Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарында Апрель революциясында курман болгондор эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 5-апрелде Кара-Көл шаарында Апрель революциянын 14 жылдыгына карата эскерүү митинги өттү. Бул тууралуумэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара «Жаркын келечек үчүн кыйылган кырчын өмүрлөр» аттуу театр композициясы менен башталып, көркөм ырлар окулуп, баатырларга багышталып куран окулду. Эскерүү саамалыгына шаардын биринчи вице-мэри Э.Тажимырзаев баш болгон жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Шаардагы билим берүү мекемелерининин муйзей, китепканаларында атайын көргөзмөлөр уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE