Пример HTML-страницы

СООДАНЫН КАСИЕТТЕРИ!!!

https://kyrgyzcha.site/?p=55649&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СООДАНЫН КАСИЕТТЕРИ!!!

 

Сода (NaНС03) – табигый түрдө кездешет. Бирок көбүнчө синтез жолу менен алынат. Ак түстүү, жытсыз, упа түрүндөгү зат. Соданын касиеттери алгач Байыркы Египетте белгилүү болгон. Вади-Натрун аттуу өрөөндө жайында соолуп калуучу көлдөр болгон. Жергиликтүү калк көлдөр соолуган маалда түбүндөгү табигый соданы чогултуп алып, мумия кургатууда пайдаланышкан. XVIII кылымда француз окумуштуусу Никола Леблан тарабынан соданын химиялык курамы аныкталат. Бирок бул маалымат Франциядан тышкаркы мамлекеттерге чыгарылбай, 1 кылым чамасында сыр бойдон калып келген. XIX кылымда бельгиялык Эрнест Сольве тарабынан сода синтез жолу менен алынып, бүткүл дүйнөгө тарала баштайт. Бүгүнкү күндө сода ар тармакта кеңири колдонулууда.

 

АШКАНАДА

 

Буурчак жана капуста тез бышыш үчүн кайнап жаткан сууга бир чай кашык сода кошуп койсо болот.Муздаткычтын жагымсыз жытынан арылуу үчүн оозу ачык идишке сода салып, бир нече күнгө ичине салып коюу кажет.Ашкөктү таза жууш жана өңүн сакташ үчүн 1 литр сууга 2 чай кашык сода кошулган сууну колдонсоңуз болот.Мөмө-жемиш кошуп пирог жасоодо анын кычкыл даамын азайтыш үчүн алгач мөмө-жемишке бир чым-чым сода себелеп коюу оң.

 

МЕДИЦИНАДА, КОСМЕТОЛОГИЯДА

 

Бут кийимге сода салып кийүү буттун тердөөсүнүн алдын алат. Чечкенден кийин эски соданы төгүп, жаңысын себелеп коюу кажет.Бир литр жылуу сууга бир чай кашык сода салып бетти жууп, терини кургап кетүүдөн сактоого болот.Чиркей чаккан жерге бир аз нымдалган сода сүртүп койсоңуз, кычышканы басаңдай түшөт.Конъюнктивитте (көз оорусу)кебез тампонду сода чыланган сууга малып, көздү сүртүп туруу керек. Бир тампонду бир гана жолу колдонууга болорун унутпаңыз.200 грамм кайнак сүткө бир чай кашык сода кошуп ичүү жөтөлгө даба болот. Какырыкты жумшартат жана өпкөнү тез тазалайт.

 

ҮЙ ТИРИЧИЛИГИНДЕ

 

Жерге төшөлгөн килемдин жагымсыз жытынан арылуу үчүн үстүнө сода сээп, бир сааттан кийин чаң соргуч менен тазалоо абзел.Кир жууган сууга бир аш кашык сода кошуп алсаңыз, кийимдер таза жуулат жана жагымсыз жыттардан арылат.Бөлмө гүлдөрүн зыянкечтерден сактоо үчүн 200 грамм сууга 1 чай кашык сода аралаштырып, жалбырактарына сээп туруу керек.Үй тазалоодо ным чүпүрөккө содадан сээп, эмеректердин булганыч жерлерин жана тактарды сүртсөңүз, алардан оңой арыласыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE