Пример HTML-страницы

Ак-Талаа районундагы 2 айылда каналдар тазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу 2 айылда сугат суу каналдары тазаланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айыл өкмөтүнүн «Баетов таза аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Медер Асаналы уулунун айтымында, жазгы дан эгиндерин айдап-себүү өнөктүгүнө жана тоют өсүмдүктөрүнө сугат сууларын өз убагында жеткирүү максатында сугат суу каналдарын казуу жана тазалоо иштери башталды. Анын ичинен Байгөнчөк айылынан 1,5 чакырым узундуктагы, Үгүт айылынан 1 чакырым узундуктагы канал казылып тазаланды.

Ошондой эле Нарын дарыясынан сугат суу алуу максатында Нарын-Арык каналы тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE