Пример HTML-страницы

Турсий

https://kyrgyzcha.site/?p=47854&preview=true Кызыктуу окуялар.

 

Ушу сөздүн кандай жазылышын билбей койдум. Труса, трусий, турсий, турси же трусик… кандай айтса деле түшүнүктүү боло берет, айтор шымдын ичинен кийген кыска ыштандын окуясын жазайын дегем. Аны мага Зарина айтып берип атат:

— Арыраакта жашаган бир келиндин күйөөсү үйүндө жатып эле өлүп калды. Ыраса боорубуз ооруду. Келин иймейгенден иймейген, бөлбүрөгөн неме эле, ого бетер болбой калды шайы кетип. Эшигине жакын жерден күндө өтөбүз, себеби, жолубуз ушундай. Эшик алдындагы тартылган зымда кийинчерээк бир эркек турсий илинип туруп калчу болду. Аның эмнең деп сурагандарга, эри бар экен деп ойлошсун, ар ким эле жыртактап келе бербесин дегем,- дептир.

Аны укканда:

— Ии, бечара, анан эмне кылсын?- деп боор ооруп койдук.

Ошол күйөөсүнөн калган жалгыз турсийди ар башка кылып, аласын ары каратып, же бери каратып, же оодарып алмаштырып жайып коёт. Адегенде боорубуз ооруп жүрчү, кийин күлүп калчу болдук. Себеби, күйөөсүнүн өлгөнүнө о бир топ болуп калган. Анан эле бир күнү турсийи алмашылып калыптыр. Бир турсийди карап көзүбүз көнүп калган эле да. Бирөөсү жаңы сатып келип койсо керек десе, кээси:

— Ка-ап, акча коротпой бизден эле сураса болмок экен, берип коёт элек,- деп тамашага чалышты, болгондо да эркектер айтып атты. Бирок ошол турсий кашайып эле мага тааныш болуп туруп алды. Себеби, мындай турсийлерди чанда гана кишилер кийишчү, акыркы маркадагы эле.

Күмөнчүл жаным бир күнү үйгө жетип келип эле шкафты ачып күйөөмүн парашюттарын карадым. Дал ошол Суриянын үйүндөгү илинип турган турсийи жок болуп чыкты. Адегенде шамал учуруп кеткендир деп ойлодум. Кайра жууйм деп сыртка унутуп коюп, ит тиштеп Суриянын үйүнө апарып таштагандыр дедим. Балким кийип кеткендир деп, өзүмдү жубаттым. Шымын шыпырып карап көрөйүн десем, эрим иштен жакында келбейт. Үй куруп атам деп кайсы бир алыскы айылдарга кеткен. Же азыркыдай сотка жок, дароо чала коюп: “Кайсынысын кийип кеттиң эле? — деп сурай коюуга.

Эртеси ишемби, жекшемби болгондуктан ишке барбай үйдө эс алып калдым. Кайдан эс алам, тигинин кирлерин, өзүмүн, эки баламын, анан шейшептерди жууп, иши кылса суй жыгылдым.

Эрте менен ишке баратып, Суриянын тигиниси турабы деп карасам, кудай сакта, күйөөмкүндөй кыпкызылы жайылып калыптыр. Бул эмне эле менин күйөөмкүндөй турса сатып алып атат деп ойлоорум менен мээме бир нерсе тык эте түштү да, дароо үйдү көздөй чуркадым. Шашып-бушуп кечеги парашюттарды карасам, дагы ошол кызыл турсасы жок чыкты. Кайра лакылдап Суриянын үйүнө бардым да, Сурия деп кыйкырсам, өлөсөл ити кыңкылдаганда 1-класста окуган баласы чыкты.

— Апаңы чакырчы? — дедим.

— Апам жок еди.

— Каякка кетти?

— Стройкага иштеп атат, ошоякка кетти.

— Эмне кир жуугуч болуп иштеп атабы?

— Йо, аш бышыргыч болуп.

— Качан келет?

— Эки-үч күндө бир келип кетишет.

— Кетишет? Кимдер менен?

Баласы унчукпай жер карады. Мен дагы тактап сурадым. Билбейм дегенден башка эч нерсе айтпай койду. Анан алдай баштадым.

— Мен сага сонун бирдеке сатып берем.

— Име?

— Эмне кааласаң ошону, көрдүңбү? — деп капчыгымдагы акчаны көрсөттүм.

— Чынбы?

— Чын.

— Битта ака менен келет.

— Ол акаң каякта жашайт?

— Билбейм.

— Мурда ушул айылдан көрдүң беле?

— Көргөм, бирок үйүнү билбедим.

— Баса апаң кайсы айылда иштеп атты эле?

— Оногу, – деп колу менен жаңы түшүп аткан Ак-Чий курулушун көрсөттү. Мен эс ала түштүм. Себеби, менин күйөөм алыска кеткен, демек, ал эмес, жөндөн жөн эле балакайга бир буюм карыз болуп калдым. Бир сомдуктан бешти сундум:

— Ме гой, азырынча бир нерсе алып жеп тур, мен дагы келем,- деп ишке чуркап кеттим.

Арадан үч күн өткөндөн кийин карасам баягы биринчи илинген турсий кайра илинип калыптыр. Ишемби күнү жөн эле карап коёюнчу деп, зерикпей басып келсем, боз турсий турат, дагы эле баягы көрүнүш, үйгө бармай, шкафты ачмай, ордунда жок чыгып, кайра Сурияга келмей.

— Келиң, — деди баласы мени көрүп.

Апасын сурасам, түндө кеч келишип, саар менен кетишкен деди. Балага ошол үйдү көрсөтчү, жүр деп ээрчитип алып жөнөдүм. Жетели деп калганда баласына 10 сом берип, артка жөнөтүп ийдим.

Менин күйөөм коюп аткан паксаны жаздемдебей тааныдым. Пакса коюштан эч кимди алдына өткөрбөйт. Күн катуу ысып аткан, түштөнөр маал болуп калган. Коргону жок дубалы бүткөн үйгө кирип баратсам,

— Сизге ким керек? — деди бир бала.

— Толубай аке керек эле.

— Эмне кылат элеңиз? — деп мени шексинип карап калды.

— Пакса койдурам дедим эле…

— А-а, анда кичине күтө туруң, аялы экөө душка түшүп атат, — дейт.

Калтырак басып кетти. Менин күйөөм аялы менен душка түшүп атканы эмнеси, шашпа сени элеби, эми менден өлдүң деп ичимден өрттөнүп аттым. Алар кап менен тегерете тосулуп, үстүнө суу толтурулуп коюлган эски бочка орнотулган жайкы душта түшүп атышты. Деги бир ордумда чыдап тура алсамчы. Чуркап барайын дейм, жанагы уста баладан уялам. Ал кирип кетери менен шыпылдап душту көздөй жөнөдүм. Мен жеткиче эле Сурия халат кийип, чачына сүлгүнү домпойтуп оронуп чыга калды, эрим болсо ичинде калды. Мени көргөн Сурия таң калып карап туруп калды да:

— Келиңиз, — деди ийбагып.

— Келиңиз дейсиңби, мына келдим, и, дагы мине дегиң бар, башка дагы сөзүң барбы? Менин эрим менен жыргашып атасыңбы же мени сокур көрбөйт, дүлөй укпайт дейсиңби? — дедим эки бөйрөгүмү таянып.

Ал көзүн алайткан бойдон мени карап калды.

— Өлүмүш болгуң келип атабы э? — дедим да, жакын келип башындагы сүлгүсүн жулуп ыргыттым.

— А-ай… — деп ооруган чачын кармап калды эле, келиштирип туруп башка салдым. Анан өзүмү кармай албай калдым. Жыга салып, тепкилеп эле жатып калдым. Ал чаңырып ыйлады. Паксанын ичинен жанагы уста бала:

— Эй эже, эмне болуп атасыз? — деп чуркап келди.

Душтун ичинен “Сурия эле Суриялап” кыйкырып аткан “эрим” жылаңач эле чуркап келди да, мени күч менен түртүп жиберди. Жыгылып барып кайра шарт тура калып, жанагы жылаңач киши менен тиктешкен бойдон нес болуп катып калдым. Ал:

— Сенсиңби? — деген бойдон далдырап туруп калды да, жердеги Суриянын сүлгүсүн ала коюп турсий кийилчү жерин ороп калды.

— Апей, сиз белеңиз? — далдырап оозумду ачкан бойдон шалк этип жерге кулап түштүм.

Көрсө, эрим эмей эле бир тууган кайнагам экен. Абысынымын көзү өткөнүнө сегиз жыл болсо да үйлөнбөй жүргөн. Жер жарылса түшүп кетейин десем, жер да жарылбай койду. Өзүмдү коёрго жер таппай жандалбастап аттым. Жанагы уста, Сурия, кайнагам, мен төртөбүз арбашкан бойдон катып турабыз. Алар эмне болуп кеткенине түшүнбөй калышты. Бир турсийдин айынан шерменде болдум. Кайнагам тескери бурулуп кайра душка кирип кетти, ал “келиним мени кызганып атат” деп ойлоп калды болуш керек. Уста бала да ары көздөй келген жагына жөнөдү. Сурия дагы эле чүрүшкөн бойдон эки колу менен денесин бекем кучактап турат.

— Э, Сурия э… ии кокуй, кечирип койчу, ит болдум. Сенин күйөөң менен экөө жүрөт дешкенинен издеп келген элем. Акеме айтып түшүндүрүп кой, мени кечир, алтыным. Сенин го астыңа түшөм, эми акемди канттим? Бетим күйүп калды, өлдүм. Бактылуу болгула, менин тилегим силерге жакшылык, — дедим да бетимди табактай кылып салаңдатып ордуман туруп, келген жолума түштүм.

Үйгө үшкүрүп, онтоп араң келсем, күйөөм келип калыптыр.

— Кайда жүрөсүң? — дейт. Мен турсий жөнүндө айтып бердим. — Аа, ал турсалар меники, акем бүтүнүрөөк, кийгенге жарай турган турсийиң болсо берчи, Сурияга барып атам дегенинен жаңыларын бергем, — дейт кебелбей.

Мен дагы ары жагын айтып берсем:

— Дени-кардың сообу? — дейт.

— Билбейм, — дедим.

— Дөөпай, — деди да, паксадан алып келген акчаларын ыргытып берип, уктай турган бөлмөгө кирип кетти.

Мен жакшы кошуна курдашымды чакырып алып баарын айтып берип ыйладым, ал күлдү. Анан күлкүсүн тыйып мостоюп отуруп калды да:

— Ай, күйөөң апкелген акчаны алып, Бишкекке кетип кал да, соода кыл, — деп акыл айтты.

Аны кетирип ийип, мен кийимимди иреттеп салыштырып, күйөөмө ыраса сонун кат жаздым, эки баламды кошо табыштап мага берген акчасынын жарымын алып, түн ката жөө жалаңдап вокзалга келдим. Бишкекке бир киши болсо эле кетебиз деп турган таксиге түштүм да борборду көздөй зымырап жөнөдүм. Дароо эле Ала-Арча базарына барып түшүп, соодага аралашып кеттим.

Үйүмдү, машинамды соодадан таптым. Күйөөмдү чакырып алгам. Эки балам тең үйлөндү. Сурия менен кайнагам үч балалуу болушкан. Мен бир да жолу айылга кайтып барган жокмун. Экөөнүн жүзүн эле эмес, жакындарымын да жүзүн карай албайм. Турсийдин окуясын бир эле кошунама айткам, ал да бирөөгө айтыптыр, ошол аркылуу бүт айылга жайылып кеткен. Суриянын “турсий жайган үй” деген аты калып, мени “турсийге таарынган Заринадай болбочу” деген атка кондурушкан. Өзүм гана кээде күйөөмө айтып калбасам, ал бечерам эстебейт деле.

Ал адегенде мени кектеп таарынып жүргөн, качан гана ишим жүрүшүп, андан алган акчаны үч эселеп кайра өзүнө салып ийгенимден кийин гана таарынычы жазылып менин артыман келди. Шаарда деле паксачылык кылып иштейт. Буга паксаны чабалекейдин үйүндөй кылып тегиз койгонду жанагы кайнагам, Суриянын күйөөсү үйрөткөн. Кайнагамын аты Тогузбай болгондуктан Толик деп коюшчу. Мен Толубай керек эле деп барганда баягы уста бала Толик акенин аты ушундай го деп ойлоптур да.

… Зарина күлбөй, мостоюп туруп айтып бүттү. Менин күлкүм келди эле, бирок тыйдым. Ал мени менен коштошуп Баткен базарын көздөй кетти, мен 8-троллейбуска чыгып, орундукка тескери карап отуруп алып боорум эзилгиче күлүп келаттым…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE