Пример HTML-страницы

ӨЛҮМГӨ ДАЯРДЫК. 1- БӨЛҮМ

https://kyrgyzcha.site/?p=36430&preview=true Кызыктуу окуялар.

 

 

1- БӨЛҮМ

ӨЛҮМГӨ ДАЯРДЫК.

 

(Башталышы)

 

Көзүн ачкандан кийин бопбоз шыпты тиктеп көпкө жатты. Кирпиктери ирмелген да жок. Бир караган киши өлүп калган го деп да ойломок. Ал түгүл дем алганы да билинбейт. Боз шып бозоргондон бозоруп, көзү мунарыктап башына эч нерсе кирбеди. О-оо далайда барып оор онтоп алды да үшкүрө ордунан козголгонго аракеттенди. Ордунан кыймылдашы да тозок болуп калыптыр. Ар бир мүчөсү өзүнчө бөлүнүп кеткенсип оңой менен эпке келбей, бели кырсылдап, буту-колу шалактайт. Кичине кыймылдаганга чыкыйы лукулдап, башы тең жарылчудай какшай баштады. Көөдөнүн чыканак боюнча көтөрүп барып кайра шалак таштады. Таштаганда да тээ түбү жок туңгуюкка таштагандай таштады. Дагы оор күрсүнө онтоду. Дүлөй тынчтык. Кулак угуп, көз көрөөр жерде жан жок. Кургаган эриндерин ###### койду. Тили да кургап калыптыр. Куудурап, эриндерин нымдаганга да жарабады.

 

Так ушул көз ирмемде башына бир ой келди. “Өлүш керек”,-деди. Ушинтип күбүрөнүп да жиберди. Көөдөнүнө бирөө кирип алып сүйлөп жаткандай туюлду. Туура, өлүш керек. Башка ылаажы калган жок деп дагы оюн бекемдеп күңгүрөндү. “Кой, минтип жарым жан болуп жата бербей биротоло өлүп тынчыйын”,- деп так чечимге келди.

 

Ушул ойду ойлоору менен башынын ооруганы басылып калды. Ал түгүл эпке келбей аткан мүчөлөрүнө да жан кирип ордунан сергек козголду. Жаткан дивандын кырына соксоё отуруп алып “кантип өлөм?” деп ойлоно баштады.

 

– Асылсамбы? Өзүмө бычак урсамбы? Кан тамырымды кессемби? Кандай жол менен өлсөм деле баары бир эмеспи. Акыры өлөм да. Алгач дайынданып алайын,-деп кетти.

 

Жылаңач өлө берсемби?-деди. – Кой болбойт го. Киргендер тартайып жылаңач өлүп жатканымды көрсө эмне дейт? Өлгөндөн кийин баары бир да. Жылаңач боломбу, кийимчен боломбу, айырмасы кайсы? Баары бир жылаңачташат да. Өзүнүн ыркыйган арык денесине көз жүгүрттү. Сөөктөрү каржайып, кабыргалары каркайып деги эле адам карагыс, үрөй учкудай болуп калыптыр.

 

Кан тамырлары көгөрүп тарам-тарам болуп, териси сөөккө жабышып саргыч тартып кеткен. Тобоо, өзүнүн турпатына качантан бери карай элек.

 

“Ушул чын эле менминби?”- деди да ишене бербей ордунан сүйрөлө туруп, арыта турган чоң күзгүсүнүн астына барды. Кудай сакта! Бетинин бырышы токсон кат, көзү үңүрөйүп ары кирген, көптөн бери алынбагандыктан ээгин саксайган сакал баскан, жаак сөөктөрү уркуйган, коңкойгон мурдунун учу кызыл быткыл бейтааныш адам турду. Я-а Алла… ээгин сыйпалап күңгүрөнүп алды. Бир нерсе айткысы келди, айта албады.

 

“Минтип жылаңач өлгөнүм болбойт экен. Адамча жашаган жокмун, жок дегенде өлгөндө адамча өлөйүн,-деген ойго келип.

 

– Азыр таптатынакай болуп кийинем да анан өлөм”,-деди да арыта эшигинин тогосу бузулуп оңдуу жабылбай кыйшайып турган кийим салган шкафын ачканда аңкая туруп калды. Шкафтын ичиндеги кийим илгичтер бүт бош экен. Бурчта тоголоктошкон бир аз түрлүү кийим жатат.

 

– Бир топ эле кийимим бар эле го? Бирөөлөр уурдап кеткенби я-а? Акмак, алкаш достордун кылары ушул да,-деп ачык сүйлөнүп жиберди.

 

Дагы үшкүрүнүп алды. Тигил тоголоктошкондорду оодарса оңдуу эч нерсе жок экен. Анан калса адам жийиркенгидей кир. Каңырсып жыты да жаман. Даана аргасы кете түштү. “Кой, бул кийимдерди кийгиче жылаңач өлгөнүм түзүк окшойт”. Кайра күзгүсүнүн астына келди. Эми өзүн такыр эле карагысы келбеди. Шөлбүрөгөн турсасынын кири да укмуш. Кайра артка бурулуп жаткан диванына шоңшоё отура кетти.

 

– Өлгөндөн кийин мага баары бир эмеспи. Ким эмне десе ошо десин. Түйшүктөнбөй эле өлө бербейимби я-а.

 

Кимдир бирөө менен сүйлөшүп аткансып үн чыгара күңгүрөндү. Башына жанагы “жашоодо адамча жашаган жокмун, жок дегенде өлгөндө адамча өлөйүн”,-деген ой кайра мыктай кадалды. Үстүнө үйрүп салаар жарытылуу да кийими калбаптыр го. Кой болбостур… Мынча болду болгон кийимимдин арасынан түзүгүрөөгүн иргеп, жууп-тазалап туруп кийип анан өлөйүн,-деди да, шашпай болгон кийимин чачып, иргеп чыкты. Иргелгендин ичинен алып кийинди. Түзүк дегендерин жууп-тазалоону чечти. Аңгыча сырткы дарбаза таңкылдап калды. Тоголоктошкон кийимин колтугуна кысып сыртка жөнөдү. Какжырап кулап түшчүдөй болгон дарбазасы дагы таңкылдады.

 

– Бара-таам,-деп киркирей кыйкырып койду. Ачса жүдөө кийинген, чачы үксүйгөн, мурдунун учу көпкөк бирөө туруптур. Экөө тиктешип туруп калышты.

 

– Эмне аңкыясың? Жүрү, тиги Бакбергендики чоң тамын түптөттүргөнү таш түшүрткөнү жатыптыр. Сүйлөшүп койдум. Түшкү, кечки тамагы, ичкилиги, анан бир шишеден жаныбызга салып бермей болду. Биз экөөбүз, дагы экөө болот экен. Берки дагы деле тиктеп тура берди.

 

– Ой, эмне эсиң ооп жатат?

 

– Сен кимсиң?

 

Жанатан сүйлөп жаткан беркинин көзү алая түштү.

 

– Акылдан айныгандан соосуңбу?.. Чын эле мени тааныбай турасыңбы? Экөө дагы тиктешип туруп калышты.

 

– Туйтусуңбу?

 

– Жинди болбочу. Ооба, Туйтумун.

 

– Тобоо. Ушундай болуп калдыңбы?

 

Беркиси даана аңкыйды. Өзүн бир сыйра карап да алды.

 

– Кандай болуп калыпмын? Чочуй, үнүн пас чыгарып сурады.

 

– Кызыл тоголок чатыраган жигит эмес белең? Эмне болуп калгансың? Туйтунун көзү алайып кетти.

 

– Саке, сен эмне деп жатасың? Экөө дагы кичине тиктеше түшүштү. Берки кичине артка кетенчиктеди.

 

– Туйту, алдагинтип жашагыча сен деле өлүп албайсыңбы? Кел экөөбүз чогуу өлөбүз. Мен өлөйүн деп чечтим. Болгону өлөөрүмдө адамдай болуп таза кийим кийинип өлөйүн десем тазасы калбаптыр. Деги эле жыргаган кийимим да жок экен, энеңди урайындыкы. Буларды таза жууп туруп кургатып кийип өлөйүн деп чечтим. Адамча жашаган жокмун, жок дегенде өлгөндө адамча өлөйүн да туурабы, Туке?

 

Туйту дагы артка кетенчиктеп басты.

 

– Кайдагы жокту айтпачы, Саке?

 

– Чын сөзүм. Менин бары-жогум кимге керек? Сеники деле ошондой да. Кечке таш ташып, акысына арак ичип эмне кыласың?Андан көрө үйгө кир. Экөөбүз чогуу өлөлү. Нечен жыл аракты чогуу ичтик эле. Эми тиги чын дүйнөгө да чогуу кетели. Туйту алактай чалына-чулуна жол жакка бурулуп, артынан берки кармап алчудай кача жөнөдү.

 

– Э-эй, Саке, акылыңа келсеңчи?-деп угуза айтты да, өзүнчө:

 

– Ту-у, айнып калган тура,-деп декилдеп кетип баратты.

 

Сапарбек аны узата карап турду да:

 

– А-а байкуш итирейген, өлүмтүгүңдү сүйрөп жүргүчө менин акылыма көнсөң болмок,-деди артынан кыйкыра.

 

Анан дарбазасын кайра жаап коюп өз ишине киришти. Ар жерди оодарып жүрүп кир жууган самындын калдыгын, бир аз “Айна” порошогун таап, чылапчынга кирин чылады. Муздак сууга кир жакшы кетчүдөй эмес. Демек, суу жылытуу керек. Сууну кайда жылытарын билбей башы маң боло баштады. Чоң мискейлери, казандары боло турган эле бири да жок. “Энеңди… алкаш достор бүт уурдап сатып жоготушкан экен”,-деп сөгүнүп алды. Анда-санда чай кайнатып ичкен кичине чайнегине суу жылытса эч нерсеге жетпейт. Казан издеп жүрүп мончосуна баш баккан. Ошондо эстеди. “О-о, таппасаң сыйпалап кал, мончону өкүртө жагып туруп киримди да жууп, өзүм да таза жуунуп албайымбы я-а”. Өзүнүн тапканына курсант боло мончонун бочкасына суу куяйын десе ичинин даты, кири тирукмуш экен. Арга жок тазалап жуушка туура келет. Акыркы жолу мончосун качан жакканы да эсинде жок. “Энеңди… бул да мендей болуп кароосуз калган тура”. Сөгүнүп коюп онтолоп ишке киришти. Алка-шалка терге чөгүп тим эле бир дат калтырбай мөлтүрөтө тазалады.

 

Суу толтуруп коюп отун сактаган сарайын ачса бир тоголок көмүр жок. “Энеңди… алкаш достор бүт көмүрүмдү сатышкан экен”,-деп койду кайдыгер.

 

Мал сарайдагы какжыраган жыгач аштоону талкалап отун кылды да күркүрөтө жакты. Суу бат жылысын деп трактордун эски резина камерасын да салып ийди эле морунан тим эле кара түтүн буркурай баштады.

 

Сырткы дарбаза дагы такылдап калды. Ачса кошуна аял экен. Экөө тиктеше түшүштү.

 

– Ботом, үйүң өрттөнгөн жокпу?

 

– Жок эже. Мончо жагып жатам. Ошонун түтүнү.

 

Экөө дагы тиктешип калышты. Кошуна аял беркинин нуру өчкөн көздөрүн карап туруп ийнин күйшөй:

 

– Мончо жагып жатам дейсиңби?

 

– Ооба, мончо жагып жатам.

 

Экөө дагы тиктешип турушту. Аял уккан кулагына ишенкиребей:

 

– Жага гой… жага гой… Мен кара түтүндү көрүп сарайы өрттөнүп жатабы деп чочулабадымбы. Ошону эле билейин дегем… Кайра артына бурулуп:

 

– Мейли анда,-деди эмне дешти билбей.

 

– Эже, нан ооз тий дейин десем үйдө бир тиштем да нан жок. Кечирип коюңуз.

 

Аял токтой калды. Башындагы жоолугун оңдоп көздөрүн чоң ача карап алды. Маңдайында турган чын эле кошунасыбы? Ошол эле өзү. “Тобоо үнү башкача угулат. Мен акылымдан айнып турамбы же бул айныганбы?”, -деп ойлоду ичинен.

 

– Эч нерсе эмес Саке. Өмүр болсо нан табылат. Бүгүн болбосо эртең болот,-деп койду да жолун улады.

 

– Эми мага нан табыштын деле кажети жок,-деди берки үнүн пас чыгарып. Аял укпады. Жашы алтымыштан өтүп жетимишти таяп калса да сымбатын бузбай кайкалап баскан калыбында каздай койкоё жайкалып кете берди. Артынан узата караган берки ичинен: “өлгөнүмдөн кийин ушул эже биринчи тиричилигиме кол кабыш кылышат болуш керек. Ак көңүл, жакшы эже. Колунан да баары келет”. Анан үшкүрүп алды. Кайра дарбазасын жапты да бул жолу илбеди. Ал түгүл кичине кыйгач ачып койду. Бирөөлөр келсе такылдатып отурбай шар кирсин дегени. Анткени, өлгөндөн кийин дарбазасы илинүү болсо такылдатып- такылдатып , эч ким ачпаган соң кете беришсе сасып кетиши мүмкүн. Ал түгүл бир нече күн жатып курттап кетсечи. Элестеткенде жүрөгү опкоолжуй түштү. Ал түгүл өзүнүн ичи көөп көгөрүп өлүп жатканы, чымындар оозу-мурдуна үймөлөктөшүп, килейген курттар соймоңдоп атканы көз алдына тартыла мууну калчылдай, денеси дүр деп ымшып чыкты. “Өлгөндөн кийин баары бир да”,-деп өзүн соороткон менен курттай чирип жаткысы келбеди. Адамча жашаган жокмун, жок дегенде өлгөндө адамча өлөйүн деген ою кайра кайталанып “эгер курттап, чирип кете турган болсом анда кир жууп, таза кийинип эмне кылам. Таза кийингенге жараша таза өлөйүн. Демек, өлгөнүмдөн кийин көп убакыт өткөрбөй кимдир бирөө билгидей шарт түзүшүм керек окшойт”,-деген жыйынтыкка келгенде кичине тынчтанып калды да баштаган ишине кайра киришти. Түзүк деген бир сыйра кийиминен бөлөгүн отко жагып жиберейин деп чечти. Жууганда-жуубаганда эмне. Ансыз деле кичинекей самын менен порошогу баарына жетмек эмес.

 

Резинанын табы күчтүү эмеспи, мончонун суусу бат эле кайнады. Чылапчынга кайнак суудан куюп жууюн деген кийимин салса суу үстүнө бир нерселер жабырап калкып чыкты. “Тобоо ушунча болуп кеткенби?”- деди күбүрөнө. Бит экен. “Тим эле укмуш го”,-деди дагы күбүрөнө. “Аа, байкуш, ансыз деле өлмөк турбайсыңбы”, -деп койду үшкүрө кимдир бирөөгө айтып жаткансып. Үстүндөгү көйнөгү менен шымын, ич кийимин чечип карабай туруп отко жакты. Карагысы келген жок. Эмне кылат жүрөгүн оорутуп.

 

Энеден туума жылаңач болуп алып кир жууганга киришти. Киринен мурда өзү эзилип калчудай алка-шалка тердеп бир катар териси шыпырылгансып күчүктөй баштады. Өжөрлөнүп чыдап кирин эзип жууй берди. Кир самыны менен, кээде порошок менен өзүнүн денесин да жышкылап коёт. Демиккенине да карабады. Акыры өлө турган болгондон кийин эмнесин аянат. Башын самындап атып чач арасынан колуна кошо чыккан биттерди көргөндө таң калган деле жок. Кийими тигинче болгон экен башы соо болмок беле. Кирин жууп болуп бурчка коюп койду да өзү аябай жышынып бууланды. Анан үйүнөн сакал алгычын издеп жүрүп тапты. Кудайдан болуп бир жаңы лезвиеси да бар экен. Кайра мончого кирип күзгүнүн сыныгына каранып чачын өзү шыпыра баштады. Ар жерин кесип кетип жатты, Ага да караган жок. Чачын тасырайта шыпырган соң сакалын алды, колтук жүндөрүн, деги болгон жүндүү жерин бүт тазалап кырынды. Башынын, сакалынын кесилген жериндеги кандарын жууган соң өзүн-өзү карап алып жылмайып койду. Анан “эми өлсөм менден эч ким жийиркенбейт”, -деп күбүрөндү.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE