жайсаң бизге бир бала кошуп берип, Кыргызстанга келип Жаңы жылга бир жума калганда кырк тонна алма чогултуп поездге жүктөп Карагандага жөнөгөнбүз. Казак бала учак менен эле учуп кеткен. Вагондор жылууланганы үчүн коркунуч жок эле. Таякем экөөбүз кезектешип вагондун жылыткычынын температурасын карап келатканбыз. Жылыткыч өчүп калса алмаларды суук урат. Карагандага жетүүгө үч сааттай калган, таякемдин кезеги болчу. «Жеткени калдык, эч нерсе болбойт» дегенби, бир бөтөлкө аракты өзү жалгыз ичип, жатып алыптыр. Эмне болгону белгисиз, вагондун жылытуучу мешине ток келбей, үч саатта алмалардын отуз пайызын суук уруп, жарабай калыптыр.

Жайсаң угары менен өкүрүп-бакырып биздин паспортторубузду, болгон акчаларыбызды алып койгон. Жаңы жылга жакын мөмө-жемиштин баасы асманга чыгып, тоңгондон калган алмалар аябай жакшы баага сатылып, эки эсе пайда түшсө да Жайсаң сөгүнүп-сагынып, кечээ кечинде бизди базардын ичиндеги кафелердин биринин бөлмөсүнө калтырып,

«ушул кафеден чыкпагыла» деп бут кийимдерибизди чечип алып, колубузга жука тапочка карматып койду. Кафеден тамактанып, кайра эле ошол бөлмөгө кирип жатмай. Эч ким эч нерсе айтпайт, жатабыз бир бөлмөдөн чыкпай.

Саат күндүзгү экиден өтүп калыптыр, таякем уктап калган окшойт, бир калыпта дем алып жатат. Уктайын деп канчалык аракет кылсам да көзүм илинбей койду, апамдын акыбалын эстеген сайын жата албай ордумдан тура калам. Баарынан белгисиздик жаман экен, бир жактуу чечилсе, жок дегенде эмне болорун билесиң.

Спорт менен машыгып жүрүп минтип көп жатууга көнбөгөм, денем талыкшып калыптыр. Туруп бир сааттай бөлмөдө дене-бойду жазып, көнүгүүлөрдү жасап, кайра жаттым. Кантип уктап кеткенимди билбейм, бирөөнүн түрткүлөгөнүнөн ойгонуп кеттим, Жайсаңдын балдары экен, босогодо бирөөсү турат.

– Даярданып тургула, азыр Жайсаң келет, бир жакка барасыңар,- деп чыгып кетти. Отвёртканы чөнтөгүмө салып алдым. Саат сегизден өтүп, эшикте караңгы болуп калыптыр. Бир сааттан кийин Жайсаң кирип келди:

– Азыр шефке барабыз, киргенде бир ооз да сүйлөбөгүлө, бирөөң бир нерсе деп сүйлөсөң өзүңөрдөн көргүлө. Шеф сөз талашып, ортодон кыпчыла калганды жаман көрөт. Ошол айтат силерди эмне кылышты. Түшүндүңөрбү?- деп негедир мага карады.

– Түшүндүк, иним, түшүндүк,- деп таякем шашкалактап калды. Мени каяша айтып жибербесин деп коркуп кетти окшойт. Жайсаңдын балдарынын бири алып келип ыргыткан бут кийимин кие баштадык. Унчуккан жокмун.

Жайсаңдын оюн дароо эле түшүндүм. Башчысына бизди жаман көрсөтүп, өзүнө упай иштеп алгысы келип жатат да.

Жарым сааттай жол жүрүп, шаардын борборунда окшойт, «Орман» деген күйүп өчүп турган чоң жазуусу бар үч кабаттуу ресторандын алдына келип токтодук. Жайсаң ичкери кирип кетти да, он мүнөттөн кийин чыгып кол жаңсап бизди чакырды…

 

Уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE