Пример HTML-страницы

Пресс хата 11 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

11-болум.

 

Эмнеликтен экени белгисиз, Чолпон-Атада машыктыруучулар узакка кармалбайт. Шарт жок — беттешуулорду откорууго, гимнастикалык снаряддарды, спорттук керектуу буюм-тайымдарды сатып алууга каржы болунбойт деп болок жакка которулуп кете беришет машыктыруучулар.

Окуу жылы да аяктады, ошону менен бирге, спорт дегенде жантыгынан жата калып буйру кызыган куйормандардын да деми сууду окшойт. Эркин курош боюнча машыктыруучу мугалим жыл аягын кутуп, аран эле жургон окшойт, ал да бир жагына изин суудуртту. Спорт аянчаларында гана тамчыгы чыккан топту кубалашып, азганакей балдар журот. Болок эчтеме….Жай келди. Эс алуучулардын жайнап келген убагы…

Быйылкы жай Рысбекке кандай отот эле, аны ким билсин, минтип, кол жээгинен Володяга кезигип калып олтурбайбы.

-Ошентип, эркин курош боюнча бир жылга жакын машыктым дечи. Жаман эмес. Демек, спортко болгон кызыгуучулук бар турбайбы — суйлоп олтурат Володя.

-Кана, ордунан туруп, бийик-бийик секирип корчу? Куулонуп секир!… Дененди пружинадай ийип, акыл сезимине, дененди баш ийдирип туруп, абага умтулуп! Ии, ошондой….Эми, артына карай ийилип, тупкучтой ийилип!.

«Гимнастикалык копуро» -деп уйротту беле машыктыруучунар? … Ошол конугуну аткар! Салааларындын учтарын жерге тийгизип, анан, алаканынды таяп, ийилген боюнча туруп кал.?

Оо, баракелде, азаматсын! Ошол ийилген калыбында туруп артына, буттарындын кучуно салып, секирип кете аласынбы? Муну — жарым секирик деп коюшат…..Азамат! Дал ошондой!…

 

Мен сальто жасаганды билем! — мактоого эргий тушкон бала айтып жиберди.

-Таза сальтонубу, же, жер таянып туруп жасаган сальтонубу?

-Жерди таянып туруп артка секирип кеткенчи?

-Ал да жаман эмес…Кана, жасап корчу? Жаман эмес! Жаман эмес!….Анда эмесе, кел бери, олтуруп, ангемелешели?

-Кайсы класска кочтун?

-Алтынчыга.. ..

-Мен сени жакшы, же, жаман окушунду сурабайын. Козундон эле коруп турам, окууга анчалык конулун жок . Бирок азыркы замандын талабы ушул: билим адамга керек,. Билим болбосо, жашоо кыйын….Машыккын келеби ?

-Эмне менен?

-Чыгыштын жекеме жеке курошу туралуу уканын барбы? Каратэ, ушу, кунг-фу.

-Каратэ деп уккам, бирок, аны менен эч жерде машыктырбайт турбайбы. Тыюу салынган имиш дейт го?

-Чиш-ш! Кептин баары мына ушунда болуп жатпайбы….Коммунисттердин бир акмакчылыгы: тыюу салганды абдан жакшы корушот. Озун билесин, тыюу салынган нерсе адамды ошончолук озуно тартат. Ошондойбу?

-Ошондой..

-Анда мындай суйлоштук: мен бул жерде жайы бою боломбу, бир ай боломбу, экообуздун суйлошконубуз жонундо эч ким билбесин. Макулдаштыкпы? Сен мага жагып калдын балакай!.. ..Ошол учун.

Мен сага каратэ — байыркы Чыгыштын уруш ыкмасы болгон искуствосунун жаралыш тархынан бери айтып берем. Мына ушундан сон гана. Чыгыштын атактуу жекеме-жеке курошу менен машыгасынбы, же, машыкпайсынбы — эрк озундо. Чыгыш — тын бул курошу спорттун болок турлорунон кескин турдо айрмаланып турат.

Спорттун кайсы турун алба — жакшы, алардын баасын бир йотуга болсо да томондоткум келбейт. Бирок, каратэ анык искуство сынары осуп чыккан. Мен булардын баарын сага эмнеге айтып олтурам? «Анткени, уруштун искусствосун уйронуу учун анын философиялык озогун билу зарыл. Ан-сезимсиз дененин зарылдыгы жок» — деп айтылган. Озунун эн жогорку жетишкендигине каратэ — Окинава аралында осуп жеткен, анткени, алмустактан ал жерде — куралы жок уруш — окинаватэ онугуп калган.

-Куралы жок уруш дегенди кандай тушунсо болот? Демек, куралдуу кишиге — куралсыз баруу деген соз да.

-Туура байкаптырсын балакай. Эми, угуп тур. 21кылымда япондук феодалдар Окинава аралын толук баш ийдируу менен жергиликтуу калктан баардык курал — жарактар тартып алынган. Мына ушунда гана душмандан озун-озу куралсыз коргонуунун зарылдыгы келип чыккан. Кийинчерээк каратэ Окинава аралынан Япониянын калган аралдарына кенири жайылган сон, ал япондук озун-озу коргонунун дзюдо онду курошунун ыкмалары менен алда канча байытылган.

Белгилуу, каратэ боюнча устат М. Ояманын айтуусунда: уруш искуствосунун бул турундо негизинен Индиядан кабыл алынган — демди ичке алып, кайра чыгаруунун ыктары, Кытайдын — айлампа сайкы жай, калгыган кыймылдары, анан, уруш баштаардын алдындагы турпаты — япондуктардан алынган. Каратэ де негиз болуп, колдун саласы жана буттун таманы,ошондой эле атандашынын устунон толук женишке жэетуу учун баштан тартып, дененин кайсы болугу болсо да колдонулат.

Каратэ бул жон гана мушташ эмес. Бул — дух менен дененин журулушканы, башкача айтканда: ан сезим — денени, дене болсо — ан сезимди озуно баш ийдирет. Кучтуу адам дайма кечиримдуу болушу зарыл. Бул жагынан, болокчо айтканда, терен руханий осуш менен куч-кубатуулукту айкалыштыра билгенге тарбиялоо боюнча кытайдын уруш искуствосуна жетпейт. Мисалы, ушуну алалы.

-Ушу? — Рысбек укканын кайталап сурады.

-Ооба, -ушу- . Кытайдын байыртадан бери келаткан уруш искуствосу.

-Ал каратэ сыяктубу?

-Жалпы жолунан окшошуп кетет. Бирок, ушу менен машыккан, аны эн жогорку денгээлге чейин жеткирген устатарга тан берсе болот: алар бир оздору руханий осуш менен куч-кубаттын бириктиргенде.

-Аны кандай тушунсо болот?

-Жонокойлотуп айтып берейин: айталык, бир адамды, сени деп коёлу, ушуну .же, болбосо каратэнин татаал ыкмаларын уйроносун, эгер, сенде духовный — адамгерчилик, ан сезим жактан осуш болбосо, ким корунгонго катылып, уйронгон соккуларды элге демонстрациялап киресин Ушундай болушу да мумкун эмеспи, ээ балакай?

 

-Анда эмне кылуу керек? Бироо тийишип жатса, жанынан унчукпай отуп кете бериш керекпи?

-Мен сага мындай тушундуройунчу. Кытайдын ушу боюнча устаты тегерегиндеги жашоочулар учун ото карапайым болгон. Озунун духунун, куч-кубатынын кучтуулугун корсоткусу келген эмес.

 

 

 

Ал билген ыкмалары эн заарыл учурда гана, алсыздарды коргоодо, же, эл башына тушкон жалпы кыйынчылыкта пайдаланган. Ал эми, болок убакта болсо, кор тирилик менен алышып жургон жонокой эмгекчил адам катарында болгон.

Рысбек ойлонуп калат. Буга чейин каретэ, ушу тууралу мынчалык кенири маалыматты эч бир жерден алган эмес. «Каратэ» деген сырдуу угулган созго байланышкан окууну мынчалык билген кишини да мурун кезиктирбеген. Он экиден он учко караган тестиерди тен атадай коруп, суйлоп олтурганын кара бул кишинин? Эзелки таныштардай.

-Ушунча болду, мен сага ушу искуствосуна байланышкан айрым бир окуялар тууралу айтып берейин.

Ангеменин улана беришин кутуп ынтызар болуп олтурган Рысбек, тез-тез башын ийкегиледи.

-Кытайдын Суншань деген тоосу бар экен — Хенань провинциясына караштуу. Ошол тоодо атактуу Шаолинь манастыры жайгашкан. Бул манастырлар тууралу укмуш легандалар айтылат эл арасында.

Монастырда жашаган монахтардын дээрлик бардыгы ушу менен тынымсыз машыгышкан.

Монахтарды гумандуулукка тарбиялоодо — «уде» деп аталган уруш искуствосунун моралдык кодекси иштелип чыккан. Анда оз ара жанжалдашып урушуудан алыстата турган эн негизги максат ушул болгон:

«Ким уруш техникасын оздоштургусу келсе, анын максаты эн биринчиден ички духу менен денесин куч-кубатка толтуруга багыталууга тийиш. Ал тан аткандан кун батканча машыгуусу зарыл, эч себепсиз, оз каалаган малда машыгуусун токтотуусу тийиш эмес».

Ушу боюнча устаттар эрксизден мындай суроого такалышкан:

«Качан жана кандай учурда алар оздорунун билген окуусун иш жузундо корсотушу керек?»

Бул суроого да атайын тузулгон кодекс жооп табат:

«Колдон келишинче уруш-жанжалдын алдын алуу, кескин учурда гана эч нерседен тайманбай женишке жетуу зарыл».

Кодексте дагы минтип айтылат:

«Айланадагы адамдар менен сылык, кичи пейил мамиледе болуу менен калп айтпоого умтулуу. Кучко таянып алсызды кемсинтуу жарабайт» .

-Кордунбу Рысбек? Кытайдын курош искусствосу катары таанылган ушунун, устаттарынын негизги тарбиясы.

-Буга кандай дейсин? Кызык бекен?

-Абдан кызыктуу экен ангемениз! Айрыкча, Шаолинь манастыры жонундогусу.

-Шаолин манастыры! Бала чагымда далай тушумо кирген.15-16 -кылымдарда дениз жээгиндеги кытай провинциялары япондук пираттардын талоонуна учураган кездер болгон. Ошондо, Шаолинь моностырынын бутуруучулору жардамга келген учурлар аз эмес.

Темир кийгизилген таяктар менен куралданган аз сандагы монохтар-кылычтар, жаалар,арбалеттер менен куралданган япондук отрядарды артын карабай качууга аргасыз кылышкан.

-Ой-ей! Монахтар укмуш экенго?!

-Монохтардын болок адамдардан озгочолугу деле жок. Болгону, жасабаткан ишине кылдат, устаттык менен терен караганда болуп жатпайбы.

-Эгер, бизде ошондой уруш искуствосуна уйрото турган мектептер болсо, сосуз машыгаар элем.

-Биздин коомдун бир кемчилиги: тыюу сала бергенинде. Жалпы белгилуу боло баштаган нерсеге тыюу салууга болобу? Тескерисинче анын философиясын, осуш баскычтарын уйронуу зарыл эмеспи. Тыюу салынган нерсени жашыруун болсо да, стихиялуу турдо одоно уйронуу башталат.

Азыр ошол кыймыл башталды. Чала-чырпыт уккан, уйронгонун жоромолдоп: дух менен денени бекемдоо, Чыгыштын жекеме-жеке курошунун ички принсиптери менен тааныштырбай, анын философиялык озогуно сунуп кирбей туруп эле, сырткы кыймылдар: денени бышыктыруу, соккуларды кайталоо менен отуп жатпайбы. Мындай мектептерден кимдер тарбияланып чыгат

Албетте, кара кучуно, уйронуп алган ыкмаларына таянган, желопко, кучтуулугун, ылайыгы келген-келбеген жерлерде эле, эл козуно корсотууго умтулган зоокурлор чыгат.

Чыныгы устаттар эл арасында жашай беришкен копчулук катары кор тириликтен колун узгон эмес., ошону менен катар адеп-ахлаттык, руханий байлыгы жагынан кобунон жогору турган. Ачык мелдештерде ушу боюнча устаттар эл козуно чыгып, онорлорун корсотууго эч умтулбаган.

Кытайдын бир ылакабы бар: «Зор куч кубаттуулук — акылмандуулукту ойготот».

-Сиз кайсынысы менен кобуроок машыкансыз? Каратэ мененби же ушу менен кобурок машыкансызбы?

-Аныгын айтканда, менин устатым, карып калган кытай чал — мага ушуну уйроткон. Кийинчерээк, каратенин, кун-фунун ыкмалары менен аздыр-коптур таныштым.

-АЛ ЭМНЕ ЧАЛ, ЭЛЕ, сиздин устатыныз? Хабаровискиде жашоочу беле?

-Шаардын озундо жашабай калсын.

Тайгада жашоочу . Дерси Узалага окшогон киши болучу да.

-Арсеневдин китебин окугансынбы: «Дерсу Узала» деген?

-Жок.

-Эгерде кезиктирип калсан, сосуз окуп чык. Абдан кызык китеп. …

Ччытырман тунт токойдо озун ээн-эркин сезген, адамдардын коомуна туш келсе — жатыркаган, жалгыздыкты, таза абаны, эркиндикти суйгон озгочо муноздогу адамдар болот.

Буларды орустар ар кандай айтышкан: «отшельниктер» , «странниктер» , «бродягалар» , Орто Азияда болсо, кыскача гана: дербиш деп койсо керек эле….

-Ал эмне тайгада жалгыз жашагандан коркчуу эмес беле? Тайга токой сыяктуубу?

-Эмнеге корксун! Тайга ага уйундой…Аай, балакай тайга деген тушунук коз алдына даана тартылбай жаткандыр. Тушуном….Жакындан корбосон, ошол да. «Токой» деп айтуу салмагы жок создой. Мындайча айтканда: тайга — токойдун бабасы. Жуздогон миндеген жан-жаныбарлары, жырткычтары жашаган озунчо мамилекет.

-Жолборстор да барбы?

-Алар сосуз болот да . Тайганын кожоюну эмеспи.

-Ой-ий! Укмуш экенго анда!…Тиги, сиздин устатыныз? Кытайлык чал? …Ал омур бою жашап келген бекен тайгада.?

-Анын омурун эч ким так билбейт. Илгери, жаш кезинде келген имиш Кытайдан. Кытайлар кооп келиптир. Дениз жээгиндеги бул аймак, канча бир чакырымга созулуп жаткан озуно бир байлык. Жаратылыштын адамдарга тартылууган айрыкса белеги. Ар ким оз жерин суйуктуу.

 

Мына, силердин жеринер да отоо кооз! Кулпурат, тимеле.

Бирок, табигатынарда, адамдарынарда да кандайдыр бир жумшактык, коймааректик муноз бар экен. Жаратылышы кандай болсо, андагы жашаган кишилери да ошондой окшош.

Ал эми, биз жакта — табигат да, адамдары да катаал. Аны бала чагымдан бери оз башымдан откоруп келе жатпаймынбы.

-Володия кийинки создор оозунан чыгаар-чыкпас мезгилде доошу озу гана туюп журчу бир муундун элесин билдтргендей саал дирилдей тушту. Созун токтоткон жок — Мен болсом: бир уйдун ээлерин катаал деп акарат айткым келбейт, анткени, жамандыр-жакшыдыр багып остурушту.

Тарбия — катуу таяк менен ачуу тил болду. Мага дароо эле ат коюп алышты: «Китаец» деп. «Китаец, отун жарып кел» Китаец, суу алып кел!» Дегенден болокту куан жокмун. Он тортумдо уйдон бир отоло качып кеттим. Хабаровискиден бир топ алыс, поюз менен жол журуш керек, бир стансия бар — тайгага жакын, ошол жерден тушуп калдым. Ошол жерден, жанаа, мен айткандай кытайлык чалга жолуктум. Мен азыркыга чейин тан калам: эмнеге коп жерден ошол стансиягатуш болдум деп?

Кыязы, мени периштелер жетелеп барса керек ошол жакка. Мына, сенин балакай козундон баамдап турам: сен бардар кишинин баласысын кир койнок устуно салган жоксун, тамак ашын дайын, каалаган нерсенди дароо тап беришет.

Муну эмнеден билдим: жанатан бери эч коркпой — уркпой суйлоп олтурасын. Демек , ата-энен сени ашыкча эркелетпесе да, ээн-эркин тарбиялаган. Мына ушунун озу эле негиздуу жагдай. Анткени, бала осуп келаткан чырпыктай: анын жолун туш-туштан сагалаган бутактар кун шооласын калкалабай, ээн-элкир оссо, ички дуйносу да ээн-эркин дем алат.

Кулуп атасынбы балакай, коруп турам!… Тан калып атасан керек, мунун баарын кайдан билип койду деп? Ишенип кой, мен сени биринчи ирет жолуктуруп олтурам. Тек, мунун себеби жонокой:

Турмуштун озу чон мектеп. Бар болгону, ага кайдыгер мамиле менен сыртын салган кишидей эмес, баамдап, терен коз жугуртушу заарыл, мына ошондо гана турмуш озунун терен катылган барактарын сага ачып берет.

Анан, бир нерсени унутпа:

Мен селсаякмын. «По жизни босяк» дегенди тушунорсун. Ал эми, биртике «чердагы» иштеген баамчыл селсаяк тез эле аркы-беркини илип алат. Тажырыйба топтойт, бирок байлыкты эмес. Копчулугу селсаяк боюнча калат. Анын устуно, эрте жашыман аралашпадымбы тентимиш жашоого. Турук алган бир жерим, дуйнодо ага-тууганым жок. Бирок, бир нерсени унутуга болбойт, кайталангыс жакшы адамдар бар дуйнодо, алар дайма кезигет, бар болгону, аларды жанындан байкабай откоруп жибербешин керек: алар козго коп чалынбаган, карапайым келишет. Мына ошондон улам, адамдар аларды байкашпайт.

Эн окунучтуусу ошол.

-Жанагы кытай чалга жолукканынызды айтып берсениз? -окуянын кызыктуу жерин эртерээк уккусу келип дилгирленген Рысбек оюндагысын «шарт» айта салды. Володия ага жооп кыла, мыйыгынан кулуп койду::

-Тестиер балдардын бир озгочолугу: ангеменин же окуянын сырткы денени дуркуроткон кызыктуу жерлерине конул бурушат. Озогуно кызыкпашат. Ушу менен машыкканы жаны келген адам да ошондой: Чыгыштын атактуу жекеме-жеке курошунун ички терендиктерин тушунууго аракет кылбай, дароо эле ыкмаларын уйронгонго ашыгат.

А,бул болсо, эн негизгиси кемчилик.

— Чалбы?

-Оо, ал киши озгочо жан болчу!…Кандайдыр бир себептерден улам, балким, тагдырдыр мекенине кайтпай калыптыр. Ким экендиги, кайдан келгендиги тууралу алакандай кагазы колунда жок немени жергиликтуу бийликтин ээлери аябай куунтукка алыптыр. Кылмыш кодексинде мындай бир статья бар. «Селсаяктык же кайырчылык кылуу, же болбосо башкача мителик турмуш откоруу» -деген . Мисалы, торт айдан ашык иштебей журуп алсан, бир жылдан эки жылга чейин моонотко эркинен ажыратууга чейин барышчу. Кытай чалды да эки жылга абакка олтургузушкан.

-Кантип ошондой болсун? Жон эле жургон кишини?

-Мыйзам ошондой тууган, мыйзам… Коркуп менден качып кетпесен, сага жашыруун турдо бир нерсени айтамын: Мен да олтургам ушул статья боюнча.

Бала менен Володя тиктеше калышты. Володянын карегинде куукай кулундоо., баланын коздорундо кумонсунууго окшогон ой.

-Эмне, ишенбей турасынбы? Чын айтам. Жалган айтканды озум да жек кором….Коркуп кеткен жоксунбу?

-Эмнеге коркмок элем?

-Анын жакшы экен….. Адатта турмодо олтуруп келгендерди жалангычтай корушот эмеспи. Эх, тууган! А, мен эркин жашоону жакшы кором!… Чал экообуз тайгада жашап турганыбызда, мергенчилик кылчуубуз, балык уулайбыз , жайында жер жемиш чогултасын — эркин жашоо!…

-Ошол мезгилде камаштыбы сизди?

-Ооба….Ошол мезгилде. Чал — ушунун тупку сырларын мага уйротууго тырышчу, а, мен сендей болуп эртерээк коргонуу, сокку беруунун ыкмаларын уйронууго далалат кылчумун. Чал мага дайма:

«Духунду бекемде, жалтактап артына караба!» -деп эскертчу. Анткенинин жону бар болчу: мен чалдын тайгадагы устундардан ашталып жасалган кичинекей уйунун босогосун аттаганымда, ким элем? Баш которгонго жарабаган, ар кимдерден таяк жеп кочодо калган жетим кучук сынары — жалтак, журогу ушугон, жарым жан, курсагы ач, илмейген бала болчумун.

Чал ошону сезди. Кексе чал алгач мени куч кубатка келип, анан, ички духумду ойдо которулушуно комок берууго тырышты. Бир кынкылдаган алсыз кучукту , жылуу уйго киргизип, курсагын тоюндуруп койсон, ал эмне кылат? Борсулдап уруп, уй-ичинде жан алы калбай жугурот, буюмдарды тиштегилеп ойнойт, кыскасы, тентектик кылат.

Чалды тааныгандар — «Чен» деп коюшчу, бул анын чыныгы атыбы, билбейм. Мен аны атынан айтчумун, ушуга экообуз тен конуп кеттик. Мен азыр да ойлойм: Чен мага эмнеликтен Чыгыштын байыртадан бери келаткан уруш искуствосу болгон — «ушуну» уйроту экен? Мени ушу жалган дуйнону коз ачып коргондон бери жанчылган духумду котореусу келгендир.

«Ушуну мен Тибеттик манахтан уйронгом» — дечу. Алтымыштан ашканына карабай, карагайларга мышыктай тырмышып, эн кылдын учуна заматта чыгып кетчу. Мени да ошого мажбурлай турган.

«Сен озундун салмагынды, олдоксондугунду унутууга тийишсин» -дечу, Чен.: -«Биз барбыз: айбанаттар, адамдар бирдейбиз. Адам жан-жаныбарлардан да сезгич, ыктуу, шамдагай болуусу керек. Жаратылыш булардын баарын бизге берген. Биз кылымдар отуп, бактын башындагы жемишти алуудан эринип, жалко тартып кеткенбиз» . Мына, ушинтип айткан, Чен.

Сен , Рысбек, тажап кеткен жоксунбу, менин таржымалымды угуп олтуруп. Балким уйго кайтаар малын келгендир.

-Жок! Жок! — уйкудан «селт» чочуп ойгонуп кеткендей жооп кайтаргыча шашат Рысбек. -Чен азыр тируубу?

Володянын жузу мунга кошоголоно тушот. Эриндери билинер-билинбес кыймылдайт.

-Алты жыл отту — бул дуйнону таштап кеткенине — курсунот Волдя. -Алты жыл болду жер кезип жургонумо. Чен жок, мага дуйнонун кызыгы жоктой. -Озунон кайгылуу ойду алыстатууга кылган аракетидир — башын силкип, жузуно кулку жугурто, тымып олтуруп калган балага тигилет: -Сен, Чолпон-Атанын каягында турасын? Уйун алыспы?

 

Анча деле алыс эмес. Чон жолдун ойдо жагында.

-Озунузчу?

-Менби? — куло суйлойт Володя: -Ырас бул жер тайга эмес, бирок жашоого болот. Мобул дем алуу уйунун кайыктар станциясы бар, ошонун бир комутундо жашайм. Анда иштеген балдар мага ишенип кете беришет, туной турган акысына кайтарып берем кайыктарын. Туну, кол сонун! Укмуштай жымжырт!.. .Эч ким сенин оюнду бузбайт. Азырынча мага дал ушундай жай керек, андан кийинкисин турмуш озу корсотот….Сен эми, уйуно бар балакай? Мен сени ансыз деле озумдун ангемем менен кармап койдум окшойт. Эртен менен дайыма чуркайсынбы?

-Дайыма.

-Анда, мындай кыл….Тан ала бурул болгон кез. Жылдыздар ободо суюлуп, Чолпон ондуу бирин-серин жылдыз калып, мына-мына, тан атайын деп калган маал болот. Дал ушул маал — жер жузундогу, баардык жандууларга, жер, осумдукко, жан-жаныбар, адамдарга эн кубат бере турган касиеттуу учур. Менин Чыгыштын байыркы искуствосу — ушу тууралу айткандарыма кызыгып калганынды коруп турам. Эркинди сынай турган алгачкы сабак — жылдыздар тарап кете электе ойгон . Мени тушундунбу балакай?

-Тушундум! — суйунучтуу кыйкырып ийген бала.

-Тушунсон, анда уйуно чурка. Бирок, экообуздун суйлошконубузду эч кимге айтпа. Эртен мененки жолугушканга дейре, Рысбек!

 

Жакшы калыныз! — муну чуркап баратып айтты, бала.

Суйунучтуу сезимден коодону кысылат. Конулу элепжелеп. Мына, кандай кутулбогон жолугушуу! Володя! Чен! Кандай укмуш адамдар! Байкуш Чен!…Кун эртерээк эле батса….

-Тундосу туш корду бала…..Ченди корду. Ал олбой эле типтируу боюнча, нымдан карарып кеткен карагайлар менен ашталган чакан уйунун алдында олтуруптур. Колун которуп койду. Салам айтканы го.? Аны кайдан таныйсын? Бир маалда, устуно кийген кара чапаны суйролуп, Чен токойду аралап жоноду. Бала артынан баратат. Тобосу кок тиреген зор карагайдын астына токтоп, Чен аны карап турган балага ууртун бырышка толтура жылмайды да, колундагы узуун таягын жолоп коюп, ана-мына дегенче, карагайдын кылдай учуна чыгып кетти. Рысбек башын чалкалатып, жогору караса: чалдын караны сербейип, козго аран суртулот. Ал жерде эмне бар?

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE