Пример HTML-страницы

Ош шаарында эркектерди эс алууга ачык чакырып келишкен. 6 кыз кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын Өзгөн көчөсүндөгү батирлердин биринен сойкулукка шектелген 6 кызды кармады. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери интернеттен эркектерди эс алууга чакыруу боюнча жарыяны аныктап, анын үстүнөн ыкчам иликтөө иштерин жүргүзө башташкан. Натыйжада ал жарыяда көрсөтүлгөн даректе 6 кыз болгондугу аныкталган. Ошондой эле алар апрель айында сойкулук жасоо үчүн атайын батир алып, интернет аркылуу кардарларды чакыра баштаганы такталган.

Ал эми бул көмүскө жайды Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 2001-жылы туулган тургуну Ж.А. уюштурганы, Ош облусунун жана Жалал-Абад облусунун жашоочуларынан турган топту түзгөндүгү аныкталды.

Натыйжада 9-майда 2001-жылы туулган Ж.А. сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүугө шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Калган 5 кыздын үстүнөн профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

«Укук коргоо органдарынын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында Ош шаарынын аймагында мындай жол менен жан баккандардын аракеттерине бөгөт коюлган. Бирок, айрымдары интернет булактарын пайдаланып, кардар издөөгө аракет жасап жатышат. Милиция кызматкерлери бул багытта дагы иш-аракеттерди күчөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

————-

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын 1-декабрынан тарта Кыргызстанда бир дагы сойкукана болбошу керектигин билдирген.

«Силерге, урматтуу аткаруучулар, убакыт берем. 2023-жылдын 1-декабрынан баштап өлкөбүздүн аймагында бир дагы сойкукана, интимдик кызмат көрсөтүүчү үйлөр жана сауна болбошу керек. Бул үчүн акимдер, шаар мэрлери, губернаторлор, жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери жооп берет», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE