Пример HTML-страницы

ТЕЛЕФОНГО КОРОГОН ӨМҮР

https://kyrgyzcha.site/?p=56907&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ТЕЛЕФОНГО КОРОГОН ӨМҮР

Смартфон колдонуучулары бир жылдын 49 күнүн(7 жума 24 саат бою) сүйүктүү гаджеттерине тигиле кароо менен өткөрүшөт экен. Бул тууралуу TNS изилдөө борбору кабарлаган.

Изилдөөгө 16 жана 30 жаш аралыгындагы смартфон колдонуучулары катышкан. Смартфон колдонуучулардын 69 пайызы интернеттен жаңылыктарды окуса, калгандары убактысынын көбүн видео көрүү менен өткөрөөрү аныкталды. Колдонуучулар смартфонуна орто эсеп менен күндө 150 жолу карайт деген жыйынтыкка келишкен. Изилдөөгө катышкандардын орточо жашы 80 деп ала турган болсок, адамдар өз өмүрүнүн 8 жылга жакынын телефонго телмире тиктеп өткөзөт экен. Албетте, алдыдагы убакытта бул статистика дагы да өсөрү анык. Мүмкүн келечек муун өз өмүрүнүн 15 жылын телефонго тиктеп өткөзүп жиберүүсү мүмкүн. Аттиң, бекерге кетип жаткан өмүр десеңизчи.

Психологтордун изилдөөсү боюнча дүнүйө ааламында телефономания(телефондон көз каранды болуу) оорусу күчөп жатыптыр.Бул ооруга чалдыккан адамдын он белгиси бар имиш:

1.Жөнөкөй жашоодо адамдар менен жүз көрүшө сүйлөй албай аткан “азаматтар” колуна телефон тийгенде, дароо “чеченге” айланышат экен.Өзүнө болгон ишенбестик жоголуп,өз ойлорун кеңири билидирип калышат.Үйдүн короосунда кошуна кызга сүйлөй албаган жигит,телефон аркылуу “серенада ырдаганга” да жетишет.

2.Ар бир секундасын да текке кетирбей,эч болбосо СМС жазып туруу менен алек болот.Бул кишилердин колунун манжалары эч качан тынбай,пайдасы болсо да,болбосо да тыкылдатып жазып жаткан менен убара болот.

3.Мезгил-мезгили менен телефонун кайра-кайра карай берүү.Телефонго байланган адам аны туалет,душ же болбосо жаткан бөлмөсүнө да алып кирип алат,ал ар дайым бирөөдөн чалуу же СМС күтө берет.Көп убакытка чейин эч ким жазбай же чалбай койсо,маанайы бир топко түшүп,өзүн керексиз сезе баштайт. Дагы бир кызык, орточо эсеп менен бир адам, бир күндө 23 смс кат кабыл алып, 22 жолу телефон чакырууларына жооп берип, 18 жолу телефонубузду ачып саат карайт экенбиз.

4.Телефону жок болгон убакытта өзүнү абдан бактысыз сезип,капыстан сыртка телефонсуз чыкса,кудум бир ички кийимин кийбегендей дискомфорт боло берет.

5.Өз телефонуна ар дайым жаңы бир нерселерди жүктөөнүн убарасында болот.Ал жөн гана программалардан баштап,модалуу рингтон же сүрөт да болуусу ыктымал.Мындай кишилердин телефонунда Bluetooth же интернет эч качан өчпөйт. Статистикага ылайык смартфон колдонуучулардын гаджеттеринде 40-50гө жакын программа орнотулган. Бирок алардын 10го жакынын гана үзгүлтүксүз колдонот.

6.Каражатынын көбү эле телефон кызматтарын төлөөгө кетет.Түрдүү тарифтерге кошулса деле,орто эсеп менен карапайым телефон колдонуучуга караганда 3-4 эсе көп акча жумшайт.

7.Жаңы үлгүдөгү телефон чыкканда,аны алууга шашат.Андагы функциялардан мурун,”эл көтөргөндү” колдонгусу келет.

8.Телефонду өзүнөн алыс жерге койгусу келбейт,аны ар дайым колунда кармап,же болбосо көз алдына коет.Жадагалса баштыкка салып коюуну да өзүнө оор көрөт.

9.Өз “сүйгөнүн” башка бирөөнүн колунда элестете албайт.Жадагалса бир көрсөтчү деген суранычка да,колунан чыгарбай эле көрсөтүп коет.Аны ар дайым кооздоп туруу менен алектенет.Түрдүү жипчелер жана чехолдорду тез-тез алмаштырып турат.

10.Бир нече сим карталар жана эки-үч телефон көтөрөт.Ар бир сим карта үчүн өзүнчө бир телефону болот.Мисалга интернет үчүн бир байланыш оператору,сүйлөшүү үчүн башка бирөөсү.

Урматтуу окурман,эгерде сиз ушул белгилердин үчөөнү эле өзүңүздөн байкасаңыз,анда:

1.Сүйлөшүү убактысын 10 минутадан ашырбаганга аракет кылыңыз

2.Жөнөтүлгөн СМСтердин санын күн сайын азайтууга бел байлап,аларды санап турууну адат кылыңыз.

3.Үйдө жүргөндө,телефонду белгилүү бир жерге коюп коюңуз,же эч болбосо жатаарда башка бөлмөдө калтырыңыз.Сиз көрбөй калган чалуудан улам кыямат болуп кетпеши анык.

4.Эшикке сейилдегени же болбосо таштанды таштаганы чыкканда телефонду үйдө калтырыңыз.

5.Ай сайын бир белгилүү сумма каражаттан ашпаганга тырышыңыз.

6.Эркиңиз ушунун баарына жетсе,анда сим картаңызды жөнөкөй(“простушка”) бир телефонго салып,бир жума жүрүп көрүңүз.Телефонго кеткен убакыттын ордуна кызыктуу бир китеп окуп жүрүүнү көнүмүшкө айландырыңыз.

7.Абдан эле эрктүүлөргө кез-кези менен телефонун белгилүү бир убакытка өчүрүп коюуну сунуштамакчыбыз,эч болбосо түнкүсүн.Телефондон бош убакытты сейилдөө,кинотеатрга баруу,тууган-урукту зыярат кылуу,жөн гана кошунанын ал-акыбалын сураганга жумшаңыз.

8.Телефон жөн гана байланыш каражаты экендигин унутпаңыз,ал сиздин жүрөгүңүздө эмес,а балким чөнтөгүңүздө гана болууга укуктуу.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE