Пример HTML-страницы

Пресс хата 7 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

7-болум.

 

Кирип барсам: албан-субандай болгон адамдар, анын ичинде мен таныган казак жигит журот, бары бир столду тегеректеп, тугол ак китепчен, суйлошуп олтурушуптур. Мен тор жакка, столду тегерене качып, казак жигитке ыктадым. Артымдан уда эле, кожоюнум кирип келди. Эн тордо олтурган, ак кителинин жакасына сыйбай бучулугу чечилип ынтыккан семиз орус булардын торосу корунот, казак жигит энкейип, бирдемелерди шыбырап айтты эле, торонун ону дароо озгоруп, курп тооктой кызара тушуп, теке мандай эбиреген кожоюнума карап, устолду бир коюп, бакырды эле, тиги коркконунан козу чикирейген бойдон, арты менен кетенчиктеп, сыртка чыгып кетти. Бир аздан кийин, казак жигит мурутунан жылмайып.: «Бара бер, эч нерседен кам санаба» дегендей, мени женил туртуп койду, сырт жакка ээк нускап. Сарсен деген жигит экен. Омур бою унутпасмын мага кылган жакшылыгын. Алма-Атага алып барып, кат сабатымды таанытты. Бир жылча колунда журдум. Тилмеч болуп иштейт экен бечара! Жаш аялмент, уч жашар баласы бар. Озу деле — жалчынын уй-булоосундо туулуптур, зээндуулугунун аркасында кат сабатын жоюп, орусча кат таанып, тилмечтикке жетишкен окшобойбу. Ошентип жургонумдо, он жетинчи жылдын тонкорушун билесинер го, астын — устун болду да, калды. Ак паашанын кызматчылары, аскерлери, байларынан ойдо кочо качышты. Кочоо — кочонун баары атыш., ызычуу:

«Большевиктер келиптир! Большевиктер келиптир! » -болуп калды. Сарсен да уй-булоосу менен кайдадыр жоголду, ошондон кийин аны коргонум жок. Ошолор келип — кетип жургон чон кенсесинин бир кичинекей болмосундо баш калкалап, эртеден кечке тирмейип, кат сабатымды жоюп олтурчумун. Кышында кенсеге от жагып, суу ташып, бир жумушунда илинип жургом. Кенсебиз баары качкандан кийин, апырык менен сапырык болду да, калды.

Кызыл жылдыз мандайына тагылган шоншойгон баш кийим кийишкен аскерлер келишти. Антарып — тентеришти, акыры мени суракка алышты. Мен эмне демекмин ? «Кыргызмын, томолой жетиммин.» .

«Окуйсунбу? » -дешти.

«Окуймун» -дедим. Азыр ойлосом, байланыш аскер туйуну, «связисттин» окуусу экен. Кийин ушул багыт боюнча аскерге чакырылдым. Баары отту — кетти, жигиттик курагыма жеттим.

-Бала кезден осуп онгон ЫСЫК-КОЛ тушумо кирет. Ата — журттун деми кыйын го ?

—Ооба! Ооба! Айткандарында калет жоктур. Анан , качан кайтып келдин КЫРГЫЗСТАНГА ?

—Алгач, эжемди издедим. Эжем КАНЫШ Кеминдин «Атайке» деген жеринде деп уккамын. Жездемдин аты КАЗЫБЕК,. Кудайга шугур, сураштырып журуп таппадымбы. Оокаттуу турушат экен… Баштан откоргондорду айтсам, эжем ыйлады. Ошол жерде бир топко журуп калдым. Мына ошол жерде уйлондурду мени эжем. Коруп турасынар Кудайга шугур, очор — бачар , бала — чакалуу болдум,.

Минтип небере кутуп олтурам.

—Балдарын тек чыккан жок. Улуу балан АБДЫМАЛИК шопурлардын чону, уй — булоосуно карамдуу. Келинин САБИРА да мыкты.

Бир эле кызматта: Балдардын кургак учук диспансеринде месестра болуп иштеп келатат. Бир уулу Таберик кызматкер боло турган туру бар ондонот. Деги, жаман эмес. Кудай ушуларга кубат берсин!

—Пендебиз да! -созго аралашат да бир карыя.

—Мына, башынан коп заман отуптур, минтип, небере, тукумун кобойуп, ЗИМИЛА байбичен кашында, эки уулун, эки кызын очор — бачар болду — коргон азап — тозогун бир кунчолук болбой калды. Андан коро, жергебизде тынчтык болуп эле, ааламат согуштан сактасын! Кары — жашы дебей ыйман берсин! Оомийин! — карылар кубуронуп ар кимиси оз тилегин айтып, жузуно бата тартып, ордуларынан туруп кетишти.

Мына, кыргыз журтунун башына тушкон эсепсиз алааматтардын ичинен Кыргыз эли Кытайга азып — тозуп барып, озу болсо ата — энесинен эрте ажырап, корбогону кор болгон пенде минтип жашы алтымышты таяп, небереси РЫСБЕКТИ тизесине олтургузуп — туболук соолубостой, тугонбостой туюлган, кыргыздын дал озундой чычкылуу кыялы бар «ЫСЫК-КОЛ» аттуу, мандайына буткон улуу мухитинин теке мандайында мандаш токунуп олтурат.

Бала да ун катпайт. Балалык ою куш мисал чабыттап кетти. Арийне, ой кушунун канаты азырынча чабал: кылымдан кылым ашып, нечен бооз уйлордо, кемегенин тубундо, ат жалында айтылып келген улуу мурас: калмак балканы ЖОЛОЙ менен кыргыздын сексен беш жаштагы таянган аксакалы эр КОШОЙ дун курошуп, «намыс» деп ичтен тутоп ураан чакырган бабаларынын туп тарыхын ички теренине жете тушконгон эместир, бирок, не, ар бир МАНАС чы элдин чок ортосунда олтуруп улуу мурасчы баштардагы ар бир кыргыз кулуну туйчу касиет кучтонбу — капкара коздору жанданды. Эки доо: ЖОЛОЙ менен КОШОЙ дун кармашы элестеди козуно.

Тигине,силкишкен жерден кан кетип,чап билектен алышып, айлана тозон чан болду, уй ордундай чым оодарылды. Кудай ай, тигил эмне?!

КОШОЙ бабандын козу жумулуп, уйкуга козу чумулуп бартпайбы? Атпай кыргыз журту кайдасын, ойготкула тигил чалды!?

Бала — жанаа: чон атасы кунгуроно ун созуп айтып жаткан окуяга баш оту менен аралашып, козу чекчейген. Таноолору кулунчактыкындай дердендеп, коз чанагы жашка суулана, бут ой дити — чон атасы АКМАТБАЙ дын оозунда. Кээ бир создорду тушунбой калат. Ыр саптарындай куйулушкан ыргактуу создор улам жаныланып аны ээрчитет, жанылдырбай, окуянын ички чыйыры аны кайдадыр жетелеп барат. Оо, айланайын, бабалардын элестери! Кагылыштан эр каны тогулгон жоокер, заманды очурбой ооздон, оозго айтылып, кылымдан кылымга отуп, урпактарын айтып келе жатыр.

Айтсын. Айтпаганда не? Эрдик дайыма даназаланып келген. Коз ирмебей тик качырган, жоосун айбаты менен туйшолткон найзакердин ыктуусун ырга кошуп айтышкан, той — ашта коп торкуну, ошол тууралуу болгон. Ал го, жоокер заман. Арийне, батырлар козго тамчылатаар дарыдай керек ар бир заманда. Баатыры жок заман — куйтку заман, тулку заман. Чындыкты кашайта бетке айтып, эл камы учун кара жанын карч урган бул да эрдиктер.

Жымжыртык созулуп баратканда, бала бурулду чон атасына.

—Ата,Балбай баатыр туралуу айтып берем дебедин беле?

—Дедим беле? -мурутунан жылмайат чон атасы.

Эчтекени унутпайсын. …Ушунун жакшы. Зээндусун. Балбандар, баатырлар жонудо укканды коонун суйот, жоо жомокторго анча дилин чапайт. Аны тиги бобогун Тынычбек жата калып угат . Болоор бала богунан деген кеп бар. Бул заман бейпил заман болчудай. Шонетсе да, баатырлык менен кун откоргон бабаларынды унутпай жургонун дурустур. Эми, сыр найзаны колго алып, чоролорун эрчитип, душманга карай бет алган заман кайда?! Ал калды. Эми, китеп заманы, окуу заманы..

Карыя бир ойго арбалгансып, ун катпай калат. Аны бала да бузбайт. Бугун болбосо да, эртен, не, бурсугунку чон атасы Болбай батыр тууралу кеп учугун уларын билет.

—Сарбулак деген айыл бар — ушу колдун биз турган кунгой тарабында. Буерден ашып кетсе, жуз чакырымдай аралыкта. Кол башы. Тупко аз-аз жете бербейт. Сарыбулактын бери жагы Курмонту. Бугу эненин балдары. Ошол тушта — БАЛБАЙ баатырдын кунбозу. Кайран баатырдын кунбозун ти, жакында эле, кыргыз Кытайга качканда. Орусиядан келген жазалоочу отряддын жоокерлери колдон келишинче талкалап, бузуп таштаптыр.

—Эмнеге ата?

 

-Пендечилик. ….Тируусундо баш ийдире албаган кыраандын кунбозун олгондон кийин кыбалары калды, билишинче бузуп-жарып, маскара кылышты го. Андан бирдемеси короп калдыбы дейсинби баатырдын? Эл журту кийинчерээк ондоп-тузоп коюшту. Шабдан баатырдыкын да ошентип жер, менен жексен кылабыз дешкен имиш.

—Ал ким ата?

—Ал дагы, бир бабан,. Орус менен алака тузуп, бир ууч элин чачыратып ийбей бириктирууго умтулган чыгаан, алысты коро билген косом.

—Ал аябай-аябай алысты коро билчуу беле?

РЫСБЕК тин балалык суроосуна жооп берээрден мурда, чон атасы борсулдап кулуп. Анын жообун кутуп, тиктеп турган баланын бешенесинен сылап, тобосунон жытап койду.

—Алысты коро билет дегеним: акылы куч, эл мудоосун тушунгон, калк менен жаны бирге, каны бирге дегеним. Малы жок кембегалга, мал, союш берген, элден окчундап, озунон-озу корсунуп, жалгыздап алачык тигип олтургандарды корсо, айыл ичине кочуртуп, кем карчысын каралашып, тыныраак оокат кылсын деп ичтен сызган, колу март, босогосунан киши узулбогон адам болгон экен.

—Аа, Балбай баатыр кандай киши эле чон ата?

—Балбайбы? — соз издеп кайсактабаса дагы, боорун жерден жаны которгон , небересине жеткиликтуу жооп издеп, саамга ойлоно калганы сезилет карыянын, -Балбай…Балбай сонунан эл ээрчиткен баатыр болчу. Бир элдин наамысына жараар, туу болуп берээр уул тууларда, карыялардын тушуно аян берет, не, алда бирдемеден белги болоор. Баатыр, балбан, олуя, данышман, жер чечегин безип сайраган, талаш-тартышты кан буугандай токтоткон, калыс чечендер озунон-озу туула койбос.. Буларды аркасы бар , адамдар деп коёт. Колдогондору бар. Кудай, Тааламдын ичи кен эмеспи.

Он сегиз мин ааламдагы кыбыр эткен бардык, макулук, пенделеринин жамысын коз алдынан сыдыргыга салгандай откоруп, баки жогун ырыскысын таап берип, бирине тоонун чокусунан, бирине суу тубунон, бирине жер устунон жай таап берген эмеспи. Кайсы журту кыйналса, ошону тукум курут кылдырбай аян берип, не, карангыда жол тапкан косом, не, эл-журтун чет коздордон коргой жол тапкан косом не, эл-журтун чет коздордон коргой турган уул берет Кудай Тааламдын кен пейилдуулугу ушунда эмеспи.

 

Кыргыздын уучу да кыйыр эмесимр. МАНАС, КОШОЙ, БАКАЙ,бабалардай уулдарды берди. Кыргыз байкуш канча чачылды, аяк башын бириктирип жыйнап бир тамчыда чогултуруп, журт болуп келатабыз. БАЛБАЙ баатырды эстегенин жон болбодубу кулунум. Балбайдан откон, атагы таш жарган — КУРМАНБЕК, эр ТАБЫЛДЫ, ондонгон баатырлардын омурунон деле баян салып берсем болмок сага. Бирок, БАЛБАЙ баатырдын жону озгочо.

Бул сага сени менен катарлаш осуп келе жаткан тукумун оскурлорго сабак. БАЛБАЙ баатырдын маалында бугу менен сары багыштын чабышы — кыргыздын кокойундогу айыкпас жара. Кыргыз- кыргыз болгону чет жоолордон мурда, озу менен озу коп айгышыптыр. «Кыргыз — уруусун суруштуро келсек, эн, болбоду дегенде — карын боло чыгат» -деген кеп бар. Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып, алакандай кыргыз журтун коргоп, узонгулош журуп, жоо колун чалатурган баатырлар, ар кимиси оз уруусунун тарабын талашам депатышып, бирине бири найза сундурушту.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE