Пример HTML-страницы

Кара-Сууда спецназ кармап кеткен адамдар (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук соту опузалап талап кылууга шектелип кармалган жигитке карата 29-апрелде өкүм чыгарды. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.

  • Айыпталуучу Сакен (аты өзгөртүлдү И.С.) 1998-жылы туулган. Кыргыз Республикасынын жараны. Бойдок, мурда соттолгон эмес. Кара-Суу районунун Мамажан айылынын тургуну. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (опузалап талап кылуу) боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматынан караганда, Кара-Суу районунда бир нече жигит алдын ала уюшкан адамдардан туруктуу топ түзүшкөн. Алар Кыргыз Республикасынын башкаларды опузалап акча талап кыла башташкан. Тапкан акча каражаттарын кылмыштуу топ ортодон бөлүшүп, өз керектерине жумшашкан.

2024-жылдын март айынын башында Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну Адыбек (аты өзгөртүлдү А.Б.) таксист болуп иштеп жүрүп, Кара-Суу районундагы «Достук» чек ара өткөрмө постуна Өзбекстандан чыгып келе жаткан Бангладештин жарандарын тосуп алуу үчүн барган. «Достук» чек ара постунан ага жогоруда айтылган топтун мүчөлөрү А.А. менен А.Б. тосуп алып, «Ар бир Өзбек Республикасынан чыккан жарандарга акча төлөйсүң. Бул жердин системасы ошондой. Эгер төлөбөсөң, бул жерде иштебейсиң» деп ар бир адамды чек арадан алып кетүү үчүн 250 сомдон акча талап кылышкан.

Андан соң ошол эле март айында Адыбек экинчи ирет Өзбекстандан чыккан адамдарды алып кетүү үчүн барган учурда аталган топтун мүчөлөрү тосуп, Өзбекстандан чыккан 7 адам үчүн 3 миң 500 сом акча опузалап алышкан. Адыбек үчүнчү ирет Өзбекстандан чыккан адамдарды алып кетүү үчүн барган учурда 23 адам үчүн 5 миң 500 сом опузалап алышкан. Адыбек 3000 сомду «МБанк» тиркемеси аркылуу которуп, 2 миң 500 сомду накталай берген.

Адыбек март айында төртүнчү ирет Өзбекстандан чыккан жарандарды алып кетүү үчүн барган учурда аталган топтун өкүлдөрү «Бул жердин тартибин түшүнөсүң да. Өзүң билип эле «клиенттериңдин» акчасын таштап кой» деп коркутушуп, 4 жаран үчүн 1 миң сом акча алышкан. Адыбек март айында бешинчи ирет барганда алар «Биз көпчүлүк болуп жатабыз. Акча бөлүшкөндө аз суммадан тийип жатат. Акчанын суммасын көбөйтөсүң» деп коркутушуп 17 адам үчүн 5 миң 100 сом акча алышкан. 30-март күнү саат 13:00 чамасында дагы Өзбекстандан чыккан жарандарды алып кетүү үчүн барган учурда алар тосуп алып, 12 адам үчүн 2 миң 400 сом акча опузалап алышкан. 2024-жылдын 11-апрель күнү 23 адамды алып кетүү үчүн барганда 5 миң сом алышкан.

Сакендин кармалышы:

Бул фактылар боюнча 2024-жылдын 25-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иш козголуп, ага шектелгендердин бири Сакен 2024-жылдын 19-апрелинде саат 22:10 чамасында кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кара-Суу райондук соту 20-апрелде аны тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Аталган өкүм менен макул болбой, айыпталуучу Сакендин жактоочусу Ош облустук сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылган. Анда Сакендин туруктуу жашаган жеринен тактамалары бар экендигин жана айыпталуучу Сакен менен жабырлануучу Адыбектин ортосунда жарашуу жөнүндөгү макулдашуу түзүлгөнүн, соттук отурумда жабырлануучу Адыбек айыпталуучу Сакенге камакка байланышпаган бөгөт коюу чарасын сурагандыгына карабастан райондук сот ага камак түрүн тандаганын билдирген. Ага катар эле райондук соттун 20-апрелдеги токтомун жокко чыгарып, Сакенге камакка байланышпаган бөгөт коюу чарасын чыгарып берүүнү суранган.

Прокурордун каршылыгы:

Соттук отурумда прокурор Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 20-апрелинде Сакенге карата токтому мыйзамдуу жана негиздүү болгондуктан аны өзгөртүүсүз, апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтырып берүүнү суранды.

Соттун өкүмү:

Ош облустук соту иштин материалдарын карап чыгып, Сакенге угузулган айып оор кылмыштардын катарына киргенин эске алып, Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 20-апрелиндеги өкүмүн өзгөртүүсүз, жактоочунун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

—————————————————————————-

Окуя тууралуу:

Буга чейин 15-апрелде Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Кара-Суу районунда жарандардан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 19-мартында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын март айынын башынан тарта Кара-Суу районунун «Достук» чек ара өткөрмө бекетинде такси кызматын көрсөтүп жүргөн убакта бейтааныш адамдар ага зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, опузалап акча талап кылып жүргөнүн билдирген.

Бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде 2024-жылдын 25-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө аракеттери башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө адамдарды системалык түрдө опузалап, коркутуп, акча талап кылып жүргөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү башында турган кылмыштуу топтун иш-аракеттери байкалган.

Ош облустук, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жана УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 11-апрелинде шектүүлөр кармаган.

Алар:

— Ош шаарынын 1978-жылы туулган тургуну А.Ы., уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат;

— Ош шаарынын 2000-жылы туулган тургуну К.Д.;

— Ош шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Т.уулу Ч.;

— Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну А.Б.;

— Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган тургуну А.уулу А.;

— Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну М.З.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE