Пример HTML-страницы

Бий алманын пайдалуу жактары

https://kyrgyzcha.site/?p=55584&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бий алманын пайдалуу жактары

 

Адам баласы бактылуу болуп жашаш үчүн биринчиден, ага ден соолук керек. Ал адам баласына аманат катары берилген. Ден-соолукта жашашыбыз үчүн көрсөтүлгөн иш чаралардын көпчүлүгү күнүмдүк жашообузда, көңүлүбүздү бурган кичинекей жана жеңил болгон нерселер. Күнүмдүк жашообузду оңдогон кээ бир негизги тартиптерди иш жүзүнө ашырганда гана ден-соолукту коргогон болобуз. Бул аткарылуучу тартиптердин эң негизгилери тазалыкты сактоо, өз убагында туура тамактануу. Ошондой эле кээ бир пайдалуу мөмө-жемиштерди пайдаланып туруу менен ден соолукту чыңдай алабыз.

 

 

 

Бий алма (айва) жүрөк, боор, тамак, ашказан, көз, ичеги жана ооз көңдөй ооруларына жакшы жардам берет. Бул алманын жемиши эле эмес, анын данегин жана жалбырагы да пайдалуу. Алар боёк жасоодо, косметикада жана медицинада дары-дармек жасоодо колдонулат.

 

Бий алмада протеин, шекер, органикалык кислоталар, А, В2, С витаминдери жана темир, жез, калий сыяктуу минералдарга бай келип, жаш көчөттөрүндө май менен протеин камтылган. Бий алма жаш балдардын ден соолугун чыңдап, алардын өсүп чоңоюусун тездетет. Нерв системасын бекемдеп, ашказан менен ичегидеги түрдүү зыяндуу микробдордон коргоп, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Тери менен тырмактарды жылмакай жана жалтырак кылат.

 

Сасык тумоого да жакшы жардам берүү менен тезирээк айыгууга шарт түзөт. Бий алма, анын ширеси, компоту да ич өткөккө жакшы жардам берет. Кайраттуу болууга күч берип жана чарчоодон сактайт. Ооз көңдөйүнүн жагымсыз жытынын алдын алат. Курамындагы витамин жана минералдар жүрөк жана кан тамыр ооруларынан коргойт. Ошондой эле кандагы холестериндин өлчөмүн азайтып, тамырдын катуулашынан коргойт. Бий алманын кагы ооздогу жаралардын тез айыгуусуна жардам берет. Сары майга бышырылган бий алма — какырыкты чыгарууда жана өнөкөт жөтөлгө, дем алуу системасындагы илдеттерге жана бронхитке аябагандай зор жардам берет.

 

Бийдин гүлү жана кабыгы да пайдалуу. Гүлүн кайнатып ичүү бала эмизген энелердин сүтүн көбөйтүп, жүрөккө жана баш ооруга жакшы. Ал эми кабыгын кайнатып ичүү заара каналдарындагы сезгенүүнүн жакшыруусун тездетет.

 

Ооздогу жараларга, тамактын оорусуна бийдин өзүн же жалбырагын кайнатат да, ошол суу менен оозду чайкайт (кырылдап тээ тереңден). Эриндин жарылып кетүүсүнөн алдын алуу жана айыктыруу үчүн анын данегин кайнатат да, суусу менен жууйт.

 

Ал эми жалбырагынан демделген чай өзгөчө тынчтандыруучу касиетке ээ жана уйкусуздукка жакшы жардам берээри далилденген. Курамында шекердин өлчөмү аз санда болгондуктан, кант диабети менен жабыркагандарга да пайдалуу.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE