Пример HTML-страницы

Адамдын органдарына окшош азыктар

https://kyrgyzcha.site/?p=55611&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ

Адамдын органдарына окшош азыктар

 

 

 

 

Биз жеп жүргөн азыктардын адам органдарына окшоштору бар экен. Эгер буга чейин байкабай жүргөн болсоңуз бул макаланы окуп чыгыңыз.

 

Сабиз жана көз

 

 

 

Күнүмдүк тамактарга, салатка кошуп жүргөн сабизди ортосунан бөлсөк адамдын көзүн элестетет. Баса белгилей кетчү нерсе, сабиздин курамында бета-каротин сыяктуу антиоксиданттар жана витаминдер бар.

 

Бета-каротин жашы улгайып калгандардын көзүнүн ичиндеги сары челдин пайда болбошуна шарт түзүп, көздүн көрүүсүн жакшыртат.

 

Грек жаңгагы жана мээ

 

Курамында йоду көп, көп ооруларга пайдалуу грек жаңгагы адамдын баш мээсине окшош. Жада калса грек жаңгагынын ортосунан экиге бөлүнүшү баш мээнин оң жана сол жарым шарланына окшош.

 

Окумуштуулардын айтканына таяна турган болсок, грек жаңгагы баш мээнин иштөө жөндөмдүүлүгүн жөнгө салып, мээдеги маалыматтарды унутуп калбоого жардам берет. Ошондуктан, окумуштуулар жаңгакты «мээнин тамагы» дешет. Грек жаңгагынын курамында омега-3 май кислотасы бар.

 

Селдрей жана сөөк

 

Сельдерейдин узун сабы адамдын сөөгүнө окшошуп кетип, сөөккө да пайдалуу келет.

 

Сельдерей – кремнийдин булагы, сөөктүн молекулалык структурасынын бир бөлүгү.

 

Дагы бир кызыктуу дал келүү: сөөктүн да, сильдерейдин да курамында 23 пайыз натрий бар. Ушундан эле сөөк менен сельдерейдин кандайдыр бир окшоштугу бар экенин байкасак болот.

 

Авокада менен жатын

 

 

 

Биздин үйдү жарык кылып турган лампанын формасындагыдай авокадо аялдардын жатынына окшош экенинен кабар берет.

 

Авокадо аялдардын жыныс органдарына, жыныс ооруларындагы ракты алдын алууга жардам берет.

 

Моллюска жана эркектин жумурткасы

 

Ал эми кадимки эле моллюскалар эркектин жумурткасына окшош. Чындыгында эле эркектин жыныстык органдарына пайдалуу.

 

Иликтөөлөр боюнча, моллюскалардагы эң көп сандагы фолиев кычкылдыгы жана цинктин эң көп сандагысы эркетердин эрендигинин сапатын жакшыртат.

 

Гейпфрут жана көкүрөк

 

 

Грейпфрут менен аялзатынын көкүрөгү да окшошуп кетет. Грейпфрут эмчектеги сүт бездеринин рак оорусунун өнүгүшүнө бөгөт коёт. Анткени анын курамында ал ооруга каршы турган лимоноиддер бар.

 

Помидор жана жүрөк

 

Биз шакарап кылып жеп жүргөн помидорду дал ортосунан бөлгөндө, помидордун кызыл эти бир нече камераларга бөлүнгөнүн байкайбыз. Ал эми ал камералар жүрөктүн камераларына окшош.

 

Окумуштуулардын иликтөөлөрүндө айтылгандай, помидордун курамындагы ликопин аялдардагы жана эркетердеги жүрөк жана кан тамыр ооруларын жөнгө салат экен. А эгерде помидорго оливко майын же авокадону кошуп жей турган болсок, жүрөк жана кан тамыр ооруларын он эсе жоготууга болот.

 

Кызыл вино жана кан

 

 

 

Антиоксидант жана полифенолдорго бай кызыл вино адамдын канына абдан окшош. Кызыл винодо ЛПНП холестерининен сактай турган зат бар. Ал зат жүрөк ооруларына жакшы пайдасын тийгизет.

 

Кызыл винонун курамында канды көбөйтө турган да зат бар. Ошондуктан, доктурлар канды көбөйтүүдө кызылча менен кызыл винонун сунущштаганы бекеринен эмес.

 

Имбирь жана ашказан

 

 

 

Имбирдин тамыры тамак сиңирүү органына окшош. Даниянын окумуштуулары имбирдин тамыры көңүл айнып жатканда, боюнда бар айымдардын таксикос убагында бир топ пайдасын тийгизет.

 

Ашказандагы жаралардын жоголушуна да шарт түзүп, тамактын сиңишин жөнгө салат.

 

Таттуу картошка жана уйку бези

 

 

 

Колдонуу мөөнөтүнөн өтүп кеткен картошка уйку безине абдан окшош. Анан ал картошка уйку безинин жакшы иштешин камсыз кылат.

 

Мунун курамында да бета-каротин көп болгондуктан, организмдеги бардык ткандарды коргоп, рак ооруларын алдын алат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE