Пример HTML-страницы

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР. 9-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

9-БОЛУМ.

*******

 

Кундуз оздорунун кафесине, бир туруп ресторанга жугуруп Аргенге жолугууга бара албады, келеби деп кутсо келбеди, арадан эки жыл отуп кеткенде Тургунду унверситетке киргизип койду, аерен жакшы окуп ал акыл-эстуу болду, уулдары катар чонойгон сайын алардын келечеги учун кам коруу жалгыз мойнуна тушкондо жаны тынбай иштеп ресторанын чонойтуп, ичин абдан жасалгалады.

Арген окуусун бутуп адистиги боюнча ишке орношкондон кийин гана уйлонмок болуп атасына кенешти, Насыйкат акыркы курста окуп жатат, Нурлан аны ала качмак болуп окуу жайды акмалап журду. Ошол куну дагы машинада отуруп карап турса Арген экоо капарсыз ээрчише бак жакка басып кетти, Нурлан жини келе. — Эн-нендин, жигитинин тобосун жарам,- деди жанындагыга карап. — Койсончу, адегенде ата -эненерге кенеш, бирок тигинтип жургон кыз сага жакшылык кылат деп ойлойсунбу? — Эмнеси болсо дагы алам, мага ийилбесе кун кылам, эненди урайынды. — Кой Нурлан, анткенде болбойт, башка эле кызды ала бер да. — Жок, мен ушуну гана алам, керек болсо устуно дагы бирди алып буга корсотом,- деп кыжынып жатты Нурлан.

Нурландын эки агасы Шамбеттин турмодон чыгып келгенин угуп андан оч алууну ойлонуп журушкон. Шамбетке бул жонундо <обшягасындагы> Артурдун жигити Буркут тундоп келип айтып кетти эле, ал сактанмак турсун аларды кармап келуусун отунду. Бекиткен кагаздарынын арасында Бектурсун м.н Кундуздун жазган тушунук катын издеп таап окуп жатты: < Мен Акылбеков Бектурсун Доолоталивич, Кадырбаев Шамбеттин ак жеринен турмого отуруп чыкканына куоолуумун, Шамбеттин аялы Кундузду мен суйуп калып аны ажыратып алуунун амалын ойлоп олтурмок болгомун, койчу Нурматов Алтынбайдын мылтыгын алып кетип Шамбетти атам деп мал доктуру Сагыналиев Нурматты атып алганым чын. Бирок мен бийликтин кучу м.н анын шопуру Кадырбаев Шамбетти турмого каматып жибергемин> , — дегенди окуп муштумун туйуп алды: < Мен анын олуму учун турмого отуруп чыкканым жетет, эми куноосуздон алардан зыян тартууга жол бербейм>, — деп ойлонуп Кундуздун тушунук катын алып окуп кирди: < Мен Сатарбекова Кундуз Карабековна, Кадырбаев Шамбеттин аялы болчумун, Бейтурсун Доолоталиевич директор болуп турганда биз бири-бирибизди суйуп калып мамилебиз уйлонгонго жеткен. Мага Бектурсун Шамбетти жок кылам дегени чын, бирок мал доктуру Сагыналиев Нурматтын олтургонун айткан эмес, ал жон гана Шамбетти жок кылсак экообуз тынч жашайбыз деген, мен Бектурсунга берилип алгандыктан куйоомдун куноосуз камалганына кейип да койгон эмесмин>, — деп колун коюп койгон. Буркут м.н Жаа тундосу он кундон кийин келип Шамбетти алып кетишти. Эрландын буту-колун бууп устолго отургузуп койгон экен. Шамбет кирип эле анын мандайында келди. — Кандай, жигит? — Сен кимсин, мени биерге неге алып келдин? — Шашылба, эгерде билгин келсе сен издеген Шамбет деген менмин, чындыкты билгин келеби же жоолашкын келеби? — Жоолашса жоолашам, атамды олтургон сенсин! — Сен адегенде мени ук, андан кийин коробуз,- Шамбет анын мандайына отурду, — Нурматтын олумуно куноолуу болуп бекер он торт жылымды турмодо откордум, куноосуз куноолуу болуу кандай ажап экенин билбессин, иним. — Актанбай эле кой, ким олтурду анан? — Менин кандай очум болмок атанда, сен мени жакшы билесин, машинага далай тушуп ойногонун эсиндедир.. — Эсимде, сизди баарыбыз жакшы корчубуз, анан… — Анан олтуруп салдын де… — Дал ошондой! — Эмесе муну окучу- деп Бектурсундун тушунугун берди. — Бул эмне? — Оку,- деди Шамбет. Эрлан кагазды ачып окуп ыйлап отурду да: — Бектурсунду сен олтурдунбу? — Киши олтургучко окшоймунбу? — Шамбет кулумсурой карады. — Киши олтургучту корбосом… — Эрлан, кек деген кек, атан бейкуноо олду, мен бейкуноо турмодо отурдум, бул да болсо тагдыр экен, эми Кундуздун катын оку,- деп аны дагы берди. Эрлан аны окуп корду да: — Ошол аялды олтуруу керек эле,- деди Эрлан кыжырлана. — Эркек аялга эч качан очошпойт, аял алсыз, эркек эрктуу анан да кучтуу келет, аялга тенелгенде эмне, иним,- деди да Эрландын колу бутун чечип кол алышты,- Кана, кек алуунун жолу кайда экенин тушундунбу? — Тушундум, апамдар деле сизди андай адам эмес эле деп калат, бирок менин кокурогумдогу бейажал олгон атамдын аянычтуу тагдыры очпой, кек алсам деген оюм бар эле, сизге ишендим,- деди жумшара «сизге» отуп. — Азамат, мен дагы сени тушунот деп ойлогомун, — деди да, — сени бул жерден козунду жаап алып чыгуу керек, Эрлан,- деди эле ал унчукпады, бетин жапкан экоо козун танды да машинага отургузду, бир топтон кийин Шамбет козун танган чупурокту алып койду, шаарга кирип калышкан экен. — Сиз эмнеге менден бетинизди бекиткен жоксуз? — Эмнеге бекитем? — Шамбет каткырып алды, — Сен менин душманым эмессин да. — Жанагылар кимжр? — Алар оз ишин аткаруучулар, кызыкпай эле кой. — Макул,- деп Эрлан унчукпай калды: < Турмодон оной адам болуп чыккан эмес экен, шайкалары коп окшойт, Бектурсундан очун алган экен, эгерде тируу болгондо чындыктын озу ачылып ал камалмак экен>, — деп ойлонуп уйуно жакындаганда, — Сизге рахмат, — деди кол суна жылмайып.

— Жарайт, бирок дилинде акыйкаттык гана жашасын, эч качан чындыгына жетпей туруп биринчи кадам таштабай жур! — Макул, Шамбет аке, — деп тушуп кетти, эми Шамбеттин тош чонтогундогу дагы бир кагаз калды, аны Шамбет кагаздар м.н бирге тушунук катты кармалап коруп мерчемдуу жерге таштап коймок болду: < Ушинтип канымда ойногон кек акырына чыкты, тынч жашоого туура келет>, — деп ойлонуп алды. Ал кагаздарды жолдон бир бомж таап алып милицияга берди, корсо анда Бектурсундун иштери жонундо жазылыптыр, демек аны карыздары ж.а кримчойросундогу адамдар олтургон экен деген ойго келишти. Туугандары анын кандайча карыздар болгонуна тушунуп — тушунбой кала беришти, кылмыш изилдоочулор ишин жаап койду. Иги-жиги билинбеген кылмыштын изи жабылды. Кундуз мтну укканда Шамбеттен коркуп калды < Кокус кылт этсем балдарыма дагы зыяны тийип журбосун>, — деп озунон мурда бой жетип келе жаткан уч баласынан чочулады.

Арген ошол куну атасына кенешмек болду, жакында отпуска алып уйлоном деген ойдо кечке маал келди, Шамбет жаны эле уйго кирген. — Кел уулум, иш кандай? — Жакшы, озунуздор жакшы жатасыздарбы, ата? — деп отураары м.н Арсен келип ага жармашты, ал бежиреп суйлоп тортко чыгып калган, андан кийин Эмма кыз тороп алган, ал беш-алты айлык. — Айген аке, качан келдин? — Азыр келдим, кандай дос? — Жаксы, мен дагы окуйм ээ? — Ооба, чон жигит болгондо окуйсун. — А качан чон болом? — Чоноесун жакында. — Сендей узун болом да ээ? — Ананчы, мендей болосун, — деп эркелетип которуп чопулдата опкулоп коюп анан атасына карады, — Ата, мен сиз м.н кенешейин деп келгемин. — Эмнени? — Эми уйлонсом болобу?- деди куло. — Уйлонгонун жакшы, суйлошконун барбы? — Бар. — Каяктан болот экен? — Шаардык. — Шаардын кыздары болоор бекен? — Ата, шаардыкпы, айылдыкпы, баары бир адам го? — Макул, качан алып келесин? — Сиздер айтсанар эле даярмын. — Баракелде, анда апан экообуз кенешели да даярданалы, кийинки жумада алып келе бер. — Ата, азыр сойко салып кыздын колун сураш керек экен го? — Андай болсо аны да кылабыз, мен билгендерден сурайын анда. — Кийинки жумада шаарга тушсонуздор мен тосуп алам, кача киши барасынар? — Туугандарга кенешебиз, анан уйго телефон чалам. — Макул анда, суйлоштук ээ,ата? — Суйлоштук балам, уйлонушун керек, туура кыласын, кыз озуно жакса болду, ал кыз окуйбу? — Ооба, быйыл бутот, мугалимдикти бутот. — Жакшы экен,- деп унчукпай калды Шамбет, экоо суйлошуп отурганда Эмма аларга такыр киришпейт, кээде гана кошулуп койбосо иши деле жок, чынында эчкимиси жогуна окунуп озун-озу жок кылып алаарда ага кудай Шамбетти жолуктурганына ичинен ыраазы, озунон бир топ улуу болсо дагы туболукко бирге болуп ынтымактуу, бактылуу жашасам деген тилеги бар, Шамбет элуудон ашса дагы жаш корунот, бир аз гана чачы агарганы болбосо, оз жашынан томон корунот. Аргендин уйлонмок болгонуна экоо тен кубанып Шамбет мындайыраак туугандарына кенешмек болуп уйуно барды. Шадыкан м.н Шааркан кайненесине барып ага айтып эмки жумада кыздын ата-энесиникине бараарын айтып келди. Ошентип болжолдогон куну жоноп калышты, Аргенди уйунон табышты, аларды Эмилбектер жакшы тосуп алып сыйкорсотушту, Насыйкат ошол куну абдан бактылуу болуп журду, ошентип ага сойко салынганы Нурланга жетти, ал кекенип Аргенди кармап сабамак болуп балдарды чогултуп атайын Насыйкат м.н жолугушчу кезди кутуп жатышты. Алар м.н Тургун дагы бар эле,ал Аргендин оз агасы экенин билген жок, баягы келгенж Арген арыкчырай жигит эле, анда жакшы тааныбай калган, азыр бою да ого бетер осуп, толуп да калган. Ошондуктан таптакыр таанымак эмес эле. Арген м.н Насыйкат жолугуп кундо барчу бакка келип отуруп суйлошуп жатышты, аларды карап алыстан байкап тургандар кыздан болунгондо кармамак болушуп кутуп турганда алар парктан чыгып эки болунгондо алты бала Аргендин артынан тушушту. Эч нерсе м.н иши жок кынылдап ырдай бактылуу жумушун коздой кетип жаткан. Анткени анын бугун биринчи жолу жактоочулук иши болмок, ошого шашыла кетип жаткан, ошол кезде артынан бирдеме катуу келип башына тийгенде бурулуп кароого алы келбей эсин жогото жыгылып тушту эле, аны топурап тепкилеп башташты. Откон-кеткен аларга арачы болуп кой дегендин ордуна алыстан отуп кетип жатышты. Ач кулактан тынч кулак дешкени го, козум корбосо когучумду бору жесин деген заман келбедиби. Ошонун арасынан бир кыз автоматтан милицияга чалып карап турду. Коп отпой эле милициянын унаасы келип токтогондо гана балдар топурап качып жоноду, аларды узатпай учоону кармап калышты. Нурлан м.н Омуржан, Канат деген балдар колго тушуп Аргенди шашылыш ооруканага жеткиришти. Балдарды суракка алып калган учоону уй -уйунон алып кеткенде Кундуздун журогу тушуп калды. Канат Нурландын туугандары болуп кетчу, Тургун Канаттын досу болуп сурак бере баштады. Ата-энелери чогулуп ооруканага келгенде Кундуз Аргенди таанып коз жашын колдотуп жатты: — Уулум, мени кечир, бейбак эненди кечир,- деп жаныда отурганда жаны гана озуно келген Арген: — Апа,- деди аран унун чыгарып, — Апа, кимден уктун? — Каралдым, мени кечир, сени ургандардын ичинде инин дагы бар экен, баары менин куноом, силерди тааныштырып койбогон. — Эмнеге алар мени урушат апа, кандай куноом бар экен! — Саал башын которуп онтоп ийди,- Артымдан урду да, болбогондо баарын озум сабамакмын. — Кудай ай, деги жаралбай калсам эмне, — Кундуз ыйлай берди. — Коркпо апа, арыз жазбайм, болгону себебин билсем болду, инимди бошотуп алам. — Садаган болоюн десе, тим кой, ээн баштыгынын азабын тартсын, эсине келээр. — Атама айтып ийбейсизби. — Макул бироодон айтып ийем, озунду жакшы сезип калдынбы? — Жакшымын, башыма катуу чаппадыбы? — Куураган шумшуктор десе, Тургун сенин инин балам, эми таанышасынар, биздикине барып инилерин м.н таанышып каттап тур ээ, садага? — Ооба, барып турам, кабатыр болбонуз. — Эже, укол беребиз, сиз чыгып турасызбы? — Макул, мен кете берейин ээ, Арген? — Бара бериниз,- деп кала берди Арген, ал ишин жаны баштаганда мындай болуп калганга жаман кыжаалат болду: < Алгачкы кадамымды кесишти акмактар, иним болбогондо адыз жазып коет элем, апамдын коз жашын кантип чыдап карап турам, тааныбастык болду го>, — деп ойлонуп алды. Милициялар келип сурап арыз жаз дегенде баш тартып койду, Аргендин тергоочулук ишин жаны баштаганын билгенден кийин алар балдарды кое беришти. Шамбет угуп алып эле Эмма экоо балдарын алып жетип келишти. Кундуз отурган, аларды коруп чыгып кетти. — Уулум, эмне болуп кетти?- деди Шамбет энкейип ооп, Эмма дагы ооп койду. — Угуп алып тынчсызданып жаман болдук, кимдер экен алар, арыз жаздынбы? — деп Эмма чебелектеп жатты. — Ой апа, коркунуч деле жок, арыз жазганда эмне? — деди Арген жылмая. — Кокус денсоолугуна зыян болсо кантет элен, ушу кыз талаш болуп журбосун? — Шамбет уулун сынай тиктеди. — Андай деле эмес. — Мейли балам, аман-эсен сакайып кетсен болду,- деди Шамбет, анан ала келген тамактарын онтолоп берип бир топко отуруп кетишти. Кундуз ооруканадан чыгаар куну келип уйуно алып кетти, Тургун агасына кол тийгизип алганына окунуп кечирим сурады, Турсун м.н Туйгундар дагы чоноюп калышкан, Кундуз коноктоп, колуна акча берип, бир сыйрасын кийинтип узатты. Нурлан жини келип, бирок милицияда уч туногону, алардын сурагы, тепкиси эсине келгенде тим болуп калды. Арыз жазбаганына тан калды. Ошондон бир ай откондо Насыйкат м.н Аргендин тою Кундуздун ресторанынан отту, элуудой киши чакырылып той жакшы отуп эки жаш жашоо деген узун жолго тушушту. Уул-келинине Кундуз уй-эмерегин белек кылды, Шамбеттер аларды айылга алып кетип коншу-колонуна тойчук беришти, элдин батасын алып бир жумадай жургон сон кайра шаарга келишти. Эмилбек кызынын бактысына кубанып калды, куйоо бала ага жакты. Кундуздун эми конулу жайлана тушту, анткени балдары бири-бирин таанып, ага-ини болуп алышты, Тургун агасынын жонокойлугуно, кечиримдуулугуно ыраазы болду, Нурландын эмнеге балдарды чогултуп урушканын ачык айтып берди. Нурлан ошондон кийин гана башка кыз м.н таанышып уйлонуп алды. Чынында ал ото эле чыр жигит болчу, Айнура деген кызга уйлонуп анын ашканада иштегенине намыстанды да уйдон чыгарбай таятасынын уйуно алып кетти. Айылдагы бекерчи дос-жоролору м.н журуп кызымтал болуп келет.

бир куну Айнура: — Сен башынан эле ичет окшойсун?- деди. — Ичкенде сага зыян кылдымбы? — Зыян эле болуш керек бекен, ичкиликтин пайдасы жок, Нурлан. — Мага акыл айтканды токтот! — Анда ичип журо бер, мен кетем. — Эмне, сен кетесинби? — Кете албайт дейсинби, кетип калам, бирок артымдан барчу болбо! — Мен сага эмне, оюнчукмунбу? — Ичкенинди токтотом десен кетпейм. — Болуптур эми, экинчи ичпейм. — Ичсен эмне болосун? — Анча карганбайм, бирок… Болдучу эми, таштайм дедим го. — Ушул акыркысы болсун, балалуу болгондо байланып калгым келбейт, ушундайда ичкенинди койбосон бугун болбосо эртен же бурсугуну кетем, кетпейт деп ойлобо. — Сож берем, экинчи ичпейм, таятамдарга уят кылба,-деп Нурлан аялына жалдырап кучактап калды,- Жаным, экинчи ичпейм, кетем дебе ээ? — Болуптур, ичкенинди койсон эле мен эч жакка кетпейм, — деп Айнура жибип кетти, эркектин кучагы аял учун кандай гана жагымдуу, эрди-катын урушат, тошок м.н табышат деген ушул эмеспи…

Кундуздун капчыгы акчага толуп, конулу жайланып, балдарынан коону тынгандан кийин серпилип отконду унута баштады. Коз кысып соз айткан бирин-экин адамдар м.н кафелерде конул ачып, кээде уйуно кызуу келип балдарына корунбой болмосуно отуп кетет. Кээде келбей дагы калчу болду, аны балдары кайдан билсин, жаман ойду ойлок кайда, иш м.н журот деп оздорунчо оокат откоро беришти. Мындай кундор ото кобойду, бир куну кафеде отурган, фирманын жетекчисини Кундузга коз кысып конул ачууга соз салып жургон, уйбулосу бар. Кундуз бул кезде толуп-болуп турган кез, бир аз толуп ак саргыл жузу ого бетер коркуно чыгып, беш салаасы тен алтынга толуп мойнунда калын чынжырча, билериги эле эки мин долларлык. Кафеде ошол куну Айдар Жусупбеков м.н отурган, алдында чуйгун тамак кымбат ичкилик, Тургун дагы оздорунун кафесине коп барчу эмес, ушул тушта ал бир кыз м.н кирди, эч нерседен капарсыз тор жакка отуп тамак буйрутма берип кызга карады. — Асел, мен жакында апама суйлошом, анан сенин ата-энендин алдына барабыз. — Озун бил, мен сенин эркиндемин, Тургун, — Кыз жылмая карады. — Мен сени суйом, Асел! — Тургун кыздын колун кармап акырын суйду. — Мен дагы. — Ата-энен каршы болбойбу? — Озум суйгон адамга алар каршы болбойт. — Кийин сени окутуп алам, Асел. — Окубасам дагы сенин суйуктуу жарын болушка даярмын. — Алтышка, мен сени жолуктурганыма бактылуумун, Асел. — Мен дагы, Тургун,- деп кыз- жигит оздорунчо суйуунун кереметтуу ырахатына болонуп алдына келген тамакка да карабай бири-бирин тиктешип отурганда Тургундун кулагына тааныш ун шынк этип угулду. — Кандай гана алыл жансын, мурдатан жолукпаганыма окуном,- деп бир адам м.н колтукташа чыгып бараткан апасын коруп ону бузулуп соз кирбей карап калды: < Апамды бул эмне кылганы, Асел кийин косо эмне деп ойлойт, кантип апам деп айтам>,- деп ойлоно калып тамагын ичпей ордунан турду да сыртка жоноду. — Тургун,сага эмне болду?- Асел дагы тура калды, — Тургун! — Азыр келем, — деген Тургун сыртка чыгып апасы жанагы адамдын машинасына тушуп кеткенин коруп делдейе туруп калды. — Тургун, эмне болду? — Асел жанына келди. — Эчтеке, — Тургун тиштене артына бурулду, — Журу тамагынды ич, — деди да устолго отуруп тамактанганы отурганы м.н эч нерсе журогуно барбады. Асел ага тан калып: < Эмне болду буга, башка бироосу бар окшойт, ошону коруп калдыбы, мени суйгону жалган окшойт, эмнеге башкача болуп калды>, — деп ойлонуп дурус тамак ичпеди. Экоо сыртка чыккандан кийин да ончулуктуу суйлошо албай эки болунушту. Тургун уйуно абдан капалуу келди, Туйгун уйдо, Турсун жок эле: — Апам келген жокпу?-деди Тургун келип эле. — Жок, келе элек. — Турсун кайда? — Билбейм, кыздар м.н жургондур да,- деп кулуп койду Туйгун. — Кыздарды эмне кылат экен, келсе уйдон чыкпасын, айтып кой, мындан ары уйдон чыкканынарды корбойун. — Макул, мен уйдо эле журом го? — Болду суйлобо, — деп ачуулуу бурк эткенде Туйгун унчукпай калды, Тургун ичкери кирбей эшикте басып журо берди, куугумдо Турсун келди. — Кайда журосун?- деди Тургун ага ачуулуу. — Эмне кыласын? — Турсун кайра озуно кунк этти. — Эмне кыласын деп кара муну, бул уйдо бир адам барбы баш бере турган? — Эмне деп жатасын, эмне болуп кетти? — Мындан ары апан дагы, силер дагы менсиз эч жакка чыкпайсынар! — Жинди болдунбу, апамды башкармаксынбы? — Кир уйго! — деп Тургун кайра ары басып кетти, туталанып аркы-терки басып журо берди, бир кезде тунку саат он-он бирлерде дарбазанын жанына машина токтоп Кундуздун уну угулду. — Корушкончо, ушул бугунку жакшы маанайды тартуулаганына рахмат,- деп машинанын эшиги шарак этип жабылганда Тургун босогого туруп алды, дарбазанын эшигин ача берип эле баласын коргон Кундуз делдейе туруп калды. — Кайда журосуз, апа? — Эмне болду, кайда журмок элем, иш да… — Апа, сиз бизге тарбия берген энесизби же кочо аялысызбы? — Ай бала, мени териштиргенди кой, чарчадым,- деп уйго кирип кетмек болгондо Тургун: — Мындан ары бут ишти озум колго алам, сиз уйдо отурасыз, — деди. — Эмне, сен эмнени билмек элен? — Баарын билем, эртенден баштап баарын откоруп алам! — деди да болмосуно кирип кетти. Кундуздун ичкен- жегени кайда кеткени белгисиз соолуга тушту: < Бул эмне деп жатат ыя, бир балээни билип калдыбы, кудай уруп балдарыма уят болдум окшойт, кантип бетин карайм эми, ресторанды, эки кафени откорсо откоруп берейин, дуконду айтпай эле коеюн, мага да жашоо керек>, — деген ойдо жатчу болмосуно кирип жатып калды. Эртеси Тургун эрте туруп алып басып журду, баары туруп чайга отурушканда: — Апа, сен бизге баш коз болуп, тарбия берип акыл-насаат айтчу апабызсыз, мен сизге башка соз айтпайм, озунуз тушунунуз, — деди башын жерге салып, — Мен мына жыйырма учко чыктым, кенешейин дегемин, уйлонсом болобу? — Эмнеге болбосун, болот балам, колдо жок эмес, жашообуз кудайга шугур. — Анда кыздын уйуно барышыбыз керек. — Качан барабыз? — Аны сиз айтыныз, ким-ким барат, туугандарды айтыныз. — Макул, суйлошойун, кийинки жумага макулдашалыбы? — Жарайт, мен Аселге айтайын ээ, апа? — деп кубанып кетти. — Акен м.н женен созсуз барат, апамды кошобуз, он чактыбыз болобуз го? — Мейли, алар деле бардар уйбуло, тосуп алат апа, калганын озунуз билиниз, — деди да Тургун Аселге суйунчулоого жоноду, бирок Аселдин ата-энеси жонокой адамдар эле, оздору батирде турушчу, Тургундан укканда кабак буркой тушту. — Аслел, мен сени кубанат деп ойлогом, сага жакпай калдыбы? — деп Тургун далбастай калды. — Тургун, мен сени суйом, бирок… — Эмне бирок, биз уйлонуп алсак сени эч качан капа кылбайм. Же мага ишенбей турасынбы? — Тургун, андай да, мындай да эмес… — Анан эмне Асел, биздин уйлонуу тоюбуз кандай отот билесинби, лимузинге тушуп алып озубуздун машинаны досторума айдатып алам, туугандарыбызда баарыда машина бар, улпот тойду озубуздун ресторанда откоробуз, анан сен дал ошол ресторандын башчысы болосун, — деп кыздын конулун ачууга аракеттенип жатты. — Тургун, сен мени укчу, биз батирде турабыз, шаарда уйубуз жок, ошону айтууга дитим барбай уялып жатам,- деди Асел куноолудой. — Асел, сен ага капаланбачы, андай болсо кафеден эле сособуз да. Сени ошол жерден эле алып кетем, озум жардам берем, ата-энене айтып кой. Кафе да, ресторан дагы озубуздуку, — деп кызды кучактап жузунон суйду. — Биз бири-бирибизди суйобуз Асел, демек эч нерсе тоскоолдук кыла албайт, ата-энебизди биз бутуна тургузабыз, керек болсо уй алып беребиз, кабатыр болбо, кабагынды ач жаркыным. — Сага ишенем, атамдарга айтайын анда. — Ооба, камына бергиле, мен сенин камынды кором, сени уятка калтырбайм.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE