Пример HTML-страницы

Ошто жарым-жартылай бузулган «Сансара» кафеси кайрадан иштеп баштады. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында жарым-жартылай бузулган «Сансара» кафеси кайрадан иштеп баштады.

Тurmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, буга чейин бузулган жайкы орундуктар кайрадан коюлуп, кардарлар кабыл алынууда.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө кафе боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

«Сот биздин бузуу аракетибизди токтотуп турсун деген чечим чыгарган. Ошонун негизинде апелляциялык даттануу келтиргенбиз. Бүгүнкү күндө соттук иштер жүрүп жатат» — деди Мурзалиев.

———————————————————-

Буга чейин Дастан Мурзалиев «Сансара» кафесинин ээси Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен менен соттошуп жатканын билдирген.

Анын айтымында, «Сансара» кафесинин кожоюндары кафени бузуу иштерин токтотуу боюнча Ош шаардык сотунан аныктама алышкан. Башкармалык аталган аныктаманы жокко чыгаруу боюнча кайрадан апелляциялык арыз менен кайрылган. Ошондуктан бузуу иштери токтогон.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматы бул иш Ош облустук админстративдик сотунда кароодо турганын билдирген болчу.

«Сансара» кафесинин ээси — Замира Турдумаматова.

———————————————————-

«Сансара» кафеси К.Баялинов көчөсү, 3а дарегинде жайгашкан. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиевдин айтымында, жергиликтүү бийлик менен кафе ээлеринин ортосундагы келишим бир тараптуу жокко чыгарылды.

Келишим боюнча кафенин ээлеген жалпы аянты 840 чарчы метр деп көрсөтүлгөн. Бирок учурда анын жайгашкан аянты келишимде белгиленген аянттан көп экени аныкталды.

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Ош шаардык мэриясы шаар тургунунан ФИФАнын долбоору боюнча курулуш куруу үчүн эки жер тилке сурап, ордуна эки жер тилке бергенин билдирген.

Анын айтымында, жер тилкелердин бири кызыл китеп менен жеке менчикке, экинчиси 49 жылга ижарага берилген.

«Ал экинчи жер тилке үчүн насыя алып, кафе куруп баштаган. Жакында мэрия 3 инстанциянын чечими жок эле объектти бузуп баштады», — деген депутат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, сөз «Сансара» кафеси тууралуу болуп жатат.

«Жер берилгени менен ээси катары муниципалитет калган. Муниципалитет өзүнүн жобосунун жана соттун чечимдеринин негизинде объектти бузууну чечти. Мыйзам бузулган жок. Жер тилке жеңил конструкциядагы объект үчүн берилген, бирок ал жерге капиталдык урулуш курулган», — деген Орунтаев.

Абдалиев жарандардын кызыкчылыгы да каралышы керектигин белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE