Пример HTML-страницы

Кегети капчыгайында суу жууп кеткен жол калыбына келтирилүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети капчыгайында суу жууп кеткен жол калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, тоодо кар ээрип, кокту аркылуу түшүп, Кегети суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен жайлоого баруучу жолдун 150 метр аралыгын суу жууп кеткен.

Түзүлгөн кырдаалга ӨКМдин Чүй району боюнча бөлүмү менен Чүй-Токмок токой чарбасынын кызматкерлери көзөмөл жүргүзүүдө.

Ал эми каттамды калыбына келтирүү жана кесепеттерди жоюу үчүн 1 техника иш алып барууда.

Буга чейин Көл-Төр көлүнө баруучу жолдо сел жүрүп, анын кесепетинен төрт унаа жолдо калгандыгы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE