Пример HTML-страницы

Намаздын тартиптери.

https://kyrgyzcha.site/?p=35528&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

НАМАЗДЫН ТАРТИПТЕРИ: Бисмиллаахир рахмаанир рахииим

Алхамду лиллаахи раббил ааламиин

вассалаату вассалааму алаа расуулихи

Мухаммадан ва аалихи ва асхаабихи ажмаиин

намазда канча фарз бар? 15 фарз: 12си фарз иттифааки,3 у фарз ихтилаафи.

12 фарздын канчасы фарз Даахилии?

12 фарздын 6сы фарз даахилии=намаздын ичиндеги фарз.

Намаздын тышындагы 6 фарз кайсы?

1. Таарат: 2. Таза кийим: 3. намаз окуй турган орду таза болмок: 4.Намазды убактында отмок: 5.Жузун кыбылага каратмак: 6.Ниет кылмак.

Намаз ичиндеги 6 фарз кайсы?

1-Такбир тахрима: 2-кыям: 3-краат: 4-руку: 5-сужууд: 6-кадааи ахир (акыркы отуруш).

3 фарз ихтилаафи кайсы?

1-хурууж, 2-тартип, 3-таадил аркаан.

Намаздын ичиндеги фарздардын бири кайсы

такбиир тахрима.

Такбир тахриима кандай мааниде?

Такбир = улук тамак маанисинде тахрима- харам кылмак маанисинде: намаздын тышында мубаах нерселерди намаз ичинде хараам этмек демек.

Такбиир тахриима таабих канча ваажиб, канча суннот жана канча мустахаб бар?

2 ваажиб, 3 суннот, 1 мустахаб бар.

2 ваажиб кайсы?

1-Лафзи такбир=аллооху акбар демек. 2-Имамага уюган киши ымамды кайсы убакта тапса, ымамадан калбай ымамага ээрчимек.

3 суннот кайсы?

1-тахрима убактында эркек киши колун эки кулак жумшагына барабар которуп, алаканын кыблага туура кылмак. Аял киши эки колун муру башына барабар котормок. 2-ымамга уюган киши ымамдын такбиринен калбай намазга киришмек. 3-такбир. Тахримаддан кийин санаа окумак:»Субхаанака аллоохумма ва бихамдика ва табааро касмука ва таала жаддука валаа илааха гайрук».

1 мустахаб кайсы?

Тахрима убактында эркектер колдорун жендеринен чыгармак. Аялдар колдорун жендеринен чыгарбайт.

2-фарз кайсы?

Кыям=намазда тике турмак.

Кыям кайсы намазда фарз?

Фарз ваажиб намаздарда кыям фарз, нафил намаздарда фазилат.

Кыямда канча суннот, канча мустахаб бар?

1 суннот, 2 мустахаб бар. Кыямда он колун сол колунун устуно коюп, эркек киши киндик астына коймок, аял киши кокурогуно коймок.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE