Пример HTML-страницы

Ошто атайын операциялар отрядынын командири, полковник Жыргалбек Жумалиев ардактуу эс алууга узатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы ички иштер органдарында 36 жылдан ашык кызмат өтөгөн кызматкер — ИИМдин Атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун Ош облусу боюнча атайын операциялар отрядынын командири, милициянын полковниги Жумалиев Жыргалбек Болотбековичти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узататты.

Иш-чарага башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсан Камчиев, өздүк курам жана ардактуу эс алууга узатылып жаткан кызматкердин жакындары жана ардагерлер катышты.

Нурланбек Бурканов кызматкерге ийгилик каалап, ардактуу эс алууга узатылып жаткан кызматкер дайыма кадырлуу ардагер болуп кала бере турганын белгиледи.

Жыргалбек Жумалиевге өздүк курамдын жана келген коноктордун атынан баалуу белектер тапшырылып, каалоо-тилектер айтылды.

Салтанаттуу азем башкармалыктын кызматкерлеринин саптык жүрүшү менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE