Пример HTML-страницы

Жактоочу Айсалкын Карабаева Оштогу мүлк талаш боюнча Жогорку соттун төрагасына кайрылуу жасады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 10-майда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында жактоочу Айсалкын Карабаева Ош шаарындагы мүлк талаш боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жасады.

Жактоочу президент Садыр Жапаровго, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, мүлк талаш боюнча соттук териштирүүлөр тууралуу айтып берди.

«Бүгүнкү күндө мен силерге кайылууга мажбур болуп жатам. Анткени буга чейин үч жолу соттолгон адамдын укугу мыйзамдан да жогору коюлуп, бир мазмунда жазылган эле арызды үч жолу жаңы ачылган жагдайлар менен кабыл алып, Жогорку сотто 2024-жылдын 13-майына соттук процесс дайындалды.

Эми иштин чоо-жайын түшүндүрөйүн. Р.А. аттуу жаран 80 жаштагы жездеси жүрөгүнөн операция болгонун, алты айлап чет өлкөдө ооруканада жатканынан пайдаланып, эжесинин үйүн карамыш болуп, өзүнүн тааныштары аркылуу эжесинин үйүн өзүнө өткөрүп алган. Эжеси менен жездеси келип, билбей эле жашап жүрө беришкен. Бир күнү Салык кызматынан кат келет. Анда Р.А.нын ысымы жазылган болгон. Мамлекеттик каттоо кызматына барса, үй чынында эле Р.А.га катталганына күбө болуп, укук коргоо органдарына кайрылган. Ошентип, Р.А. соттолот. Мүлк негизсиз өзүнө катталганы аныкталат. Жездеси операция болуп, Германияда жатканынан пайдаланып, «жездем 51 сотыхты ээлеген жерин үйү менен кошо 70 миң сомго мага сатты» деп жездесинин атынан тил кат жазып келип, сотко кайрылат. Сот да арызын кабыл алып, үйдү Р.А.га өткөрүү боюнча чечим чыгарып берип коёт. Бул иш боюнча сот болуп, сот анын документтери жасалма экенин далилдеп, чечим чыгарган.

Андан кийин Р.А. жездесинин иниси Х.М. Өзбекстандын жараны болгондуктан жездесине чалып, «өзбек жараны Кыргызстанда үйгө ээлик кылса болбойт, өкмөт тартып алат экен» деп аны алдап, Өзбекстанда жашап жаткан инисинен ишеним кат алдырып, анын 3 сотыхта жайгашкан үйүн өзүнө каттап, алып сатуу жолу менен баласына каттап коёт. Ушул боюнча да экинчи кылмыш иши козголуп, дагы бир жолу соттолду. Бул жерде алдамчылык менен соттолгон. Ошол соту бүтпөй жатып эле судьяга «коронавирус болуп калдым» деп жеке клиниканын катын алып барат. Сот катка ишенип, соттук процесстерди токтотуп коёт. Бирок бул күндөрдө Р.А. коронавирус болбой эле, ээн-эркин жүргөнүн экинчи жактын жактоочусу билип калат дагы жеке клиникага кат жөнөтүп, «коронавирус болуп калдым» деген каты да жасалма экени далилденген. Ал боюнча да кылмыш иши козголуп, соттолгон. Р.А. ошентип үч жолу соттолгон. Бул иштердин баары боюнча Жогорку соттон чечим чыгып, чекит коюлган. Дагы бир белгилеп коюучу жагдай, Ош шаардык жана облустук сотунан 5 жылга камак жазасы берилсин деген чечим Р.А.нын тууганы Б.К.нын жардамы менен Жогорку сотто 3 жылдык пробацияга өзгөрүп калган.

Азыркы күндө Р.А. ошол чечим боюнча Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча үч ирет кайрылды. Эки ирет кайрылган арызынын бирөөсүн өзү кайтарып алды, экинчисин да өзү кайтарып алды. Эми үчүнчү жолу да ошондой эле опокшош мазмундагы арыз жазса, аны Жогорку сот кабыл алып, соттук процессти 13-майга дайындап койду», — деди Карабаева.

Карабаева кошумчалагандай, Кылмыш-жазык процесстик кодексинин 445-беренесинин 7-пункттун (кассациялык даттанууну, сунушту чакыртып алуу кассациялык даттануу, сунуш менен кайтадан кайрылууну жокко чыгарат) пайдаланып, Жогорку сот окшош мазмундагы арызды кабыл албоого укуктуу болчу.

Жактоочу ысымын атаган Б.К. аттуу жаран Дубайда экенин айтып, Кыргызстанга барганда комментарий бере турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE